Жаңы чакырыктар, эми эмне болот?

UNCT-KG-UNAIDS-conference

18-19 – сентябрда Бишкекте узак убакыттан бери алгачкы ирет “АИВ менен кургак учуктун жаңы чакырыктары” аттуу жогорку деңгээлдеги улуттук конференция болуп өттү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты – АИВ жана кургак учук боюнча алдын алуучулук программаларга инновациялык мамиле кылууну ишке киргизүү жана өз ара иштешүүнү күчөтүү үчүн саясатчылар менен чечим кабыл алуучу адамдардын көңүлүн аймактагы жана өлкөдөгү АИВ-инфекциясы менен кургак учукка байланышкан көйгөйлөргө буруу болуп саналат.

Белгилеп кое турган нерсе – конференцияга 250гө жакын адам катышты, алардын катарында Чыгыш Европа менен Борбордук Азиянын бардык аймактарынан келген жарандык сектордун, мамлекеттик бийлик органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри  Батыралиев Талантбек Абдуллаевич ачты. Өз баяндамасында министр мырза АИВ менен кургак учукту дарылоодогу инновациялык ыкмалар туурасында сөз кылды:  

«АИВ менен кургак учукту эртерээк аныктоо бул оорулардын алдын алууга жана өз убагында дарылоого шарт түзөт жана алардын жайылып кетишине бөгөт коет. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү менен ар кыл уюмдар биргелешип, бул дарттардын таралышына каршы күрөшүүсү зарыл”.

Дарылоого байланышкан ыкмалардан тышкары министр АИВ менен жашаган адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата басмырлоо фактыларына жана стигмага байланышкан көйгөйлөргө токтолду:

«Бийлик башындагылардын 90 пайызы өлкөнүн алыскы аймактарында болгон эмес жана АИВ менен кургак учуктан жабыркагандардын статистикасы кандай экендигин билишпейт. Алардын көпчүлүгү АИВ менен жашаган адамдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө карата стереотиптүү ой жүгүртүшөт. Мындай бардык деңгээлдеги стигма менен басмырлоого каршы толук кандуу күрөш жүргүзүү зарыл.

Жарандык сектордун өкүлдөрү чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө Глобалдык фонд тарабынан каржылоо өлчөмү азайышына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Анткени 2014-жылы Глобалдык фонд тарабынан өлкөгө 7,5 миллион доллар бөлүнсө, 2017-жылы – 5 миллион бөлүнгөн. Ал эми кийинки жылдары программаларды каржылоонун көлөмү дагы эки эсеге азайышы күтүлүүдө. Мындай маалымат коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн да, ошондой эле Кыргызстандын парламентинин депутаттарын да бушайман кылды.  

Айталы, парламент депутаты Аида Исмаилованын айтымында, дарыланууга муктаж болгондордун саны такай өсүүдө жана буга байланыштуу АИВ менен жашаган адамдарды дарылоо, аларга кам көрүү жана колдоо программаларын кошумча каржылоо талап кылынат. Депутат: «Биз парламенттин ичинде алдын алуучулук программаларды кароо учурунда колубуздан келишинче колдоо көрсөткөнгө даярбыз жана АИВ менен кургак учуктун алдын алууга мамлекеттик каржылоонун үлүшүн көбөйтүү жөнүндө маселенин үстүндө иш алпармакчыбыз”, - деп кошумчалады.

Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн атынан ЮНЕЙДС субаймактык кеңсесинин директору Голиусов Александр Тимофеевич чыгып сүйлөп, алдын алуучулук программаларды ченемдик жөнгө салуу темасына токтолду:

«2018-2021-жылдарга карата АИВ-инфекциясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу Кыргызстанга 90-90-90 глобалдык максаттарына жетүүнүн алкагында алдын алуучулук программаларды андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет»

Өткөрүлгөн конференция катышуучуларга жалаң гана сандар, фактылар жана дарылоодогу жаңы ыкмалар жөнүндөгү маалыматтар менен гана эмес, Бактыгүл Шүкүрованын эмоционалдуу сөзү менен да эсте кала турган болду. Өзүнүн баяндамасы учурунда Бактыгүл расмий түрдө өзүнүн АИВ-инфекциясынан жабыркай тургандыгын билдирип, бул туурасында ачык айтып чыккан Кыргызстандагы алгачкы аял болуп калды.

Бактыгүлдүн сөзүнө караганда, ал ар нерседен корко берип тажады жана эртеңки күнү жарык болооруна жана өзү менен жакындары коопсуз шартта жашаса боло тургандыгына көзү жете тургандай жагдайда күн кечирүүнү каалайт.

 «Биздин катарыбыз күн санап арбып баратат. Арабызда аялдар да, эркектер да, медициналык мекемелерде оору жуктурулган бир топ жаш балдар да бар. Жашообузда көйгөйлөрүбүз, алдыга койгон максаттарыбыз аз эмес: оокат-ашка акча табуу, балдарыбызды чоңойтуп, татыктуу билим берүү, тууган-туушкандар, кошуналар жана достор менен баарлашуу ж.б. Биз дартыбызды мойнубузга алып, аны менен жашоо кечиргенге үйрөндүк, бирок Кыргызстандагы 8 миңге жакын адам, тилекке каршы, дале өздөрүнүн дартка чалдыкканын элес албай келишет. Мен алты жыл мурун дарылана баштагам. Бүгүнкү күнгө жетпей, жашоонун кызыгын көрбөстөн ИЖОСтон кайтыш болуп кеткен адамдарды көргөм, билем. Бул жөнүндө ойлонгондо жүрөгүм кысылып, эртеңки күнү алда кандай болуп кетет деп коркуп, жан-дүйнөм эңшерилип кетет. Ошол эле учурда кыйналып турган мезгилимде мага жөлөк-таяк болуп колдогондорго, толук кандуу жашоого мүмкүндүк берген дарылар менен камсыздаган эл аралык уюмдарга, мамлекетке терең ыраазычылыгымды билдиргим келет”.

Бактыгүл каржылоонун азайгандыгына байланыштуу дарылоо боюнча программалардын кийинки келечеги аны өтө тынчсыздандырып жаткандыгын кошумчалады:

«Мени жана мага окшогон Кыргызстандагы жүздөгөн АИВ-инфекциясынан жабыркаган адамдарды кыжаалат кылган бир суроо – мындан ары да дары алганга мүмкүндүк болоор бекен? Мамлекетибиз АИВдан жабыркаган адамдарды өлүмдөн сактап калуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзө алабы? Биз айрым өлкөлөрдө дары менен камсыздоо иши үзгүлтүккө учураган учурларды билебиз. 2014-жылы дарынын жетишсиздигинен улам 500дөн ашуун адам кургак учуктун дары-дармекке туруктуу болуп калган формаларынан дарылануу үчүн узун кезекке турууга мажбур болушканы эсибизде. ЮНЭЙДС берген божомолдорго караганда, жетиштүү каржылоо болбосо, 2020-жылга чейин АИВ-инфекциясы менен жашаган бир нече миң адам жарык дүйнө менен коштошууга аргасыз болот. Мен алардын катарында болгум келбейт. Досторум менен бирге жашап кетүү үчүн күрөшүүгө даярбыз. Ошондой эле АИВга чалдыккан адамдардын саны көбөйүшүн каалабайбыз. Ал эми бул үчүн алдын алуучу программалар улантылышы керек. Өлкө жетекчилиги АИВ-инфекциясы менен кургак учукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө бардык чараларды көрүү боюнча саясий эрки бар экендигин билдирип, буга даяр экендигин бекемдей тургандыгына ишенгибиз келет»

Бактыгүл АИВ менен жашаган адамдарга карата басмырлоо фактыларына өзүнчө токтолду.

«Басмырлоо олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат, анын айынан адамдар медициналык жардам сурап кайрылгылары келбейт. Алар оорусун жашырганга мажбур, бул болсо көп учурларда алардын эрте эле кайтыш болуп калышына себепчи болуп калат”.

Панелдик дискуссиялардын биринде ММКФ жетекчиси Калиев Марат Темирбекович Милдеттүү Медициналык Камсыздандыруу Фонду саламаттык сактоонун алгачкы деңгээлинде алдын алуучу программалардын интеграцияланышын колдоого даяр экендигин билдирди.

Конференциянын экинчи күнү мамлекеттик социалдык тапшырык чөйрөсүндөгү программаларды өнүктүрүү маселесине арналды.  

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин жетекчиси Айбар Султангазиев катышуучуларга АИВ-инфекциясына каршы күрөшүү үчүн программаларды  каржылоону өркүндөтүү жана жеткиликтүү ресурстар туурасында айтып берди.

Конференциянын иши 4 негизги багыттан турган резолюцияны кабыл алуу менен аяктады:

1. Мамлекет тарабынан АИВ жана кургак учук эпидемиясына каршы турууга арналган программаларды каржылоо көбөйтүлүшү керек.

2. Эл аралык уюмдар аркылуу дарыларды жана тесттерди сатып алуу механизмдерин ишке киргизүү зарыл.

3. Саламаттык сактоо тутумуна Мамлекеттик социалдык тапшырыкты киргизүүнү тездетүү жана аны ишке ашыруу үчүн каражаттарды бөлүп берүү зарыл

4. Жагымдуу чөйрө түзүп, АИВ менен жашаган адамдарга, ЭСЭ, СБКАга карата стигма менен басмырлоону азайтканда гана натыйжалуу кызмат көрсөтүү жана “90-90-90” максаттарына жетүү мүмкүн.

Иш-чаранын аягында жарандык сектордун өкүлдөрү бул күндөгүдөй масштабдуу иш-чараны өткөрүү АИВ менен кургак учукка каршы алдын алуучулук программалардагы позитивдүү жана терең өзгөрүүлөргө кубаттуу түрткү болуп бере тургандыгына үмүттөнө тургандыктарын билдиришти.

Конференциянын иши Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан UNAIDS, UNODC, UNDP, AFEW, PEPFAR сыяктуу өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган.

Маалымат үчүн: “ИЖОС” Республикалык борборунун маалыматы боюнча, 2017-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдө 7 264 АИВ-инфекциясына чалдыккан адам расмий катталган. АИВ-инфекциясына чалдыккан учурлар өлкөнүн бардык аймактарында катталууда.

АИВ-инфекциясы анча таралбаган өлкө болгонуна карабастан, азыркы тапта Кыргызстан эпидемиянын экинчи – концентрацияланган стадиясында турат. ЭКД маалыматы боюнча, 2016-жылы өзөктүү топтордо АИВнын таралышы төмөнкүдөй болду: 2016-жылы СБКА арасында - 14,3%, 2013-жылы - 12,4% болчу; РС арасында 2016-жылы - 2%, 2013-жылы - 2,1% болчу; ЭСЭ арасында – 2016-жылы 6,6%, 2013-жылы 6,3% болчу; камактагылар – 2016-жылы 11,3%, 2013-жылы 7,6% болгон.

Бул маалыматтар калктын өзөктүү топторунун арасында АИВ-инфекциясынын таралышы 5 пайыздан ашуун экендигин, демек, инфекция жалпы популяцияга чыгып кеткендигин билдирет.