БУУ БКБ кыргыз-тажик достугуна спорт аркылуу салым кошууда

UNCT-KYG-UNODC-Kolundu

КУЛУНДУ, 2017-жылдын 20-сентябрында -  Кулунду – Кыргызстандын түштүгүндөгү Баткен облусундагы Тажикстан менен чектешкен жердеги айыл. Калкынын саны 25 миң жакын болгон бул алыскы калктуу конуштун эли, негизинен, айыл чарбачылык жана чектешкен аймактагы соода менен күн көрүшөт. Бул жерде Россия жана башка өлкөлөргө иш издеп кетүү кадимки көрүнүшкө айланган. Ошондон улам башка жакта иштеп кеткендер жөнөткөн акчалай которуулар аймактагы калктын кирешесинин башкы булактарынын бири болуп саналат.

Кулундудага жашоо-турмушка бир катар факторлор таасир этет. Алардын ичинде таза ичүүчү суу менен сугат суусунун тартыштыгынан, ошондой эле мал жайыла турган жерлердин жеткиликтүү эместигинен улам жаралган көйгөйлөр да бар. Андан тышкары, аймакта жашаган, айрым учурларда - өлкөдөн чегинен тышкары жерлерде жашаган ар кыл этностук топтордун ортосунда этностор аралык чыңалуу жаралган учурлар да жок эмес. Кулундудагы калкты кыжаалат кылган дагы бир маселе – радикалдашуунун күчөп кетүү тобокелдиги, ал айланып келип эле калк арасында зомбулуктун пайда болушуна алып келиши ыктымал эмеспи.

«2014-жылдан тартып БУУ БКБ Кулунду айылында жана өлкөнүн башка калктуу конуштарында укук коргоо органдары менен коомдоштуктардын ортосундагы ишенимди арттыруу жана биргелешип коомдук тартипти сактоо максатында, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу жанакоомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иш алпарууда”, - деди Кулунду айылындагы футбол талаасынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө БУУ БКБнын эл аралык координатору Кун Маркверинг. «Мында, Кулунду айылында, жаңы спорт аянчасын ачуу коомдун кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгү жергиликтүү калк үчүн реалдуу артыкчылыктарды алып келе ала тургандыгынын көрүнүшү болуп саналат”, - деп белгиледи ал.

Жаңы футбол талаасы жергиликтүү коомдоштук тарабынан 2016-жылы жергиликтүү бийлик органдарынын, милициянын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү борбордун жана жарандык коомдун жигердүү катышуусу менен иштелип чыккан укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү планды ишке ашыруунун алкагында курулган. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү планды ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү бюджеттен жана сыткы донорлордон 5 миллион сом (же 70 000 АКШ долларынан ашуун) өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Бул иштин демилгечилердин бири – Жергиликтүү муниципалитет кеңешинин мүчөсү жана Жаштар борборунун жетекчисинин орун басары Нурали Пайзиев болду. «Спорт жаштардын билимдүү болушуна оң таасирин тийгизип, алардын кылмыш менен зомбулукка аралашуусуна бөгөт кое алат”, - деп белгиледи Паизиев. «Бул жаңыртылган аянтчаларда биз спорт менен машыгуу аркылуу толеранттуулукту өнүктүрүүгө, жаштардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшө алабыз”, - деп кошумчалады ал.

Маалымдуу болууну кеңейтүү боюнча ар кыл демилгелерди колдонуу менен Кулундудагы жаштар борбору футбол талаасын куруу үчүн  жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктө  2 миллион сомдон ашуун (болжол менен 30 000 миң АКШ доллары) каражат тартып келе алышты. БУУ БКБ 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүп берип, андан тышкары жаштар борборуна топторду, футболкаларды жана башка спрттук аксессуарларды белек кылды. Ачылыш аземинен кийин милиция кызматкерлеринин, жаштардын жана башка айылдардан, анын ичинде кошуна Тажикстандын айылдарынан келген тургундардын катышуусу менен футбол матчы өткөрүлдү.

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү пландын алкагында БУУ БКБ Кулунду айылында жаңы милиция бөлүмүн курууга да көмөктөштү (наркы 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө). Кулунду айылына жакын жайгашкан Максат айылындагы жергиликтүү коомчулук да жаңы милиция бөлүмүнүн курулушуна жардам беришти. Анын аркасында укук коргоо органдарынын аймакты камтуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Укук бузуулардын алдын алуу жергиликтүү бийлик органдарынын күн тартибиндеги маанилүү пункт болуп саналат. Быйыл укук бузуулардын алдын алуу боюнча жаңы план кабыл алынган.

БУУ БКБнын жаштар борборуна бөлүп берген 3000 АКШ доллары өлчөмүндөгү чакан грантынын шарапаты менен калк арасында ишенимди бекемдөө жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында бир катар диалог платформаларын, маалыматтык кампания,радиоуктурууларды жана спорттук иш-чараларды өткөрүү каралган.

БУУ БКБ өзүнүн 2015-2019-жылдарга карата Борбордук Азия үчүн программасынын алкагында жана АКШ Департаментине караштуу Баңгизаттарга көзөмөл кылуу жана укуктук тартипти сактоо эл аралык маселелери боюнча бюронун каржылык колдоосу менен укук коргоо органдары менен калктын ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүгө жана кылмыштуулуктун алдын алууга көмөктөшүүсүн улантмакчы.

БУУ БКБ жакында эле жаштардын арасында спорт аркылуу кылмыштуулуктун алдын алууну илгерилетүү боюнча глобалдык демилге көтөрүп чыкты. Кулундунун мисалында белгиленгендей, бул демилге жаштардын турмушка керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүү жана алардын укук бузуулар менен баңгизат колдонуунун кесепеттери туурасында маалымдуулугун арттыруу аркылуу спортту өнүктүрүүгө багытталган. «Жашоого аралаш» аттуу турмуштук көндүмдөргө окутуп-үйрөтүүнүн жаңы программасы азыркы тапта Бразилия менен Түштүк Африкада тест катары ишке ашырылууда. Кийинчерээк ал башка аймактарда, анын ичинде Кыргызстанда пилоттук негизде ишке ашырылмакчы.

Кошумча маалымат:

UNODC in Central Asia/ Борбордук Азиядагы БУУ БКБ

UNODC Programme for Central Asia 2015-2019/ БУУ БКБнын 2015-2019-жылдарга карата Борбордук Азия үчүн программасы

Doha Declaration Global Programme/ Доха декларациясынын алкагындагы глобалдык программа

Sports against youth crime/ Спорт жаштар кылмыштуулугуна каршы күрөштө 

***

Кошумча маалымат алуу үчүн Василина Бражко айым менен байланышсаңыздар болот,

Пресс-катчы, БУУ БКБ БААК

Тел.: +996 775 98 78 17, email: vasilina.brazhko@unodc.org