Кыргызстандагы ден-соолуктун глобалдуу дипломатиясы боюнча алгачкы тренинг

WHOWHO

2017-жылдын 13-декабрында Кыргызстанда, Бишкек шаарында ден-соолуктун глобалдуу дипломатиясы боюнча алгачкы тренинг  өттү. Иш-чара ДССУнун Өлкөлүк кеңсеси менен Кыргыз Республикасынын ТИМинин Дипакадемиясынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын натыйжасы болуп калды.

Тренингге парламенттик, президенттик жана өкмөттүк мекемелердин жогорку деңгээлиндеги өкүлдөрү, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелеринин кызматкерлери катышты.

Тренинг Кыргыз Республикасынын ДССУга мүчө болгондугунун 25 жылдыгына жана 12-декабрда белгиленген Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо күнүн утурлап өткөрүлгөн. Ал азыркы заманбап контексттеги саламаттык сактоонун глобалдык дипломатиясындагы негизги концепцияларды жана артыкчылыктарды, ошондой эле  Кыргызстандын Борбордук Азия аймагындагы жана анын чегинен тышкары жерлердеги ролун талкуулоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп калды.

Окутуу-тренингдин форматы жана уникалдуу күн тартиби Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Эл аралык изилдөөлөр жана өнүгүү жогорку институту менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккан.

Сабактардын негизги темалары

Катышуучулар ДССУнун Европа аймактык бюросунун (ЕАБ) эксперттеринин, анын ичинде д-р Хайк Никогосяндын (ДССУ Аймактык директорунун Атайын өкүлү), д-р Ричард Олдерсладдын (саясат маселелери боюнча улук кеңешчинин), Моника Косинсканын (ден-соолук максатында башкаруу маселелери боюнча программанын жетекчиси) жана д-р Ярно Хабихттин (ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү жана ДССУ өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси) презентацияларынан саламаттык сактоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат алышты.

Чыгып сөз сүйлөгөн өкүлдөр дипломатия ден-соолук, тышкы саясат жана өнүгүү маселелери менен кандайча байланышта экендигине, ошондой эле саламаттыкты сактоо саясатынын глобалдык көйгөйлөрү ар кыл топтор тарабынан жана башкаруунун ар кайсы деңгээлдеринде кандайча чечилип жаткандыгына көңүл бурушту.

Презентациялардан кийинки талкуулардын жүрүшүндө ар кыл улуттук жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан 4 негизги тема каралып чыккан:

·         ден-соолуктун глобалдык дипломатиясынын өзөгү – ден-соолуктун, тышкы саясаттын жана өнүгүүнүн кесилишинде турган бардык маселелер;

  • эл аралык уюмдардын глобалдык башкаруудагы жана ден-соолук үчүн көп тараптуу дипломатиядагы ролу;
  • саламаттык сактоонун глобалдык шаймандары – ден-соолуктун глобалдык дипломатиясынын эң бир маанилүү компоненттери, жана
  • саясий жана экономикалык форумдар глобалдык дипломатиянын борборлору катары.

Жогорку деңгээлдеги өкүлдөр үчүн дараметти арттыруу

Өз сөздөрүндө тышкы иштер министрлигинин Эл аарлык уюмдар жана коопсуздук департаментинин жетекчиси Сейит Убукеев менен Саламаттык сактоо министри     д-р Талантбек Батыралиев саламаттык сактоо жааты үчүн да, тышкы иштер чөйрөсү үчүн да окутуп-үйрөтүүнүн маанилүү экендигин белгилешти.

«Саламаттык сактоонун глобалдык көйгөйлөрүнүн коопсуздук, тышкы саясат, айлана-чөйрө жана адам укуктары сыяктуу бир нече жааттар менен өз ара алакасы бар жана айкалышып турат», - деди Убукеев мырза. «Ден-соолук дипломатиясы темасы өлкөбүз үчүн салыштырмалуу түрдө жаңы темалардан болгонуна карабастан, ал бизге саламаттык сактоо чөйрөсүн бекемдеп, анын көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берет».

Бул дараметти арттыруу боюнча окутуп-үйрөтүү тренинги дипломатияны колдонгон саламаттык сактоо маселелери боюнча саламаттык сактоо жана тышкы иштер министрликтеринин, өкмөттүн, эл аралык уюмдардын жана академиялык мекемелердин өкүлдөрү үчүн атайын иштелип чыккан. Ал ушул өкүлдөрдүн саламаттык сактоону глобалдуу башкаруунун динамикасын түшүнүүсүн тереңдетүүгө жана алардын көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталган.