Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала аз кандуулуктан азап тартат

UNCT-KG-UNICEF_NUTRITION

Парламентарийлер майыптуулукту жана өнүгүүнүн тубаса ооруларын алдын алуу үчүн балдар арасында аз кандуулуктун деңгээлин азайтуу боюнча чараларды талкуулашты

Бишкек, 2017-жыл, 16-июнь. — Бүгүн КР Жогорку Кеңешинде “Нан унун байытуу жөнүндө” Мыйзамдын аткарылышынын жыйынтыктары боюнча парламенттик угуулар өттү. Ошондой эле балдар арасында аз кандуулуктун жана өнүгүүнүн тубаса ооруларын азайтууга багытталган сунуштар иштелип чыкты.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана CDC маалыматы боюнча, өлкөдө эки жашка чейинки курактагы балдардын 26% аз кандуулуктан жабыркашат. Аз кандуулук балдардын интеллектуалдык жана дене бой өнүгүүсүн кечеңдетип, келечекте аз киреше табууга өбөлгө болот. Мындан тышкары өлкөдө аялдардын 42% фолий кислотасынын таңсыктыгы байкалат. Организмде темирдин жетишсизидигинен улам пайда болгон аз кандуулуктан репродуктивдүү курактагы аялдардын 35% азап тартат. Аз кандуулуктун кесепетинен төрөттөн кийин аялдын каны токтотобой калат. Маалыматтар  боюнча, ар бир үчүнчү эне өлүмү кандын токтобой калуусуна байланыштуу болот.

“Кош бойлуу аялда фолий кислотасы жетишсиздигинин кесепетинен түйүлдүктүн нерв түтүкчөсүндө тубаса кемтиктер пайда болуп, бул баланын майып болуп төрөлүшүнө алып келет. Тубаса оорулар менен  төрөлгөн бардык балдардын арасынан нерв түтүкчөсүндөгү кемтик экинчи орунду ээлейт”, деп белгиледи КР Саламаттык сактоо министрлигинин ЭБКУБнын невропатологу Нурмухамед Бабаджанов.

Дүйнө жүзү боюнча тамактанууга инвестиция жумшоону өлкө жасай ала турган эң акылга сыярлык экономикалык чечимдердин бири катары караштырышат.

“Саламаттык сактоого кеткен чыгашаларды азайтуунун, экономикада жекече акча табуунун жана эмгектин жалпы өндүрүмдүүлүгүн потенциалдуу көбөйтүүнүн эсебинен тамактанууга жумшалган ар бир сомдон 16 сом табабыз десек болот. Тамактануунун жетишсиздигинен азап тарткан балдар күчтүү экономиканы кура алышпайт”, деп айтты Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин тамактануу маселелери боюнча адиси Дамира Абакирова.

Байытылган ун организмде темир, цинк жана фолие кислотасынын жетишсиздигинин алдын алуунун бирден бир арзан жана натыйжалуу методдору болуп саналат. Ундун байытылышы калк арасында аз кандуулуктун темир дефицитинин деңгээлин жана нерв түтүкчөсүнүн тубаса оорусунан жабыркаган балдардын санын 70% төмөндөтөрү далилденген.

“Нан унун байытуу жөнүндө” КР Мыйзамы темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулуктун жана нерв түтүкчөсүнүн тубаса ооруларынын деңгээлин азайтууга багытталган. Бүгүнкү күндө Мыйзам өз максатына жете элек.

Евразиялык экономикалык биримдигине кирүү шарттарында Кыргызстан ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдөн келген байытылбаган ундун агымына туруштук бере албай калды. Орусияда унду байытуу жөнүндө мыйзамдар жок. Казакстанда ун ички рынок үчүн гана байытылат. Кыргыз өндүрүшчүлөрү кошумча чыгашаларга карабастан, импорттолуп жаткан данга киргизилген кошумча нарк салыгы алынып салынган учурда унду байытууга даяр”, деп түшүндүрдү КР Жогорку Кеңешинин депутаты, калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстан парламентарийлеринин улуттук комитетинин төрагасы Осмонбек Артыкбаев. “Айыл чарба министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин аракеттери жетишсиз экени белгилүү. Кыргызстандагы энелердин жана балдардын саламаттыгын сактоо үчүн унду байытуу көп секторлуу мамилени жана жакшы координацияны талап кылат”, деп кошумчалады ал.

Парламенттик угуулардын жыйынтыктары боюнча 2015-жылдын мартында кабыл алынган “Нан унун байытуу жөнүндө” Мыйзамды аткаруу механизмдерин күчөтүү үчүн токтом кабыл алуу пландалууда. 

###

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан, Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарынан таба аласыз.