Мектеп ысык тамагы программасы Япониянын финансылык каржылоосунун негизинде жайылтылат

UNCT-KG-WFP-JPN grant for school meals

Кыргыз Республикасындагы мектеп ысык тамагы программасы КРнын билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), «Өнүктүрүү демилгелеринин агентствосу» коомдук фондунун (ОДА) оноктоштугунун алкагында Япониянын финансылык колдоосунун негизинде жайылтылмакчы. Бул жөнүндө бүгүн КРнын билим берүү жана илим министри Г.К. Кудайбердиева, Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамура, БУУ ДАТПнын КРдагы өлкодиректору Рам Сараванамутту жана  ОДАнын директору Айида Жамангулова тарабынан гранттык келишимге кол коюу учурунда айтылды.

Япониянын 5,8 млн сом (83 332 АКШ доллары) өлчөмүндөгү гранты аркылуу Чуй жана Ысык-Көл областтарынын 16 мектебиндеги 5000 ге жакын башталгыч класстын окуучулары күн сайын сапаттуу жана тоюмдуу ысык тамак менен камсыз болушат.

Каражат мектеп ашканалары үчүн заманбап оноржай жабдууларын сатып алууга жумшалат. Ысык тамактарды даярдоо үчүн мектептер 300дон ашык ашкана жабдуулары менен камсыз болушат, аларга электр плитасы, көп секциялуу нан бышыруучу шкафтар,  өнөржай электр мискейлери, камыр жууругуч аппарат, муздаткычтар, суу жылыткычтар, идиш жуугуч ванналар, жашылча кесүүчүмашиналар, стеллаждар жана жумушчу столдор кирет.

«Шокуику» (Shoku-iku япон тилинен которгондо – “туура тамактануу аркылуу билим берүү”) салтына жараша биз балдарга туура тамактануу – ден-соолуктун булагы жана өсүүнүн негизи деген адатты уйрото алабыз – деп Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамура белгилеп өттү. – Биз КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасында мектеп тамагын жакшыртууга болгон күч-аракетин колдой алганыбызга сыймыктанабыз. Сапаттуу мектеп тамагы – дени сак муундарды тарбиялоого болгон пайдубалы болуп саналат».

«КРнын билим берүү жана илим министрлиги Япония элинин финансылык жардамын кабыл алуу менен сапаттуу тамак берген мектептердин санын көбөйтө алат, - деп гранттык келишимге кол коюу учурунда белгиледи КРнын билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева. Оноктоштордун, донорлордун, жергиликтуу бийликтердин жана ата-энелердин жардамы менен ысык тамак берип жаткан мектептердин саны бүгүнкү күндө 836 га жетти жана күч-аракеттерди бириктирүү менен биз өлкөдөгү бардык мектептерди жакшыртылган мектеп тамагына өткөрө алышыбызга ишенебиз».

Бул грантты ишке ашыруу үчүн КРнын ББИМ жана БУУ ДАТП тандалган мектептерде даярдоо иштерин, анын ичинде мектеп ашканаларын техникалык жактан баалоо, ар бир мектеп үчүн өзүнчөтехнологиялык долбоор иштеп чыгуу жана жалпы мектеп тамагын уюштуруу механизмин өзгөртүү жүргүзүлдү. БУУ ДАТПнын колдоосу менен мектептерге ашпозчуларды окутуу, мектеп тамагынын менюсун түзуу жана ашканаларды ремонттоо менен санитардык инфраструктураны жакшыртуу сыяктуу жардам корсотулду.

«Кыргыз Республикасында мектеп тамагын жакшыртуу боюнча күч-аракеттер кошумча колдоого ээ болуп жаткандыгы жүргүзүлүп жатка ниш-чаранын эффективдүүлүгүн жана мектептерде сапаттуу тамактын зарыл экенин тастыктайт, - деп белгиледи БУУ ДАТПнын КРдагы директору Рам Сараванамутту. – БУУ ДАТПнын мектеп тамагын жакшыртуу пилоттук долбоорунда 330 мектеп катышып, бирок өтө көп сандагы окуу мекемелери ысык тамакка отууго кызыгып жатышат. Донорлордун кошумча колдоосу, мисалы Япония, программаны жайылтып, мындан да көбүрөөк балдар мектепте ысык тамак менен камсыз болушуна мүмкүнчүлүк берет».

Чуй жана Ысык-Көл областтарындагы 16 мектепте ысык тамакка отуу болбоорунун аткаруучу оноктошу ОДА коомдук фонду болмокчу. Бул КРнын ББИМ менен БУУ ДАТПнын мектеп тамагын жакшыртуудагы көптөн берки оноктошу, ошондой эле мектеп комокчу чарбаларын өнүктүрүү пилоттук долбоорунда да катышып келет. ОДА мектептер менен иштөөдө жалпы уюштурууну, алардын жаны жабдуулар менен камсыз болушун жана ысык тамакка отууго даярдыгын өз мойнуна алат.

“Биз КРныны ББИМ жана БУУ ДАТП менен биринчи жыл иштеп жаткан жокпуз, жана жакшыртылган мектеп тамагы кандай натыйжаларды берип жатканын көрүп турабыз, - деп белгиледи Айида Жамангулова. – Биз үчүн Япониянын элчилиги жана биздин оноктоштордун 16 мектепте ысык тамакты уюштуруу жоопкерчилигин ишенип бергедиги чөн сыймык”.

Мектеп тамагын оптималдаштыруу долбоору 180 000 минден ашык башталгыч класстын окуучуларын камтып отурат. Донорлордун колдоосу менен бул иш-чарага катышып жаткан мектептердин саны өсүүдө.