3-март Бүткүл Дүйнөлүк тубаса кемтик ооруларын алдын алуу күнү

UNCT-KG-UNICEF-WBD©UNICEF/Kyrgyzstan/2016/Simon Lister

Бишкек, 2 март 2017 - Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору 3-март Бүткүл Дүйнөлүк тубаса кемтик ооруларын алдын алуу күнүнө карата маалымат жыйынын өткөрдү.

Бүткүл Дүйнөлүк тубаса кемтик ооруларын (ТКО) алдын алуу күнүнүн максаты - аталган маселеге коомчулуктун, саясатчылардын башкача айтканда, чечим кабыл алуучулардын көңүлүн буруу, келечектеги ата-энелердин ооруну алдын алуу жөнүндөгү маалымдуулугун арттыруу.

Кыргызстанда күн санап балдардын өнүгүү аномалиясынын (бузулуусу) жайылуусу тынымсыз өсүп, ата-энелерге жана мамлекетке оор жүк болууда. Тубаса кемтик оорулары 2016-жылы 18% ы, башкача айтканда, жалпы ымыркайлар өлүмүнүн 1/5 ин түзөт. Тубаса кемтик ооруларына болгон майыптык 17 жашка чейинки жалпы майыптуулуктун 26,2% ын түзөт. Балдардын арасында аныкталган тубаса кемтик ооруларынын ичинен жүрөк жана кан айлануу системасынын тубаса аиомалиялары биринчи орунда, ал эми нерв түтүгүнүн кемчиликтери экинчи орунда турат.

Тубаса кемтик ооруларынын 50% ы белгилүү жана алдын алуунун илимий негизделген чаралары бар. Жөнөкөй иш-чаралар ооруларды алдын алууга жөндөмдүү. Эне болууну пландаган аялдарга дайындалган фолий кычкылы, байытылган унду колдонуу жүлүн-мээ чуркусунун (нерв түтүгүнүн кемчиликтери) тубаса кемтик ооруларын алдын алууда тастыкталган каражат. Сапаттуу йоддолгон тузду колдонуу балдардын мээ жабыркоосу менен төрөлүүсүн, кыймылдоо, угуу функциялары жана акыл-эс бузулуусун алдын алууга көмөктөшөт. Кош бойлуу аялдын спирт ичимдиктерди колдонуудан баш тартуусу ымыркайлардагы жүрөк ооруларынын өнүгүү коркунучун азайтат. Өз учурунда кызамыкка каршы эмдөө алуу жүрөк-кан тамыр жана нерв системасынын ооруларын, көрүү жана угуу органдарынын тубаса ооруларынын өнүгүүсүнүн алдын алат.

Тубаса кемтик ооруларын азайтуу иш-чарасы экономикалык жактан натыйжалуу. БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) изилдөөлөрүнө таянсак, Кыргызстан тарабынан тамактануу иш-чарасына салынган 1 сом унду байытууну кошкондо, пайда 16 сомду түзөт. Ал эми адамдардын ден соолугуна, жашоосунун сапатына жана бүткүл өмүрүнө таасир берүү үчүн өткөрүлгөн алдын алуу иш-чараларынын салымы баа жеткис.

Кыргыз Республикасынын “Нан бышыруучулар унду байытуу жөнүндөгү” Мыйзамын толук түрдө ишке ашыруу, Кыргызстан базарларын жогорку жана биринчи сорттогу байытылган унга толтуруу, жүлүн кемчиликтери менен төрөлгөн балдардын санын 30%-70% га азайтууга жөндөмдүү. Бул көрсөткүч Улуу Британия жана Канада сыяктуу азыктарды байытууну кабыл алган өлкөлөрдүн тажрыйбасында болгон. Кыргызстандагы ундардын көпчүлүк бөлүгү Казакстан жана Россиядан алынып келинет. Евразия экономикалык биримдигинин деңгээлинде кыргыз базарын байытылбаган ундан коргоо маселесин көтөрүү зарылчылыгы келип чыгууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышына БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) мыйзамды ишке ашыруу үчүн туруктуу механизмдерди иштеп чыгууга техникалык жардам берүүдө.