ВИЧти алдын алууда мультидисциплинардык мамиле – 90-90-90 глобалдык максаттарына жетүүнүн натыйжалуу ыкмасы.

UNCT-KG-UNAIDS_mdt17

22-24-ноябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) базасында түзүлгөн мультидисциплинардык командалардын жумушчу кеңешмеси өттү. Ага ҮМБ директорлору, башкы дарыгерлер, жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер, медайымдар, консультанттар, эл аралык өнөктөштөр жана коммерциялык эмес уюмдардын өкулдөрү болуп жалпысынан 80 адам катышты.

Жумушчу кеңешменин башкы максаты МДКнын негизги жетишкендиктери менен тааныштыруу болду.

Мультидисциплинардык мамилени БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен Программасы Кыргызстанда 2013-жылдан бери жайылтып келет. Бугүнкү күндө өлкөдө МДКнын 10 бөлмөсү иштеп жатат.

2017-жылдын октябрь айынан ноябрь айына чейинки мезгил аралыгында өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, МДКнын кызмат көрсөтүүлөрүн 1082 адам же тандалып алынган сайттарда диспансердик каттоодо турган ВИЧ менен жашагандардын 99,1% колдонгон. Анын ичинен 511и аял, 571и эркек жана 235и бала.

Мультидисциплинардык команданын аракети менен медициналык көзөмөлдөн, антиретровирустук дарылоодон өткөн МДК кардарларынын катары калыңдады, вирустун деңгээлин баалоо иштери жакшырды. Айталы, антиретровирустук дарылоодон өткөндөрдүн саны 2016-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе көбөйүп, ВИЧ менен жашаган жана каттоодон өткөндөрдүн 78,6% түздү. Ошону менен бирге ВИЧ вирусу жаңы аныкталгандардын 93,8% бул жылы антиретровирустук дарылоодон өтө башташты.

Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск айылындагы ҮМБ директору Будайчиева Калиман Бакасовна: “Мультидисциплинардык ыкманы биздин борбордун базасында жайылтуу алдын алуу программалары канчалык маанилүү болгонун баамдоого, маңзатка көз каранды бейтаптарга башкача көз менен кароого, ҮМБ базасында моделди институционалдаштырууга өзгөчө көңүл бурууга жардам берет”.

МДК ишин баалоо боюнча изилдөө менен төмөнкү шилтеме боюнча тааныша аласыз:

https://drive.google.com/file/d/1KQ4rcFQcgqq9RFzS_5ETxTZ5k8pV9ytN/view?usp=sharing  

Бардык кошумча суроолор боюнча ЮНЭЙДСтин өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаевага sarybaevam@unaids.org электрондук дареги боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз.