№64- гимназия-мектебинде окуучулура үчүн тамактануунун жаны үлгүсүнүн презентациясы болуп өттү

UNCT-KG-WFP-city meals

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, мэрия жана Бишкек шаарынын шаардык билим берүү башкармалыгы бүгүн шаардагы мектептерде ысык тамак берүүнү баштады. Бул Россия Федерациясынын колдоосу жана Россиянын Тармактык тамактандыруу институтунун (ТТИ) катышуусу менен мүмкүнчүлүккө ээ болууда.

Бүгункү күндөн баштап шаар мектептеринин арасында жаны үлгүдөгү тамактаныдурууну тестирлоо үчүн алгачкы пилоттук мектеп болгон №64- гимназия-мектебинин 1200дон ашык башталгыч классынын окуучулары ар күнү сапаттуу жана тоюмдуу ысык тамакты иче алышат.

Айыл мектептеринде БУУ ДАТП жана КРнын билим берүү жана илим министрлигинин биргеликте ишке ашырып жаткан долбоорунун алкагында мектеп тамагын реформалоодогу ийгиликтерин эске алып, Бишкек шаарынын мэриясы жана шаардык билим берүү баашкармалыгы шаардагы мектептерде да тамактандырууну жакшыртуу демилгесин которушту. Ал үчүн БУУ ДАТП Тармактык тамактандыруу институтунун оноктоштугу менен жана борбордук бийликтин колдоосу менен аты аталган борбордогу мектепте тамактандырууну баалоону өткорүштү. Анын жыйынтыгы борбордогу мектептерде мектеп тамагын өнүктүрүү концепциясын түзүүгө жана тамактануунун жакшыртылган үлгүлөүн иштеп чыгууга негиз боло алат.

Бул окуу мекемеси үчүн тамактанууну уюштуруу, тамактарды даярдоо жана сактоо, идиш-аякты жана азык-түлүкторду иштетүү жана сактоо үчүн технологиялык долбоор иштелип чыкты.

Ошондой эле мектепте чогуу куч-аракет менен ремонт иштери жасалды: электрдик монтаж иштери, суу менен камсыз кылуу жана канализация ишери, мектеп ашпозчулары үчүн кесиптик окуулар өткөрүлдү. БУУ ДАТП аркылуу заманбап өнөржай жабдуулары менен камсыз болушту, аларга электр плитасы, буу конвектоматы, идиш жуучу өнөржай машинасы, шамалдатуучу зонттор, көп секциялуу нан бышыруучу шкафтар, өнөржай электр мискейлери, камыр жууругуч аппарат, муздаткычтар, суу жылыткычтар, идиш жуугуч ванналар, жашылча кесүүчү машиналар, стеллаждар жана жумушчу столдор кирет.

«Шаардын шарттарына ылайыктап мектеп тамагынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу үчүн жаны ыкма жана жаны технологиялык чечимдер керек болду, - деп БУУ ДАТПнын КРдеги директору Рам Сараванамутту белгилеп отту. – Азыр биз шаар мектептериндеги балдардын саныны көптүгүн, инфраструктуралык шарттарын жана башка факторлорду эске алуу менен борбор калаада мектеп тамагынын универсалдуу бир формуласы болбошун түшүндүк. Мэрия менен, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы жана КРнын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте биз тамактануунун ынгайлуу үлгүлөрү түзүүнүн үсүтүнөн иштей бермекчибиз».

Кийинки айларда шаардын шарттарында мектеп тамагын уюштуруу үчүн жаны ыкмаларды тузуу боюнча иш-чаралар улана бермекчи. Алардын натыйжасы мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыз кылган жана шаардык мектептер менен шаар бийлигинин мүмкүнчүлүктөрүнө туура келген мектеп тамагынын үлгүлөрү болоорун күтүүдөбүз.

Бул жумуш Россия Федерациясынын туруктуу каржылоосу болбосо иш жүзунө ашуусу мүмкун бөлмөк эмес, алар КРдагы мектеп тамагын жакшыртуу программасы үчүн 12 млн АКШ долларын болуп берген. Ошонун натыйжасында 85 350 дон ашык башталгыч класс окуучулары олко боюнча 330 пилоттук мектептерде толук кандуу тамак менен камсыз болушууда.

«Биз көрүп тургандай, Россия Федерациясынын ресурстары Кыргыз Республикасында мектеп тамагын уюштуруудагы ыкмаларды концептуалдык өзгөртүү үчүн өзүнчө катализатор болуп калды, - деп белгиледи Россия Федерациясынын КРдагы элчилигинин кенешчи өкүлү Алексей Мзареулов. – Азыркы күндө мектеп тамагы балдарды жана үй-бүлөөлөрдү социалдык-экономикалык жактан колдоочу шайман катары эсептелет, ошондой эле балдарга толук кандуу тамактанууга, ден-соолугуна, билим алууга жана осууго укук алууга мүмкүнчүлүк берет».