Ар бир адамга юридикалык жардам

UNCT-KG-UNAIDS-

“Аракет плюс” коомдук фонду “Прецедент” юридикалык компаниясы менен биргеликте ВИЧ менен жашагандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө комплекстүү социалдык жана юридикалык кызмат көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле социалдык коргоо, ички иштер органдарынын өкүлдөрү үчүн консультацияларды өткөрүүдө.

Консультациялар 27-февралда башталып, 30-мартка чейин уланат. Консультациялар тармактар аралык мамилелерди бекемдөө, мультидисциплинардык командалардын өнөктөштөрүнүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Өнөктөштөр болуп мамлекеттик бийлик органдарынын, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, ВИЧ менен жашаган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын сактоо маселелери боюнча иш алып барган социалдык коргоо жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү эсептелет.

Эскерте кетсек, мультидисциплинардык командалар ВИЧ менен жашаган адамдар үчүн медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү максатында 2013-жылы Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө МДК 1300дөн ашуун ВИЧ менен жашаган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн тейлейт.

Юридикалык консультациялар БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен Программасынын (ЮНЭЙДС) “Дискриминация – ноль” аттуу глобалдык демилгеси медициналык мекемелердеги басмырлоону жок кылууга назар бурган күндөрү өтүп жатат. Жолугушууларда “Прецедент” компаниясынын юристтери ден соолукка укук – адамдын негизги укуктарынын бири болгонун, ал өзүнө жеткиликтүү, өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алуу укугун да камтый турганын түшүндүрүп жатышат.

Консультациялар ар бир адам укуктарын коргоп, адилеттүү жана тең укуктуу коомду түзүүнү колдогон өзгөрүүлөрдүн булагы боло аларын түшүндүрүү максатында уюштурулду.

Кыргызстанда долбоорду БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен Программасынын (ЮНЭЙДС) финансылык колдоосу алдында “Аракет плюс” коомдук бирикмеси ишке ашырып келет. Долбоор ВИЧ/СПИДге, жыныстык жол менен жугуучу ооруларга жана вирустук гепатитке каршы туруу багытында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө техникалык жардам берүү Программасынын алкагында ишке ашырылып, аны Орусия Федерациясынын Өкмөтү каржылайт.