Кыргызстан бала эмизүү боюнча көрсөткүчү төмөн өлкөлөрдүн тизмесине кирди

UNCT-KG-UNICEF-WBW

Кыргызстанда баланы эмчек эмизип багуу жөнүндө мыйзамды бузуу өлкөдө 6 айга чейинки курактагы ымыркайлардын жарымынан көбү эмчек сүтү менен гана багылбай жатканына алып келди

2017-жылдын 1-августу. – БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана башка академиялык институттар менен биргеликте 194 өлкөдө “Бала эмизүүнү баалоонун глобалдык системасы” деп аталган изилдөө жүргүздү. Анын жыйынтыктары көрсөткөндөй, дүйнөдө 23 өлкөдө гана алты айга толо элек ымыркайларды эне сүтү менен гана багып өстүрүү көрсөткүчү 60% жогору болгон. ЮНИСЕФтин изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргызстанда алты айга толо элек наристелердин 41% эне сүтү менен гана өссө, балдардын 69,5% эмчек эмгенден тышкары жасалма аралашмалар менен да тамактанат.

Кыргызстанда бала эмизүүнү коргоо жана колдоо максатында 2008-жылдан бери “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзам иштеп келатат. Бирок акыркы учурларда мыйзам бузуулар аныкталууда. Алар:

-  саламаттык сактоо мекемелеринде балдардын тамак-аш аралашмасы жайылтылууда (энелерге акысыз үлгүлөр берилет, төрөт үйлөрүнүн медициналык кызматкерлери жасалма аралашмаларды сунушташууда, мекемелердин жетекчилери балдар үчүн жасалма аралашмалардын көргөзмөлөрүн уюштуруп, жасалма аралашмаларды өндүрүүчүлөрдү илимий конференцияларга демөөрчү катары чакырышууда ж.б.);

- балдардын тамак-аш аралашмасы – эмчек сүтүн алмаштыруучулар саламаттык сактоо мекемелеринин ичиндеги дарыканаларда сатылууда;

- маркировкалоо талаптары бузулууда (кыргыз тилинде жазуулар жок, эмчек сүтүн алмаштыруучуларды идеалдаштырган тексттер жана сүрөттөр бар);

- адаштырган жана балдар тамак-ашынын аралашмасын колдонууга шыктандырган, эрежелерди бузган жарнамалар чыгууда;

- мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда эне жана бала үчүн атайын бөлмө жай жок.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФ жана жарандык коом менен биргеликте эрте курактагы балдарды эмчек эмизип багуу боюнча адекваттуу практиканы жайылтуу жаатында саясат жүргүзүп келүүдө. Тагыраак айтканда: ымыркай жарык дүйнөгө келгенден кийин алгачкы сааттарда аны эненин төшүнө жаткыруу, алты айга чейинки курактагы балдарды эмчек эмизип гана багуу, алты айлык курактан тартып баланы кошумча тамактандыра баштоо жана бала эки жашка чыкканга чейин эмизүү.

“Эмчек сүтү бала үчүн алгачкы эмдөө жана тамактануунун мыкты булагы болгондон тышкары анын иммунитетин коргойт жана эне менен бала ортосундагы психологиялык, эмоционалдык байланышты бекемдейт. Биз бала алты айга толгонго чейин аны эмчек сүтү менен гана багуу керектигин, анткени бул балдар арасындагы өлүмдүн санын жылына 7,4% азайтарын айтып келатабыз”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Баланы эки жашка чыкканга чейин эмчек эмизип багуу жана 6 айынан баштап кошумча тамак-аш аралашмаларын киргизүү жолу менен 5 жашка чейинки курактагы балдар арасындагы өлүм көрсөткүчүн 20% азайтууга болот. Ошондой эле эмчек эмизүү баланын торолуусуна гана жардам бербестен, ошону менен бирге аялдын ден соолугуна да оң таасирин тийгизет. Эмчек эмген баланын интеллектисинин коэффициенти эне сүтүнүн даамын татпаган балдарга караганда 2,6 пунктка жогору болгону бир нече жолу далилденген.

"Эмчек эмизип багуу - дени сак муунду өстүрүү үчүн зарыл болгон жөнөкөй бирок  өтө маанилүү практика, ошондуктан алты айга толо элек наристелердин тамак ашы жалаң эле эне сүтү болуш керек. Эненин сүтү балдар үчүн аябай пайдалуу жана болочок муундун ден соолугуна салым, - деди Ярно Хабихт, Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү. – Биз баарыбыз - дарыгерлер жана медайымдар, аталар жана достор энелерди балдарды эмизип чоңойтуп жатканда колдошубуз керек".

Балдардын өмүрүн сактап калууда эмчек эмизүү канчалык маанилүү болгонуна көңүл бурдуруу максатында дүйнө жүзү жыл сайын 1-7-август күндөрү Бала эмизүү апталыгын белгилеп келет. Баланы алгачкы алты айында эмчек эмизип гана багууну коргоо жана колдоо үчүн аталган апталык биринчи жолу 1991-жылы өткөн.

“Бала эмизүүнү баалоонун глобалдык системасы”аттуу изилдөө жөнүндө:

Изилдөөгө эмчек эмизип багуунун статусу тууралуу дүйнө жүзү боюнча 194 өлкөдөн алынган маалыматтар камтылды.

Баланы алты айга чейин эмчек сүтү менен гана багууда 60% ашык көрсөткүчкө жеткен өлкөлөр: Боливия, Бурунди, Кабо-Верде, Камбоджа, Корей Элдик-Демократиялык Республикасы, Эритрея, Кения, Кирибати, Лесото, Малави, Микронезия, Науру Федеративдик Штаттары, Непал, Перу, Руанда, Сан-Томе жана Принсипи, Соломон аралдары, Шри-Ланка, Свазиленд, Чыгыш Тимор, Уганда, Вануату жана Замбия.

ЮНИСЕФ тууралуу: ЮНИСЕФ жасаган ишинде ар бир баланын укуктарын жана бакубатчылыгын колдоого алат. Биз өз милдеттенмелерибизди иш жүзүндө аткаруу үчүн долбоорлор боюнча өнөктөштөрүбүз менен бирге 190 өлкөдө иш алып барабыз. Дүйнө жүзү боюнча бардык балдардын бакубат жашоосу үчүн өзгөчө көңүл эң аярлуу жана коргоого муктаж балдарга бурулат. ЮНИСЕФ жана анын иши тууралуу толук маалымат алуу үчүн www.unicef.org сайтына баш багыңыз. ЮНИСЕФтин Facebook жана Twitter тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.

ДСУнун Европалык регионалдык бюросу: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) негизги ролу болуп БУУ системасындагы эл аралык саламаттык сактоо маселелерин башкаруу жана координациялоо эсептелет. ДСУнун Европалык бюросу (ДСУ/Европа) – дүйнө жүзү боюнча 6 аймактык кеңсенин бири. 29 өлкөдө жайгашкан кеңселери, 3 техникалык борбору жана Копенгагендеги штаб-кеңсеси аркылуу ДСУ/Европанын эксперттер командасы бардык адамдар үчүн саламаттыктын жогорку деңгээлине жетүү үчүн өкмөттөр жана башка өнөктөштөр менен иш алып барат. 

Толук маалымат алуу үчүн: Мавлюда Джапарова, ЮНИСЕФтин коомчулук менен байланыш боюнча адиси. Тел: (0312) 611211 (кошумча номер: 288), эл. Дареги: mdzhaparova@unicef.org