Айлана-чөйрөнүн абалын жана анын Кыргызстандагы ден-соолукка тийгизген таасирин баалоону колдоо боюнча семинар

WHOWHO

2017-жылдын 11-12-октябрында Кыргызстандын Бишкек шаарында айлана-чөйрөнүн абалын жана анын Кыргыз Республикасындагы ден-соолукка тийгизген таасирин баалоо (EHIA) боюнча дараметти күчөтүүгө арналган семинар өткөрүлдү. Ал  ДССУнун Германиянын Бонн шаарындагы айлана-чөйрө жана ден-соолукту коргоо боюнча Европа борбору жана ДССУнун Кыргызстандагы Өлкөлүк кеңсеси тарабынан уюштурулган. Семинар улуттук дараметти бекемдөө үчүн практикалык интерактивдүү иш-чара катары иштелип чыккан.

Ден-соолуктун экологиялык детерминанттары ДССУга мүчө болгон Европа аймагынын көптөгөн мамлекеттериндеги оорулардын басымдуу болушунун, анын ичинде жалпы аймак боюнча жылына 1,4 миллионго жакын мезгилден эрте өлүмгө учуроонун себептери болуп саналат. Борбордук Азия өлкөлөрү да мындан сырткары калган жок, мында айрым тобокелдик факторлору аймакта өтө курч мүнөздө экендиги белгилүү (мисалы, абанын булганышы жана сууга, санитарияга байланышкан тобокелдик факторлору).

Саламаттык сактоо тармагы ден-соолукка болгон экологиялык коркунучтарды баалоо жана ага жооп кайтаруу үчүн саясат жаатындагы ишенимдүү маалыматтарга, шаймандарга, техникалык мүмкүнчүлүктөргө жана так аргументтерге муктаж. Айлана-чөйрө сектору менен гана эмес, калктын арасында ден-соолук детерминанттары кандайча түзүлүп, тарала тургандыгына таасир эткен башка тармактар менен да диалог түзүү зарылдыгы бар.

Аналитикалык ыкмалар жана шаймандар

Бул максаттарга жетүүгө багытталган иш-аракеттерди колдоо максатында айлана-чөйрө, саламаттык сактоо жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы азыркы тенденциялар менен түзүмдөрдү талдоодон тышкары катышуучуларга ар кандай шаймандарды жана программалык топтомдорду колдонуу менен аналитикалык ыкмаларды пайдалануу, анын ичинде  R (программалык камсыздоонун заманбап, эркин таап алса боло турган топтому), Excel жана AirQ + негизиндеги шаймандарды колдонуу ыкмаларынан мисал келтирилди. Бириккен Королевстводогу Эксетер университетинин колдоосу менен өткөрүлгөн семинар бардык катышуучулардын ар кандай мисалдарды колдонуу аркылуу айлана-чөйрөнүн булганышы менен климаттын өзгөрүшүнө байланышкан факторлордун өлчөнүүчү таасирин баалоону өткөрүүсүнө багытталды.

Семинар, негизинен, коомдук саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын, илимий чөйрөнүн кызматкерлери менен практик-адистерине, ошондой эле башка тармактардын адистерине арналды.

Семинарды даярдоо жана өткөрүү жарымы англисче, жарымы орусча болгон материалдардын жыйнагына негизделген. Ал катышуучуларга веб-тутум аркылуу көрсөтүлгөн. Материалдар региондогу айлана-чөйрө жана ден-соолук жаатындагы дараметти андан ары күчөтүү, ошондой эле аралыктан окутууну колдоо максатында туруктуу ресурс болуп калуу үчүн кошумча түрдө иштелип чыкмакчы.