Кыргызстандагы саясий диалог саламаттык сактоонун технологияларын тез арада жөнгө салууга багытталган

WHOWHO

2017-жылдын 28-февралында ДССУнун Кыргызстандагы өлкөлүк бөлүмү азыркы тапта өлкөдө баа коюу жана дары-дармектерди сатып алуу, саламаттык сактоо технологияларын жөнгө салуу максатында талкууланып жаткан жаңы мыйзамдар боюнча саясий диалог өткөрдү.  

Кеңешме саламаттык сактоо министри д-р Талантбек Батыралиевдин төрагалыгы алдында өткөрүлүп, ага фармацевтика өнөр жайынын, бейтаптардын, дары-дармек жазып берген адамдардын, бийлик органдарынын жана парламенттин кызыкдар болгон өкүлдөрү катышты. Катышуучулар расмий билдирүү кабыл алып, анда талкууланган маселелерди кыскача чагылдырып, мыйзамдар тез арада кабыл алынышы маанилүү экендигин баса белгилешти.

ДССУ ЕАБ менен ДССУнун Кыргызстандагы өлкөлүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоо жаатында жаңы ченемдик механизмди иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт. Азыркы мыйзамды Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө байланышкан талаптарга шайкеш келүү үчүн жаңылоо зарыл. Талкууланып жаткан үч мыйзам долбоорунда дары-дармектер, медициналык приборлор жана трансчектик укуктук оңдоп-түздөөлөр каралган, алар өкмөттүн жетекчилиги алдында көп профилдүү жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Бул мыйзамдарды кабыл алуу Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагын бекемдөөнүн бурулуш пункту болуп саналат. Жогорку сапаттуу дары-дармектердин экономикалык жеткиликтүүлүгү жалпы медико-санитардык кызмат көрсөтүүлөр менен камтуунун негизин түзөт жана Кыргызстандын калкы үчүн оң таасирин тийгизет: дары-дармектерди жана медициналык азык-түлүктөрдү каттоо жана мониторинг кылуу күчөтүлөт; саламаттык сактоо продуктыларынын сапаты жана жайылтылышы жакшыраак жөнгө салынат; көзөмөл кылуу жана инспекциялык ишмердүүлүк жакшыртылат, бул болсо контрабанда менен жасалма дарыларды жок кылууга көмөкчү болот; фармацевтика тармагы ачык-айкыныраак, отчет берип туруучу секторго айланат.

ДССУ ЕАБ Саламаттык сактоо министрлигине мыйзамдардын тез жана ырааттуу кабыл алынуусун камсыздоого колдоо көрсөтүүсүн улантат. Жумушчу топ ошондой эле парламенттин мүчөлөрүнө колдонуудагы мыйзамдарга киргизилген оңдоп-түзөөлөрдү түшүндүргөн жана аларга негиздеме берген эскертме кагаздарын иштеп чыгууну пландаштырууда.

Бул иш-чаралар ДССУ ЕАБнын мүчө мамлекеттерге Кыргызстан Саламаттык сактоо министрлиги менен 2016-2017-жылдарга карата Эки жылдык кызматташуу жөнүндө келишимдин алкагында колдоо көрсөтүүсүнүн бир бөлүгү болуп саналат.