Туруктуулук жана институционалдаштыруу жолунда

UNCT-KG-UNAIDS-MDT

2017-жылдын 15-17-февраль күндөрү стратегиялык пландоо маселелери боюнча мультидисциплинардык команданын мүчөлөрү үчүн семинар-тренинг өттү.

Эскерте кетсек, мультидисциплинардык командалар Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында Орусия Федерациясынын Өкмөтү бөлгөн гранттын колдоосу менен түзүлгөн. Бул командалар ВИЧ илдети менен жашаган 900дөн ашуун адамды жана алардын айланасындагы 300дөн ашык кишини тейлешет.

Мультидисциплинардык командалар ВИЧ менен жашаган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн медициналык, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында түзүлгөн.

Долбоор “Аракет плюс” бейөкмөт уюму менен биргелешип ишке ашырылып келет. Башынан эле долбоор өз ишин институционалдаштырууга жана стратегиялык башкарууга багыттаган. МДК үчүн стратегиялык пландарды иштеп чыгуу бардык кызыкдар өнөктөштөрдүн ишин координациялоого, узак мөөнөттүү иш-аракеттерди жасоого жол ачат. Бул иштердин натыйжасында ВИЧ менен жашаган адамдар мамлекеттик медициналык мекемелердин базасында дарыланууга, кароого алынууга жана колдоого ээ болушат.