Кеңири жеткиликтүү болгон тамак-аш Кыргызстандагы ден-соолук үчүн чоң тобокелдикти жаратууда

WHOWHO

ДССУнун жаңы отчетунда көрсөтүлгөндөй, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы кеңири таралган көчө азык-түлүктөрүндө транс-майлар менен натрийдин жогорку деңгээлде болушу көп учурайт.

Кыргызстандын борбор шаары болгон Бишкек шаары базар жана көчө ашканасынын бай маданиятына ээ болуп саналат. Базарларда көчөдө сатылган тамак-аш өтө кеңири кездешет жана бул калк үчүн тарыхый жактан алганда маанилүү тамактануу булагы болуп келгендиги менен шартталат. Бул базарлар жашылча-жемиштердин жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн чечүүчү мааниге ээ  болуп эсептелинет.

Тилекке каршы, кеңири таралган жана бардык жерде кездешкен, жегенге даяр болгон айрым азык-түлүктөр аларды такай жеген адамдардын ден-соолугуна зыян келтириши ыктымал.

Өнөр жайлык транс-майлар менен натрий жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдигин жогорулата тургандыгы аныкталган. Бул оорулар Кыргызстандагы өлүмгө алып келген учурлардын 49% түзөт жана өлүмгө дуушар болуунун негизги себептери болуп саналат.

Жалпы шаар боюнча базарларда жеткиликтүү болгон азык-түлүктү талдоо анын курамы жана аны тамакка колдонуудагы таасири туурасында маалымат алууга мүмкүнчүлүк берди.

ЖЭО жогору деңгэээлде таралышы

Жалпысынан алганда, Кыргыз Республикасы жугуштуу эмес оорулардын барган сайын кеңири таралышына дуушар болууда. Тузду ашыкча колдонуу сыяктуу диеталык тобокелдик факторлору бул өсүштө маанилүү ролду ойнойт. Натыйжада Бишкектеги азык-түлүктүн курамын жакшыртуу маселеси кыйла актуалдуу экендиги талашсыз.

Көчөдө сатылган тамак-аш буга чейин, негизинен, тамак-аштын коопсуздугуна көбүрөөк көңүл буруу менен изилденип, диеталарга таасир этүү маселелерине көңүл бурулган эмес. Кыргызстандын отчетторунда арзан, тоюмдуу көчө тамак-ашы жеткиликтүү болушуна көмөк көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн болгон жаңы маалыматтар берилген жана алар жөнгө салуунун айрым чаралары көрүлүшүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат. Бул ЖЭОну жана ДССУнун Европа аймагындагы ири шаарларындагы ден-соолукка карата теңсиздикти болтурбоонун маанилүү аспекти болуп саналат.

Өтө туздуу тамак-аш

Калк керектелүүчү тузду көбүнесе тамак-аш жасаганда кошулган же иштетилген тамак-аштан алат.

Көчөдө сатылган азык-түлүктү изилдөө көрсөткөндөй, аларды саткан адамдар үй тамактарын жасоодо тузду өтө көп кошушат. Көптөгөн өнөр жай азык-түлүктөрүндө да туз ашыкча колдонулат. Мисалы, бир тарелка салттуу камырда 80 мг туз болгону аныкталган, бул болсо бир порцияда күнүмдүк колдонулушу керек болгон өлчөмдүн 99 пайызын түзөт.  

1 порцияда күнүнө 170% транс-майларды колдонуу

Өнөр жайлык өндүрүштөгү транс-майларды камтыган кууруу үчүн жана кулинариялык майлар Бишкектин базарларында сатылып жаткан азык-түлүктө кеңири колдонулат. Изилдөө көрсөткөндөй, өнөр жайлык өндүрүштөгү вафлилердин порциясында сунушталган күнүмдүк керектөөнүн 170% рөлчөмүндө транс-майлар бар экендиги аныкталган, бул болсо жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдиктерин кыйла жогорулатат.

ДССУ глобалдык азык-түлүк менен камсыздоодон өнөр жай өндүрүшүндөгү транс-майларды толугу менен алып салууну колдойт.

Алкоголсуз суусундуктар кеңири жайылтылган

Көчөлөрдө суусундуктардын көптөгөн түрү сатылат, алардын арасында алкоголсуз суусундууктар басымдуулук кылат; алар суусундуктарды саткан соода аянтчаларынын жарымынан көбүндө сатылат. Бул тынчсызданууну жаратпай койбойт, анткени, белгилүү болгондой, алгоколсуз суусундуктардын курамында шекер көп жана алар өспүрүмдөр менен балдардын рационундагы кошумча шекердин негизги булагы болуп саналышат.

Кошумча шекер энергияны ашыкча сарптап, салмактын оорлошуна алып келет, экинчи жагынан – жүрөк-кан тамыр оорулары жаралышын шарттайт.

Эмне кылуу зарыл

Отчетто көчөлөрдө сатылган азык-түлүктөрдүн тамак-аш катары баалуулугун жакшыртуу зарыл деген жыйынтыкка келишкен. Ошол эле убакта рыноктук сатуучулардын салттуу диеталарды кармоодогу жана жашылча-жемиш сыяктуу азык-түлүктөрдүн жеткиликтүү болушун камсыздоодогу маданий ролун коргоо да маанилүү болуп саналат.

Көчөдө сатылган азык-түлүктөрдүн курамында туз менен транс-майлар азыраак болушуна жетишүү иштин стратегиялык башталышы катары каралса болот. Ошол эле убакта  жашылча-жемиштерди көбүрөөк сатууну илгерилетип, мектептердеги жана башка жерлердеги таттуу алкоголсуз суусундуктардын сатылышын чектөө пайдалуу болуп саналат.

Отчет жөнүндө маалымат

ДССУнун отчетунда FEEDCities, ДССУ долбоорунун алкагында Кыргызстандын Бишкек шаарында жүргүзүлгөн статикалык (кросс-секциялык) изилдөөнүн жыйынтыктары берилген. Ал 2015-2020-жылдарга карата Европа аймагы үчүн тамак-аш азык-түлүктөрү жаатындагы саясат боюнча иш-аракеттер планын пайдалуу тамак-аш менен суусундуктар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, эпидемиялык көзөмөлдү, мониторингди, баалоону жана илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү сыяктуу максаттарга жетүү боюнча маалымат берүү жолу менен жүзөгө ашырууну колдойт.

Бул изилдөө Россия Федерациясынын өкмөтү менен ДССУнун Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча Европа бюросунун каржылоосунан аркасында жүргүзүлдү.

ДСУУнун Кыргызстандагы Өлкөлүк кеңсеси менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2016-2017-жылдардагы Эки жылдык кызматташуу жөнүндө келишимдин алкагында изилдөөнүн аткарылышына көмөк көрсөтүштү.