Дүйнөдөгү балдардын абалы, 2017: Санарип дүйнөдөгү балдар аттуу ЮНИСЕФтин отчетту жарыяланды

unct-kg-unicef-digitalreport

НЬЮ-ЙОРК/БИШКЕК, 2017-жылдын 11-декабры – Дүйнө жүзү боюнча үч интернет колдонуучунун бири бала. Масштабдуу онлайн болгонуна карабастан балдарды санарип дүйнөнүн коркунучтарынан коргоо жана коопсуз онлайн контентке жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аракеттер чабал. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин бүгүн жарыяланган толук форматтуу отчетунда айтылат.      

Дүйнөдөгү балдардын абалы, 2017: Санарип дүйнөдөгү балдар аттуу отчетто ЮНИСЕФ алгачкы жолу санарип технологиялардын балдардын жашоосуна таасирин тийгизген түрдүү жолдорго ар тараптуу анализ жасап, мындай технологиялардын коркунучтарын да, мүмкүнчүлүктөрүн да аныктады.

“Жакшыбы, жаманбы, бул санарип технологиялар ушул тапта биздин жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Мунир Маммадзаде. “Кыргызстанда же башка өлкөлөрдө ар бир бала үчүн интернеттин зыянын азайтып, ошол эле маалда пайдасын көбөйтүү өңдүү тапшырма турат”.

 

Отчетто камкордукка өтө муктаж балдарга санарип технологиялар сунуштай ала турган артыкчылыктар каралат. Алар: мындай балдардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, санарип мейкиндикте иштөө үчүн көндүмдөргө үйрөтүү, өз ара аракеттенүү жана пикирин билдире алуу үчүн аларга платформа берүү. Анткен менен отчет көрсөткөндөй, миллиондогон балдарда мындай мүмкүнчүлүк жок. Дүйнөдө жаштардын үчтөн бири – 346 миллион адам – онлайн мейкиндигин колдоно алышпайт. Бул болсо теңсиздик көйгөйүн тереңдетип, балдардын улам барган сайын санарип болуп жаткан экономикага катышуу жөндөмдүүлүгүн азайтууда.

Ошондой эле отчетто интернет балдардын тобокелдиктер менен зыянга туруштук бере албай турганы, зыяндуу маалыматтарга жана кибербуллингге ачык болору изилденди. Отчетто белгиленгендей, мобилдик түзүлүштөрдүн бардык жерде болгону көптөгөн балдар үчүн онлайн жеткиликтүүлүктү көзөмөлсүз калтырды, бул болсо аны мурдагыдан да кооптуу кылды.

Отчетто балдардын онлайн мейкиндигин колдонуусуна байланышкан маалыматтар жана анализ, санарип технологиялардын балдардын бакубаттыгына тийгизген таасири берилип, санарипке “көз карандуулук” жана экран алдында өткөргөн убакыттын мээнин өнүгүүсүнө ыктымал таасири тууралуу күчөгөн талаш-тартыштар каралды.

Отчеттон кошумча фактылар төмөнкүлөр:

·         Жаштар онлайн мейкиндикке кошулган эң чоң жаш курактык топ болуп эсептелет. Дүйнө жүзү боюнча жалпы калктын 48 пайызына салыштырмалуу жаштардын 71 пайызында онлайн мейкиндикке жеткиликтүүлүгү бар.

·         Онлайн мейкиндикке эң аз кошулгандар – африкалык жаштар: беш адамдын үчөө интернет байланышы жок отурат, Европада болсо 25 адамдын бирөө гана оффлайн режиминде жашайт.

·         Вебсайттардын болжол менен 56 пайызы англис тилинде жана балдардын көбү өздөрү түшүнгөн же маданиятына жакын болгон контентти түшүнүшпөйт.   

·         Глобалдык деңгээлде балдарга сексуалдык зомбулук боюнча 10 веб-даректин тогузу беш өлкөдө жайгашканы аныкталган. Алар: Канада, Франция, Голландия, Орусия Федерациясы жана Америка Кошмо Штаттары.

 

Санарип аянтчада тең шарттарды орнотууга, интернетти балдар үчүн дагы да коопсуз жана жеткиликтүү кылууга жамааттык иш-аракеттер гана – өкмөттүн, жеке сектордун, балдар уюмдарынын, академиялык чөйрөнүн, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын өздөрүнүн гана аракеттери жардам бере турганы отчетто белгиленди.

Балдардын жыргалчылыгы үчүн саясатты натыйжалуу түзүүнүн жана жооптуу бизнес практикалардын фасилитациясы үчүн практикалык сунуштар төмөнкүлөр:

·         Бардык балдарды жогорку сапаттагы онлайн ресурстарга дагы да жеткиликтүүлүгүн камсыздоо

·         Балдарды онлайн мейкиндиктеги зыяндан – зордук-зомбулуктан, эксплуатациялоодон, кибербуллингден жана талапка жооп бербеген материалдардын/маалыматтардын таасиринен коргоо

·         Онлайн мейкиндикте балдардын купуялуулугун жана өздүгүн коргоо  

·         Балдардын маалымдуулугу, онлайн мейкиндикке тартылуусу жана коопсуздугу үчүн алардын санариптик сабатсыздыгын жоюу

·         Онлайн мейкиндикте балдарга пайда алып келе турган жана коргогон этикалык стандарттар менен практикаларды жакшыртуу үчүн жеке сектордун потенциалын жогорулатуу.

·         Санарип саясатында балдардын негизги ролун аныктоо.

“Интернет улуулар үчүн түзүлгөн, бирок аны адатта балдар жана жаштар колдонууда. Демек санарип технологиялар алардын жашоосуна жана келечегине олуттуу таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан санарип технологиялар балдардын муктаждыктарын, алардын перспективаларын жана пикирлерин чагылдырышы керек”, - деп кошумчалады Мунир Маммадзаде.   

#####

 

ЮНИСЕФ ар бир жасаган ишинде ар бир баланын укуктарын жана бакубаттыгын коргоп келет. Өз өнөктөштөрү менен бирге ЮНИСЕФ милдеттенмелерин иш жүзүнө ашыруу үчүн 190 өлкөдө иштеп келатат. Мында дүйнө жүзү боюнча бардык балдардын жыргалчылыгы үчүн эң аярлуу жана камкордукка муктаж балдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФ тууралуу дагы да кенен маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.

Толук маалымат алуу үчүн: Джорджина Томпсонго кайрылыңыз, ЮНИСЕФ Нью-Йорк, тел: +1 917 238 1559, gthompson@unicef.org

Тынымгуль Эшиева, ЮНИСЕФ Кыргызстан, Бишкек, тел: +996 777 919 143, teshieva@unicef.org