КМШнын Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык боюнча кеңешинин Кыргызстандагы жолугушуусу

WHOWHO

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык боюнча кеңешинин 27-отуруму Кыргызстандын Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-апрелинде өткөрүлгөн. Ага  КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун эл аралык федерациясы (ККЭФ), БУУнун АИВ/ИЖОС боюнча программасы (ЮНЕЙДС) жана ДССУ сыяктуу эл аралык уюмдардан чакырылган коноктор катышты.  Анын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн коомдук саламаттык сактоо жаатындагы артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин ченемдик укуктук документтерди ишке ашыруудагы ролу талкууга алынды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри профессор Батыралиевдин төрагалыгы алдында өткөн отурумдун программасы ДССУнун ага мүчө болгон мамлекеттер менен кызматташуусу жана саясаты үчүн кыйла актуалдуу мүнөзгө ээ бболду. Кеңеш КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо органдарын БУУнун башкы Ассамблеясынын КМШ менен кызматташуу жөнүндөгү 2016-жылдагы резолюциясына ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун тийиштүү атайылаштырылган мекемелери менен  кызматташууну активдештирүүгө болгон чакырыгын колдоду.

Кеңештин мүчөлөрү «КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын ден-соолугу» стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын талкуулашты. Ошондой эле  КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын ден-соолугун коргоо боюнча иш-аракеттерди мындан ары да интеграциялоого, ДССУ алкагында саламаттык сактоо жаатында биргелешкен программаларга көмөктөшүүгө багытталган сунуштарды даярдоо үчүн атайын органды түзүү туурасында маселени карашты.

Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугуна байланышкан өзгөчө кырдаалдар боюнча маалымат алмашуу; жарандык авиациядагы коомдук ден-соолук окуяларын болтурбоо жана башкаруу боюнча кызматташуу; АИВ/ИЖОС, кургак учук, тамеки тартууга каршы күрөшүүдөгү кызматташууну бекемдөө, стаматологиялык жардам маселелери да талкууланды.

Кеңеш саламаттык сактоо жаатында КМШ ченемдик укуктук актыларынын тизмегин даярдоо жөнүндө чечим кабыл алды жана коомдук ден-соолукка көмөктөшүү боюнча КМШ стратегиясын иштеп чыгуу боюнча кийинки кадамдар туурасында макулдашты.

ДССУнун Европа аймактык директорунун Атайын өкүлү д-р Хаик Никогосян жетектеген ДССУ делегациясы коомдук саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты андан ары кеңейтүү боюнча чараларды талкуулоого катышты.

ДССУнун Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча европалык бюросунун жетекчиси д-р Жоао Бреда (João Breda) Россия Федерациясынын Москва шаарында ДССУнун Европада жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү жаатындагы жаңылыктар тууралуу сөз кылды.

ДССУнун Алгачкы медико-санитардык жардам берүү боюнча европалык борборунун жетекчиси д-р Хуан Телло Казакстандын Алматы шаарында жалпы калкты медико-санитардык кызмат көрсөтүүлөргө камтууну карай негизги жол катары бул кызматты бекемдөө ыкмалары жөнүндө айтып берди.

Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министри профессор Вероника Скворцова бир жылдык мөөнөткө Кеңештин кийинки төрагасы болуп шайланды.  Кеңештин кийинки отуруму Россия Федерациясында 2018-жылы өтмөкчү.