Элеттик аялдардын өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык процесстерине катышуусун камсыздоо максатында элеттик аялдардын аткаруу бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуусу

UNCT-KG--UN Women-Rural Womens Day

Бүгүн, 19 июньда, КР Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт Аппаратынын жетекчилиги жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрликтеринин жана башка аткаруу бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда, Кыргызстандын бардык региондорунан келген 100дөн ашык элеттик активист аялдардын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты – элеттик аялдардын укук жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык процесстерине катышуусун чыңдоого багытталган иш-чараларды талкылоо.

Аталган жолугушуу Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн, Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы (БУУ ДАП), Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун (АӨЭФ) колдоолору менен Кыргызстандагы элеттик аялдардын күнүнө карата уюштурулган улуттук конференциянын алкагында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө элеттик аялдардын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик деңгээлдеринде чечим кабыл алуунун процесстерине катышуусуна тоскоол болгон себептер кеңири талкуланды.  Алсак, соңку он жылдын аралыгында, жергиликтүү кеңештерде аялдардын үлүшү 24%дан 10%га чейин төмөндөгөн, ал эми жергиликтүү администрациялык кызмат органдарында дээрлик 4,7%га чейин төмөндөп кеткен. Муну менен бирге, фермердик чарбалардын жетекчилеринин арасында аял-жетекчилер болгону 19% түзөт.

Жолугушунун катышуучулары билдиргендей, мындай көрүнүш, гендердик паритетти камсыз кылуу үчүн көрүлгөн мамлекеттик кепилдиктерге жана ошондой элеттик аялдардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган бир кыйла коомдук иш-чараларга (мисалы, баланы кароо боюнча ыңгайлуу шарттарды уюштуруу, маалымат технологияларын өздөштүрүү, таза суу менен камсыздоо, жолдорду ремонттоо, электр линияларын тартуу, ж.б.) карабастан басымдуу болууда.

«Жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессинде, биз, депутат аялдар, социалдык мүнөздөгү олуттуу маселелерге көбүрөөк басым жасайбыз. Ошону менен, биз көптөгөн айыл тургундарынын маанилүү көйгөйлөрдүн чечилишине түрткү беребиз. Бирок, биздин коомдогу менталдык түшүнүктүн себебинен же балким бийликтин каалабоосунан улам, аялдар өз потенциалдарын толугу менен турмушка ашыра албайт. Ушул себептен, мен ойлойм, жергиликтүү деңгээлде аялдардын чечим кабыл алууда катышуусун кеңейтүүдө атайын жана так механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.”, деп белгилеп кетти Ак-жар айыл кенешинин депутаты Нурия Темирбек кызы.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөнү бардык тармактагы өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда аялдардын мыйзам негизде бекитилген укуктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде гендердик теңчиликти камсыз кылуунун зарылчылыктарын белгилеп кетишти.

«Элеттеги аялдардын лидерлик жана алардын ишкердик сапаттарын өнүктүрүү элеттик аялдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке турмуш-тиричилик шарттарын жакшыруусуна жана ошону менен региондордогу мамлекеттин өнүгүшүнө байланыштуу бир катар социалдык-экономикалык маселелерди чечилишине алып келет”, деп Эмгек жана социалдык өнүктрүү министри Таалайкуль Исакунова билдирип кетти. “Элеттик аялдар Кыргызстандын натыйжалуу өнүгүсүнүн негизи деп толук ишенем. Дал ушул себептерден улам, биз элеттик аялдар өз потенциалдарын ишке ашыруусунда жагымдуу шарттарды түзүүгө болгон аракеттерибизди улантабыз”.

Активист-аялдардын белгилөөсүндө, региондордун экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө элеттик аялдардын салымы зор. Алсак, элеттик аялдарга жер алууда, социалдык кызматтарга жетүүдө, каржылык жана башка продуктивдүү айыл чарба ресурурстар менен камсыз болууда бирдей ченемдеги жеткиликтүүлүк болсо, алар өз (фермердик) чарбаларынын эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн болжолу менен 30-70% чейин, ал эми үй-бүлөлүк кирешелерин 30% чейин өстүрө алат.

“Элеттеги кедейлик– бул элеттик аялдын жүзү деп айтып калышат. Балким ушуга чейин чындыгында эле ушундай болгондур, бирок мен ишенем, жакынкы келечекте элеттик аял элеттик ишмердүүлүктүн жүзү болуп элестетилет”, деп «Искра» кооперативинин жетекчиси Санабар Каратаева белгилеп кетти .  «Биздин азыркы учурдагы жетишкендиктерибиз элеттик аялдар экономиканын өнүгүүсүнө оң таасир тийгизерин далилдейт. Мүмкүнчүлүктөрүбүз жеткиликтүү болгондо, биз мындан да артык жетишкендиктерге ээ болуп, көптөгөн манилүү өзгөрүүлөргө жетишмекбиз. Ошондуктан, мен ишенем, өлкөбүздүн өнүгүү максаттарына жетүдөө элеттик аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейүүсү зарыл”.

Жолугушуунун катышуучулары аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу (АБФЖ) жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алган милдеттенмелердин боюнча талкуулоо жүргүзүштү. Эмгек жана социалдык өнүктрүү министрилигинин жетекчилери тарабынан АБФЖнын корутунду жоболорунун жана сунуштарынын жана ошону менен элеттик аялдар күнүнө арналган мурунку улуттук конференциялардын алкагында кабыл алынган резолюциялардын жүзөгө ашыруулусу тууралуу маалымдоо болду.

«БУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн элеттик аялдардын эмгек жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерге колдоо көрсөтүүсүн улантуу ниетинде”, деп БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү жана “Кыргыз Республикасындагы элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” биргелешкен долбоордун байкоочу кенешинин тең төрагасы Дорджи Кинлай маалымдап кетти. “Элеттик аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейүүсү жана алардын лидерлик сапаттарынын илгерилөөсү Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун жакшыруусуна жана экономикалык өнүгүүсүнө көрүнүктүү салым кошуп келет. Өнүккөн жана акыйкат Кыргызстанды куруу үчүн, биз ушул багыттагы иштерди улантуубуз зарыл”,

Кыргызстандагы элеттик аялдардын күнүнө карата уюштурулган улуттук конференция Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү, ДАП, ФАО жана АӨЭФ агенттиктеринин колдоосу менен уюштурулуп, “Кыргыз Республикасындагы элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” биргелешкен долбоорунун алкагында болуп өттү. Аталган долбоор Норвегия жана Швеция Өкмөттөрүнүн тарабынан каржыланууда.

#                              #                                 #

Кошумча маалымат алуу үчүн биргелешкен долбоордун улуттук координатору Жыпара Турмаматовага төмөнкү электрондук почта аркылуу кайрылыңыз: zhypargul.turmamatova@unwomen.org