БУУ БКБ менен Кыргызстан спорт аркылуу жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу ишин биргелешип илгерилетмекчи

UNCT-UNODC-KG-Youth

БИШКЕК, 2017 - ЖЫЛДЫН 2 - ИЮНУ – Июнь айынын ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) эксперттери Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарынын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугуп, спорт менен машыгууга активдүү аралаштыруу аркылуу укук бузуулар менен баңгизат колдонуунун алдын алуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун аныктоого аракет жасалды.

Бишкекте Доха Декларациясынын Глобалдуу Программасынын, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн 2015-2019-жылдарга карата Аймактык Программанын алкагында өткөрүлгөн жолугушуулар БУУ БКБнын тобокелдүү топтордун катарында болгон жаштардын арасындагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган глобалдуу демилгесин ишке киргизүүдөгү маанилүү кадам болуп калды.

Аталган демилге спортко басым жасап, жаштардын турмуштук көндүмдөрүн байытуу, ошондой эле алардын кылмыштуулук менен баңгизат колдонуунун кесепеттери туурасында маалыматын арттыруу аркылуу ар кандай терс азгырыктарга туруштук берүүсүн жогорулатуу максатын көздөйт. Маалымдуулукту арттырууга катар эле бул иш-аракеттердин өзөктүү бөлүктөрүнүн бири - турмуштук көндүмдөр боюнча спортко айкалышуучу, илимий жактан негиздүү болгон 'Line Up Live Up' окуу программасы болуп саналат. Бул программа башка аймактарда, анын ичинде Борбордук Азияда ишке ашырылып баштаардан мурун тесттик режимде Бразилия менен ТАРда (ЮАР) колдонулмакчы.

Жолугушуу учурунда КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун жаштар саясаты боюнча орун басары Мирлан Парханов жаштарды турмуштук көндүмдөргө окутуп-үйрөтүү программасын ишке ашыруу жаатында БУУ БКБ менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.  Дене тарбия мугалимдери менен машыктыруучулардын бул программаны күнүмдүк ишинде жүзөгө ашырып турууга мүмкүнчүлүгү бар.

Пархановдун пикири боюнча, аталган демилге «2017-2030-жылдарга карата жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу компоненти боюнча өлкөлүк Иш-аракеттер Планын ишке ашырууга практикалык жана маанилүү салым кошо алат».

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим, Эмгек жана социалдык өнүгүү, ошондой эле ички иштер министрлиги бул сунушту колдоого алышты.

Андан тышкары, жаштарды өнүктүрүү жаатында иш алпарган бейөкмөт уюмдарынын көпчүлүгү жана Футбол Федерациясынын өкүлдөрү БУУ БКБга өз ишмердүүлүктөрү туурасында баяндап берип, бул болсо уюмга өз ишин жакшыраак уюштуруп, кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп көрүүсүнө шарт түзүп берди.  

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, БУУ БКБ штаб-квартирасынын укук бузуулардын алдын алуу  жана сот адилеттиги боюнча координатору Йоханнес де Хаан: «спорт жаштардын менталдык, дене-бойлук жана социалдык бакубаттуулугун гана жакшыртпастан, аларды турмуштук көндүмдөргө ээ болууга үйрөтүп, бул болсо коомго каршы жүрүм-турумга, кылмыштуулукка, зордук-зомбулукка, этностор аралык чыңалууга жана баңгизаттарды колдонууга байланышкан тобокелдик факторлорун азайтып, коргоочу факторлорду арттырууга жардам бермекчи», - деп белгиледи.

Жакынкы жылдарда бул жаатта бир нече иш-чараларды аткаруу пландалууда. Алардын ичинде жаштардын коопсуз жана дени сак коомду куруу үчүн өзгөрүүлөрдү илгерилеткен элчи катары активдүү иш алпаруусуна көмөктөшүү, ошондой эле жаштарга ылайык болгон спорттук демилгелердин санын көбөйтүү иштери да бар. Алар өнөктөштөр менен кызматташтыкта турмуштук тажрыйбаларды, жарандык баалуулуктарды, бейпил коомдорду жана укуктук тартип маданиятын илгерилетүү максатында өткөрүлмөкчү.

Additional information:

Doha Declaration Global Programme

Regional Programme for Central Asia 2015-2019

Sports against youth crime

UNODC in Central Asia

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук координатору

Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

моб. тел.: +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org