Кыргыз Республикасы адам сатууну жана мигранттарды мыйзамсыз жолдор менен киргизүүнү алдын алуу боюнча Глобалдык программага кошулууда

UNCT-KG-UNODC-GLOACT

БИШКЕК, 31-МАЙ, 2017 – Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын (БУУ БККБ) адам сатууну жана мигранттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүнү болтурбоо жана буга каршы туруу боюнча жаңы GLO.ACT аттуу Глобалдык программасы ишин баштады. GLO.ACT программасы адам сатууну алдын алуу, адам сатуунун курмандыктарын коргоону жана соттук көзөмөлдү камсыздоо, өнөктөш мамилелерди жөнгө салуу аркылуу мигранттарды мыйзамсыз киргизүүгө жана адам сатууга каршы туруунун стратегиялык улуттук чараларын пландоодо жана жүзөгө ашырууда 13 өлкөгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев буларды белгиледи: “Адам сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз алып кирүү Өкмөттүн күн тартибинде турган артыкчылыктуу маселе болуп эсептелет. Бул болсо Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга адам сатуу менен күрөшүү боюнча жаңы Улуттук иш-аракеттер планы жана 2030-жылга чейин Миграциялык саясаттын концепциясы өңдүү стратегиялык документтерди иштеп чыгууга түрткү берди. GLO.ACT программасынын алкагындагы ишибиз Кыргыз Республикасында адам сатуу жана мигранттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү менен күрөшүү боюнча улуттук программаларды эффективдүү ишке ашырууга көмөктөшөт деп ойлойбуз”.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы, элчи Чезаре Де Монтис буларды айтты: “Адам сатуунун ар кайсы формаларына жана мигранттарды мыйзамсыз жолдор менен киргизүүгө каршы туруу Европа Биримдиги жана анын курамына кирген өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу милдет болуп эсептелет. Адам сатуу жана мыйзамсыз мигранттарды киргизүү Европа Биримдигинин миграция жана коопсуздук маселелерин кароодо 2016-жылы кабыл алынган үчүнчү өлкөлөр менен кызматташуу Программасынын күн тартибине киргизилген. Жаңыдан иш жүзүнө ашып жаткан программа 13 бенефициар өлкөлөр арасында жана анын курамындагы Кыргызстанда да бул көйгөйлүү маселелерди чечүүдө чоң жетишкендиктерди алып келет деп ишенем”.

БУУ БККБнын Борбор Азиядагы регионалдык өкүлү Ашита Митталдын айтымында, адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз киргизүүгө карата жазык-укуктук чараларды өркүндөтүү комплекстүү мамилени талап кылат. “Бул чаралар Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулук тууралуу Конвенциясына жана анын адам сатуу, мигранттарды мыйзамсыз киргизүү тууралуу Протоколдоруна ылайык Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына негизделүүгө тийиш”. Миттал айым БУУ БККБ GLO.ACT программасынын алкагында адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз киргизүүгө карата эффективдүү жаза чараларын камсыздоодо кыргыз өкмөтүн колдоого даярдыгын ырастады.

Мамлекеттик органдарга жардам берүү менен, GLO.ACT жарандык коом уюмдарына жана түздөн-түз адам сатуунун курмандыктары менен өлкөгө мыйзамсыз киргизилген мигранттарга да пайдасын тийгизет. Бул программа өзүнө реакция жасоонун алты негизги ыкмасын камтыйт. Алар: стратегияны жана саясий чараларды иштеп чыгуу; мыйзам чыгарууда жардам; потенциалды өркүндөтүү; аймактык жана региондор аралык кызматташтык; адам сатуунун курмандыктарын жана мыйзамсыз киргизилген мигранттарды коргоо жана аларга жардам берүү; ошондой эле адам сатуунун курмандыктары жана мыйзамсыз киргизилген мигранттардын арасындагы балдарга жардам берүү жана колдоо көрсөтүү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Төрагасы, Ички иштер министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Башкы прокуратуранын, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү жана журналисттер катышты.

GLO.ACT – бул Европа Биримдиги (ЕБ) менен БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын (БУУ БККБ) биргелешкен демилгеси. Долбоор төрт жылга (2015 – 2019) эсептелинген жана бюджети 11 миллион еврону түзөт. Долбоор Миграция боюнча Эл аралык уюм (МЭУ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, Африка, Азия, Чыгыш Европа жана Латын Америкасынын 13 өлкөсүн камтыйт. GLO.ACT демилгеси адам сатууну алдын алуу, адам сатуунун курмандыктарын коргоону жана соттук көзөмөлдү камсыздоо, өнөктөш мамилелерди жөнгө салуу аркылуу мигранттарды мыйзамсыз киргизүүгө жана адам сатууга каршы туруунун стратегиялык улуттук чараларын пландоодо жана жүзөгө ашырууда 13 өлкөгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

GLO.ACT сайтына шилтеме: https://www.unodc.org/unodc/en/human-trafficking/glo-act/index.html

GLO.ACT жаңылыктарына Твиттерден көз салып туруңуз: @glo_act.

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук координатору

Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

тел. +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org