СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү: Менин ден соолугум, менин укугум

UNCT-KG-UNAIDS-quiz

2017-жылдын 29-ноябрында Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө арналган Quiz Night интеллектуалдык оюну өттү. Оюн “Ден соолукка укук” контекстинде болду.

Quiz Night оюнун БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) өлкөлүк кеңсеси Медиа полиси институту менен биргелешип уюштурду.

Сизге маалым болгондой, 2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү “Ден соолукка укук” темасына арналган. Ден соолукка укук – бул ар бир адамдын дене бой жана психикалык саламаттыгынын эң жогорку жетимдүү деңгээлине болгон укугу. Бул укук 1966-жылы кабыл алынган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пактта бекитилген. Бул ар бир адамдын, анын ичинде ВИЧ менен жашаган же ага кандайдыр бир тиешеси бар адамдын ооруну алдын алууга жана дарыланууга укугу, өз саламаттыгы тууралуу чечим кабыл алууга укугу жана эч кандай басмырлоосуз сый-урмат жана татыктуу мамилеге укугу.

Сапаттуу медицина бардыгы үчүн бирдей жеткиликтүү болушу үчүн бул укуктар глобалдык саламаттык сактоонун чордонуна коюлган учурда гана СПИД коомдук саламаттык үчүн коркунуч катары каралбай калат.

“Ден соолукка укук” чөйрөсүндө эң такшалган деген наам үчүн интеллектуалдык таймашка 18 команда катышты. Оюндун жүрүшүндө командалар 20 суроого жооп беришти. Командалар журналисттерден, медиа эксперттерден, жарандык активисттерден, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн куралды.

Бул кече жарк эткен тамашалар, интеллектуалдык атмосфера жана татаал суроолор менен катышуучулардын эсинде калды. Оюндун жеңүүчүсү деп 18 балл топтой алган “No comment” командасы табылып, 36 000 сом көлөмүндөгү байге фондуна ээ болду. Экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген командалар атайын белектер менен сыйланды.

ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин директору Мээрим Сарыбаеванын айтымында, журналисттер жана медиа эксперттер арасында ушул өңдүү иш-чараларды өткөрүү ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону жоюу үчүн жагымдуу чөйрөнү калыптандырат.

Эгерде сизге кошумча маалымат керек болсо, Мээрим Сарыбаевага sarybaevam@unaids.org электрондук дареги боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз.