Кыргызстан АИВны дарылоону жакшыртуу үчүн улуттук протоколдорду кайрадан карап чыгууда

WHOWHO

2017-жылдын 7-10-августунда өткөрүлгөн жолугушуу Кыргызстандын АИВны дарылоону улуттук адистер менен ДССУ эксперттерин бириктирүү аркылуу жакшыртуу боюнча улуттук протоколун такай кайрадан карап чыгып туруу ишине өз салымын кошту.

АИВ боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушундагы тоскоолдуктарды жана төмөнкүлөр үчүн натыйжалуу ыкмаларды аныктоо кеңешменин милдети болуп калды:

·         дарылоону өз убагында баштоо;

·         АИВ менен жашаган адамдардын дарыланууга ыктуу болушун жана такай дарыгерлерге кайрылып турушун камсыздоо;

·         дарылоонун жыйынтыктарын көзөмөлдөө; жана

·         вирус башкаларга жугуп калбоосун камсыздоо.

Бул биргелешкен иш ДССУнун ЕАБ менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Республикалык ИЖОС борбору ДССУнун акыркы сунуштамаларына шайкеш өткөрүп жаткан кайра карап чыгууну колдогон туруктуу кызматташуунун бир бөлүгү болуп саналат.  Бул иш-аракеттер АИВны дарылоону өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары караган саламаттык сактоону реформалоонун улуттук программасынын максаттарына дал келет.

Кургак учук менен айкалышкан ИЖОСтун жаңы учурларынын 2015-жылдагы саны – аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири

2009-жылдан тартып Кыргыз Республикасында антиретровирустук терапиядан (АРТ) өткөн адамдардын саны болжол менен 4 эсе өскөн жана АИВ эпидемиясын стабилдештирүүнүн белгилери байкалууда. Анткен менен Кыргызстандагы АИВга чалдыгуунун жалпы көрсөткүчү 2015-жылы жогору бойдон калган. Кургак учук менен айкалышкан ИЖОСтун жаңы учурларынын саны (61%) 2015-жылы ДССУнун Европа аймагы боюнча эң бийик көрсөткүчтү түзгөн. АИВга чалдыккан жана инфекциянын акыркы стадияларында болгон бейтаптардын саны да жогорку көрсөткүчкө туура келген (61%) жана 2015-жылдын жалпы регион боюнча орточо көрсөткүчүнөн (48%) да жогору болгон.

Жумушчу топтор улуттук протоколдорду кайра карап чыгышы керек

Кыргызстан 2017-жылдын июнунда ДССУнун колдоосу менен АИВны дарылоонун протоколдорун кайрадан карап чыгуу үчүн улуттук жумушчу топту түздү. Топтун талкууларынын жыйынтыктары ДССУга жана Саламаттык сактоо министрлигине берилип, дарылоонун схемаларын оптималдаштыруу жана дарылоонун сапатын камсыздоо, чыгымдарды кыскартуу жөнүндө диалог жаралышын шарттады.

АРТ боюнча улуттук протоколдордун жаңы версиясында схемалар ДССУ тарабынан 2016-жылы кабыл алынган «АИВ-инфекциясынын алдын алуу жана дарылоо үчүн антиретровирустук дары-дармектерди колдонуунун консолидацияланган жетектөөчү принциптерине» толугу менен шайкеш келиши керек. Протоколдордо ошондой эле жаңы антиретровирустук дары-дармектерге өтүү жана АИВ-инфекциясын жуктуруп, ооруну өтүштүрүп алган оорулууларды дарылоо боюнча 2017-жылдагы жаңы кадамдар эске алынат.

Ошол эле учурда башка улуттук жумушчу топ АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу  боюнча борборлорунун колдоосу менен АИВ жаатындагы лабораториялардын дараметин бекемдөө маселеси боюнча иш алпарат. Бул топ дарылоонун лабораториялык мониторингин кеңейтүүгө, өзгөчө Кыргызстанда АИВ-инфекциясы менен жашаган жана АРТ боюнча кеч дарыланып баштаган адамдардын саны көп экендигин эске алуу менен кеңейтүүгө негиздеме берген.

Саламаттык сактоо тармагынын АИВга жооп кайтаруусу боюнча европалык иш-аракеттер планына ылайык ишмердүүлүк    

Семинарга кошумча катары ДССУ атайылаштырылган мекемелердин өкүлдөрү, медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр, эксперттер менен өнөктөштөрдүн кеңири түйүнүнүн өкүлдөрү катышкан жолугушууларды жана кереге кеңештерди өткөрдү. Алар жетишилген прогресс жана четтетүү керек болгон көйгөйлөр жөнүндө маалымат беришти.

Негизги талкуу ИЖОС, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонддун АИВга азыркы тапта берилген жана келечекте бериле турган грантын ишке ашыруу жана ДССУнун Европа аймагындагы саламаттык сактоо тармагындагы АИВга жооп кайтаруу боюнча иш-аракеттер планына шайкеш жалпы улуттук иш-аракеттер маселелеринин тегерегинде жүрдү.

Бул талкуулар тийиштүү өнөктөштөрдүн, мекемелердин жана секторлордун ортосунда синергизм жаратуу жолу менен АИВны дарылоонун улуттук протоколдорунун биринчи долбоорун аяктоо үчүн инклюзивдүү процессти камсыздады. АИВны дарылоонун улуттук протоколдору 2017-жылдын аягында бүтө тургандыгы күтүлүүдө, ал эми «Баарын дарылоо» ыкмасы 2018-жылы ишке ашырылмакчы.