БУУ БКБ Кыргызстандагы коопсуздук жана кылмыштуулукту кыскартуу боюнча 12 чакан гранттар долбоорун колдоду

UNCT-UNODC-KG-Zhypara 2

БИШКЕК, 2017-жылдын 11-июлу – БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын “Алдын-алуу иш жүзүндө” аттуу чакан гранттар программасынын алкагында Кыргызстандын алты облусунун коомдук бирикмелери жана активисттери республикадагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган 12 долбоорду ишке киргизишмекчи.

«Кылмыштуулуктун алдын алуу – кеңири түшүнүк, ал өзүнө кылмыштуулукка жана анын курмандыктарына байланышкан тобокелдиктин себептерин жана факторлорун камтыйт жана укук бузуулардын алдында алсыз болууну, алар шарттаган мүмкүнчүлүктөрдү жана пайдаларды азайтууга багытталган”, - дейт БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) эл аралык координатору Кун Маркверинг.

«Коомчулуктун коопсуздугун арттырууга багытталган көпчүлүк иш-чаралар ошол коомчулуктун өзүнүн аракети менен аткарылса болот. БУУ БКБ тажрыйбасы көрсөткөндөй, жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер мыкты натыйжаларды берет».

Долбоорлор курамы мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнөн турган гранттык комитет тарабынан тандалып алынган. Алар Жети-Өгүз районунда (Ысык-Көл облусу), Сузак жана Кызыл-Туу айыл аймактарында (Жалал-Абад облусу), Нариман айыл аймагында, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда (Ош облусу), Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Аманбаев айыл аймагында (Талас облусу), Кулунду жана Үч-Коргон айыл аймактарында (Баткен облусу) ишке ашырылат.  

Тандалып алынган долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү деңгээлдеги башка тараптарга укук бузуулардын алдын алуу, жаштардын диний радикалдашуусуна бөгөт коюу, жаш кезинде никеге тургузуу тобокелдигин азайтуу, жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, калкты жол коопсуздугу эрежелери туурасында маалымдоо, жер-жерлерде, анын ичинде чектеш жайгашкан Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Гафур райондорунда, коомдук коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөтүүгө багытталган.   

БУУ БКБнын чакан гранттар программасы 2015-2016-жылдары БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана “Реформалар жана натыйжа үчүн” Жарандык союзу тарабынан ишке ашырылган кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды өнүктүрүү программаларынын уландысы болуп саналат. Бул демилге Кыргызстандын 12 пилоттук айылдар менен шаарларында ийгиликтүү ишке киргизилип, 245 миң тургунду кучагына алган. Былтыр биргелешкен пландарды аткарууга жергиликтүү бюджеттерден 14 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилген.  

Жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун программа ишке ашырылган аймактардагы кызматташуусу тыгыз болуп, укуктук тартип жаатындагы көйгөйлөрдү  биргелешип чече баштоосу, элдин милицияга болгон ишеними калыбына келиши мындай ыкманын натыйжалуу экендигин күбөлөп турат.

Айталы, участкалык милиционердин ролу абдан маанилүү болгон Лейлек районунун Максат айылында жергиликтүү калк менен айыл өкмөтү биргелешип ашар ыкмасы менен милициянын участкалык пунктун жана ошол участкалык милиционер үчүн үй куруп беришти. Ал эми Баткен районунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жашы жете электерди ар кандай иш-чараларды уюштуруу боюнча волонтерлук ишке тартышты. Бул болсо алардын лидерлик дараметин туура жана пайдалуу нукка буруп, рэкет менен алектенүү тобокелдигин азайтууга көмөкчү болду.

Жарандык союздун тең төрагасы Урмат Казакбаев программа чындап эле иштиктүү болуп жатканын, ошондон улам жер-жерлердеги калк, ЖӨБ жана милиция тыгыз кызматташып, көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечсе боло тургандыгына ынанып, аларда өз күчүнө ишенүү жана ийгиликке болгон шыктануу жаралгандыгын белгиледи. «Бул биргелешкен пландарды коомчулуктун муктаждыктары үчүн инвесторлорду, меценаттарды жана донорлорду издөө үчүн даяр долбоор катары эсептесе болот”, - деп белгиледи ал.

Чакан гранттар программасы БУУ БКБнын 2015-2019-жылдарга карата Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн программасынын алкагында АКШ Мамлекеттик департаментинин Баңгизаттардын эл аралык жүгүртүүсү менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча бюросунун (INL) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БКБ/ ROCA Коомчулук менен байланыш жана ЖМК менен иштөө боюнча улуттук

координатору Василина Бражкого

байланышса болот:

тел. +996 775 98 78 17, эл. почта: vasilina.brazhko@unodc.org