Бишкекте БУУ БКБ колдоосу менен жарандык коом уюмдарынын адамдарды сатууга каршы туруу боюнча алгачкы форуму өтүүдө

UNCT-KG-UNODC-30062017

БИШКЕК, 2017-ЖЫЛДЫН 30 МАЙЫ – Алгачкы ирет өткөрүлүп жаткан форум  Кыргыз Республикасынын жети облусунда адамдарды сатуунун алдын алуу маселелери боюнча иш алпарган 41 жарандык коом уюмунун өкүлдөрү үчүн дискуссиялык аянтча болуп саналат.

“Эл агартуу” коомдук бирикмеси БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы Европа Биримдигинин (ЕБ) каржылоосу менен ишке ашырып жаткан Адамдарды сатуу менен мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнүн алдын алуу жана ага каршы туруу боюнча глобалдуу программа (GLO.ACT) менен өнөктөштүктө ушул иш-чараны өткөрүүдө.

Форум GLO.ACT программасынын Кыргыз Республикасында ишке ашырыла баштоосун утурлап уюштурулган. Анын иши 2017-жылдын 31-майында башталмакчы.

«Биздин уюм 10 жылдан бери адамдарды сатуунун алдын алуу маселелери боюнча иштеп келе жатат. Бүгүнкү күндө жарандык коомдун күч-аракетин бириктирүү зарылдыгы келип чыкты, анткени жарандык коомдун катышуусу адамдарды сатууга каршы күрөшкө комплекстүү мамиле кылуунун эң бир маанилүү компоненти болуп саналат”, - деген пикирин билдирди ушул форумду уюштуруунун демилгечилеринин бири болгон “Эл агартуу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Түлөгабылова Нуржан.  

«Жарандык коом адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруудагы маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп саналат”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев. «Биз бул Форум жарандык коом менен мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга карата программасын ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп үмүттөнөбүз”.

Форумдун катышуучулары жарандык коом уюштурган адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча көпчүлүк демилгелер менен иш-чаралар, анын ичинде калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар Өкмөттүн бул жааттагы иштеринин активдешине, ошондой эле калктын кеңири катмары менен тобокелдүү топтордун маалымдуулугун арттырууга чечүүчү таасирин тийгизгендигин баса белгилешти. Белгилүү болгондой, адамдарды сатуудан жабыр тарткандар көп учурларда эң алгач жарандык коомго жардам сурап кайрылышат. Ошондон улам бул форумдун эң негизги максаты - жарандык коомдун адамдарды сатуунун алдын алуу жаатындагы иш-аракеттерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга карата программасынын тийиштүү пункттарын ишке ашырууну координациялоо үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү болуп саналат.

Адамдарды сатуунун жана мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча глобалдык иш-аракеттер планы GLO.ACT – бул Европа Биримдиги (ЕБ) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) биргелешкен демилгеси. Ал төрт жылга эсептелинген жана бюджети 11 миллион еврону түзөт. Долбоор Миграция боюнча Эл аралык Уюм (МЭУ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, Африка, Азия, Чыгыш Европа жана Латын Америкасынын он үч өлкөсүн кучагына алат. GLO.ACT демилгеси 13 өлкөгө адамдарды сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз алып келүүгө жооп кайтаруунун улуттук чараларын пландаштырып жана ишке ашырууга, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоону камсыздоого, соттук куугунтуктоону камсыздоого жана өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Кошумча маалыматты GLO.ACT сайтынан https://www.unodc.org/unodc/en/human-trafficking/glo-act/index.html дареги боюнча же glo.act@unodc.org электрондук дареги боюнча алса болот.

GLO.ACT жаңылыктарынан кабардар болуу үчүн Twitter: @glo_act.

***

Кошумча маалымат үчүн Коомчулук менен байланышуу жана ЖМК

менен иштөө боюнча координатор Василина Бражкого

кайрылсаңыздар болот: тел. +996 775 987817 же vasilina.brazhko@unodc.org