Ыктыярдуу элчи Вера Брежнева жана жергиликтүү жылдыздар Кыргызстанда ВИЧ менен жашаган адамдарга колдоосун көрсөтүүдө

UNCT-KG-UNAIDS-VEra1

Бишкек, Кыргызстан (2017-жылдын 16-майы) 2017-жылдын 16-май күнү Бишкек шаарында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө БУУнун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен программасынын Ыктыярдуу элчиси, ырчы, актриса жана телеалып баруучу Вера Брежневанын катышуусу менен маалымат жыйыны өтүүдө.

Вера Брежнева Ыктыярдуу элчи болуп 2014-жылы дайындалган. Ошондон баштап Брежнева Чыгыш Европа жана Борбор Азия регионунда ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча ишке жигердүү тартылды. Вера ВИЧ менен жашаган адамдар, СПИД менен ооруган аялдар, өспүрүмдөр, жаштар менен туруктуу жолугушуп турат. Ал эми чечим кабыл алган адамдар менен жолугушууларда стигма жана басмырлоо менен күрөшүү маселесин көтөрүп келет.

Белгилүү болгондой, басмырлоонун чеги болбойт. Ыктыярдуу элчи Брежневанын айтымында, бул кызматты ээлеген мезгил ичинде ал барган (10 жолу) дээрлик бардык өлкөлөрдө эпидемия тийип өткөн аялдар жана балдар менен жолугушкан жана бардык жерде алар түрдүү чөйрөлөрдө басмырлоого туш болуп келатканын айтып беришкен. Кыргызстан да бул өлкөлөрдөн айырмаланбайт. Бүгүн Вера ВИЧ менен жашаган аялдар жана балдар менен жолугушту. Кыргызстанда ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча программалардын жана адекваттуу мыйзамдардын бар болгонуна карабастан, ВИЧке кабылган өспүрүмдөрдүн энелери коркуп жашайт, көпчүлүгү өзүнүн да, баласынын да статусун атүгүл жакын туугандарынан да жашырышат. Көп учурда өспүрүмдөрдө саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жок. Мисал катары тиш дарылоого байланыштуу көйгөйлөр аталган. Ал эми окуу жайларда дени сак балдардын коопсуздугу үчүн ВИЧ менен жашаган балдардын статусун ачыкка чыгаруу талабы коюлуп келет. Ушундан улам эч ким өзү же баласы ВИЧ менен ооруй турганын билбеши үчүн көпчүлүк аялдар өз үйүн, үй-бүлөсүн таштап, башка аймакка, атүгүл башка өлкөгө да көчүп кетүүгө даяр.

Вера ВИЧтин жугуу жолдору жакшы белгилүү болгонун эске салды. Алар: кан аркылуу, корголбогон жыныстык катнаш жана ВИЧ илдетин жуктурган энеден балага эмчек сүтү аркылуу. “ВИЧ турмуш-тиричиликте, өбүшүп, кучакташкан учурда ЖУКПАЙТ. ВИЧ илдети бар бала менен бир окуу жайда билим алуу коркунучтуу эмес жана эч качан корунучтуу болбойт”, - деп билдирди Брежнева. “Басмырлоо биздин колдообузга жана жардамыбызга муктаж болгон адамдардын тагдырын талкалап жатат. Ошондой эле басмырлоо коомго эпидемияга эффективдүү каршы турууга тоскоол болуп жатат. Анткени колдоого муктаж адамдар коркуу сезиминен улам жардам сурап кайрылышпайт. Эгерде адам өз убагында дарылана баштаса, кандагы вирустун саны көзөмөлдө болуп, аны башкага жуктуруу тобокелдиги азаят”.

 

Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ЮНЭЙДСтин Регионалдык директору Виней Салдананын айтымында, 2016-жылы Кыргызстан СПИД эпидемиясын 2030-жылга чейин токтотуу боюнча Саясий декларацияга кол койгон. Декларацияга кол койгон мамлекеттер өзүнө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алышкан: 2020-жылга чейин ВИЧ менен жашаган адамдардын 90% өз статусун билип калышат; ВИЧ менен жашаган жана өз статусун билген адамдардын 90% дарыланышат; дарыланып жаткан адамдардын 90% вирустук жүк нөлгө түшөт. Эгерде коом жаман ойду жана коркуу сезимин жеңип, стигма жана басмырлоонун деңгээлин азайтып, СПИД менен ооруган адамдардын күч-аракеттерин бириктире алганда гана жогорудагыдай дымактуу максаттарга жетүү мүмкүн болот.

“ЮНЭЙДС ооруну алдын алуу программаларына кошулган жана ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигма менен басмырлоону жок кылууга байланышкан маселелерди жигердүү түрдө көтөрүп келген кыргыз эстрадасынын жаш жана белгилүү ырчыларын, алып баруучуларды жана моделдерди колдойт. Алардын ар бири стигма менен басмырлоону жок кылууга өз салымын кошо алышат”, - деди Виней Салдана.

ЮНЭЙДС

Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасы (ЮНЭЙДС) бир максатка жетүү үчүн демилге көтөрүп, дүйнөгө дем берип келет. Ал максат: жаңы ВИЧ-илдеттери – нөл, басмырлоо – нөл жана СПИДдин кесепетинен өлүмдөрдүн саны – нөл. ЮНЭЙДС БУУнун 11 мекемесинин күч-аракеттерин бириктирет. Алар: БУУ Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгы, БУУнун Балдар уюму – ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ПРООН, БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы, “БУУ-Аялдар”, Эл аралык эмгек уюму, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Дүйнөлүк банк. Бул мекемелердин баары Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотуу үчүн глобалдык жана улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып келишет. Сиз толук маалыматты unaids.org сайтынан таба аласыз, же биз менен Facebook, Twitter, Instagram жана YouTube аркылуу байланышсаңыз болот.

Кыргызстандагы ВИЧ илдетинин тегерегиндеги кырдаал боюнча кошумча суроолор менен ЮНЭЙДСтин өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаевага кайрылсаңыз болот. Эл. дареги: sarybaevam@unaids.org