Кыргызстанда бала өлүмүнүн санынын азайган тенденциясы туруктуу бойдон калууда

UNCT-KG-UNICEF-Child survival_kg

34 төрөт үйүнө жана балдар бөлүмдөрүнө болгон сапарлар балдар өлүмүнүн саны 1 жылда орточо 13% азайганын көрсөттү.

Бишкек, 2017-жылдын 1 марты – Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарында КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, перинаталдык багуу, балдарга кам көрүү боюнча улуттук жана облустук эксперттердин катышуусунда тегерек стол талкуулары өттү. Бул талкууларда мониторинг жүргүзүү максатында уюштурулган сапарлардын жыйынтыктары тартууланды. 34 төрөт жана балдар үйүнө болгон сапарларга жасалган анализ көрсөткөндөй, 1 жыл ичинде балдар өлүмүнүн саны орточо 13% азайган.

2017-жылдын январь айында ымыркайларга эффективдүү перинаталдык кам көрүү, реанимациялоо, балдар ооруларына интеграциялуу көз салып туруу боюнча мониторинг жүргүзүү максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы 34 төрөт үйүнө жана балдар бөлүмдөрүнө сапарлар уюштурулган. Мониторингдер КР Саламаттык сактоо министрлигинин Көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлүп, аларга БУУнун Кыргызстандагы Балдар фонду (ЮНИСЕФ) техникалык көмөк көрсөтүп, Жапон өкмөтү каржылады.

Мониторинг учурунда эксперттердин командасы бөлүмдөрдүн инфраструктурасы, дары-дармек менен жабдуу оңолгонун, алгачкы реанимациялык иштерде жана чукул акушердик кырдаалдарда жардам көрсөтүү боюнча медициналык адистердин практикалык көндүмдөрү жакшырганын көрүштү. Эксперттердин командасына акушер-гинекологдор, педиатр-реаниматологдор, акушерлер, балдарды караган медайымдар, кан куюу боюнча адистер кирди. Мунун бардыгы энелер, ымыркайлар жана балдар арасында өлүмдөрдүн санынын көрсөткүчүнүн оңолушуна таасирин тийгизди. Мисалы, 2016-жылы Баткен облусунда балдар өлүмүнүн көрсөткүчү төмөндөп, 15,6‰[1] түздү (2015-жылы бул көрсөткүч 18‰ болчу). Ош облусунда энелердин өлүмү азайып, 32,8% түздү (2015-жылы 36,6‰ болчу).  Ымыркайлар арасында өлүмдөрүн саны 2015-жылы 9,8 ‰ түзсө, өткөн жылы 8,1‰ болду. Ал эми перинаталдык өлүмдөрдүн көрсөткүчү 2015-жылы 15,4‰ болсо, 2016-жылы 13,5‰ түздү. Жалал-Абад облусунда: энелер өлүмүнүн көрсөткүчү төмөндөп, 24,1‰ түздү (2015-жылы 45,9‰ болчу); ымыркайлар арасында өлүм саны азайып 15,6‰ түздү (2015-жылы 17,1‰ түздү).

Балдар бөлүмдөрдүн инфраструктурасын, дары-дармек менен жабдууну жакшыртуу, медициналык адистерди алгачкы реанимациялык иштерге жана чукул акушердик кырдаалдарда жардам көрсөтүүгө окутуу боюнча иш-чараларды ЮНИСЕФтин Жапон Өкмөтү каржылаган долбоорунун колдоосу алдында КР Саламаттык сактоо министрлиги ишке ашырды. Долбоор энелер жана балдар үчүн саламаттык сактоо тармагындагы өтө маанилүү кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу аркылуу медициналык жардам кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган. Бул болсо өз кезегинде социалдык чыңалууну азайтууга жана тынчтыкты бекемдөөгө салым кошмокчу. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Жапон Өкмөтү тарабынан 2,5 миллион АКШ долларына жакын каражат бөлүү тууралуу Алмашуу ноталарына 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган.

Мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, оң маанайдагы өзгөрүүлөр менен катар, айрым ооруканаларда эне-бала арасындагы өлүмдөрүн көрсөткүчү өскөн, ымыркайга жетиштүү деңгээлде кам көрүү үчүн зарыл жабдуулар жетишпейт, төрөт бөлүмдөрдүн саны эл аралык талаптарга жооп бербейт, неонатолог дарыгерлер жетишсиз, айрым оор абалдагы ымыркайларга жана энелерге туура эмес диагностика жасалып, туура эмес дарылоо болгон. Ушул жана башка көйгөйлөр мониторингдин жыйынтыктары боюнча өткөн облустук жумушчу кеңешмелерде талкууланды. Аларга 34 оорукананын башчылары, саламаттык сактоо боюнча координаторлор жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты. Талкуунун жыйынтыгы боюнча улуттук деңгээлде да, оорукана деңгээлинде да медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча практикалык чаралар иштелип чыкты.

ЮНИСЕФтин 2015-жылдагы «Жаңыртылган милдеттенмелер» Глобалдык отчетуна ылайык, 15 жылдын ичинде Кыргызстанда беш жашка чейинки курактагы балдардын өлүмүнүн саны бир кыйла азайды: 1990-жылы 1000 ымыркайдын 65и чарчап калса, 2015-жылы бул сан 21ге түштү. Ошентип жылдык төмөндөө 4,5% түздү.

 

[1] Промилл менен өлчөндү (аман төрөлгөн 1000 ымыркайга чарчап калган балдардын саны)