Кыргызстан адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Өкмөттүн жаңы Программасын талкуулады

UNCT-KG-UNODC-2017 feb

Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкаруучулук Программалык кеңсеси (БПК БУУ) жана Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматы 50 дөн ашык мамлекеттик кызматчыларды, кризистик борборлордун эксперттерин, жабыр тарткандарды колдоо топторун, МЭУ жана эл аралык уюмдарды Өкмөттүн Программасын жана 2017-2020-жылдарга карата адамдарды сатууга каршы аракеттердин Улуттук планын талкуулоого чогултту.   

Тегерек столдо болгон талкуунун жүрүшүндө БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча Башкаруучулугунун долбоорунун координатору Кун Маркверинг «Адамдарды сатууга каршы күрөшүү эл аралык коомчулуктун күн тартибинде курч турат жана дүйнөнүн бир дагы өлкөсү адамды сатуудан корголгон эмес» деп айтты.  

Аракеттердин жаңы планын иштеп чыгуу жүрүмүнүн алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ мөөнөтү 2016-жылы аяктаган, адамдарды сатуга каршы күрөштүн мурдакы планынын жүзөгө ашырылышынын деңгээлин баалады. Талдоонун жыйынтыгы, 2013-2016-жылдардагы планды жүзөгө ашыруунун дегээли 70% ашык аткарылганын, бирок аны менен катар бир нече жетишпегендиктерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды.   

Алмазбек Асамбаевдин пикири боюнча, Миграция боюнча мамлекетик кызматтын төрагасынын орун басары мурдакы 2013-2016-жылдарга карата аракеттердин планында мыйзамдарды өзгөртүү боюнча чон топ иш өткөргөн. «Кылмыш кодексинде адамдарды сатууга каршы эскертүүгө жана уюштургандыгы  үчүн жоопкерчиликке тартууга багытталган берене бар».  

Тегерек столдун катышуучулары мындай аракет пландарды координациялоону жакшыртуу, мониторинг жана баалоо, ошондой эле, атап айтканда баш калкалоочу мекемелерди тийиштүү деңгээлде каржылоонун керектүүлүгүн баса белгилешти. Жүргүзүлгөн талдоонун алкагында, Кыргызстанда адамды соодалагандык үчүн соттук артынан түшүү маалыматтары чогултулган. 2013-2016-жылдары соттор тарабынан жалпы жонунан 50 кылмыш иши каралган, жана эмгек же сексуалдык эксплуатациялык запкы көрсөткөндүгү үчүн 62 адам жоопкерчиликке тартылган.  

«Аракеттенүүнүн жаңы планы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча мындан аркы иштерди, запкы көргөндөрдү башка жакка багыттоонун механизмдерин түзүүгө, адамдарды сатуунун алдын алып эскертүү боюнча макулдашылган аракеттерди иштеп чыгуу, эксплуатациянын тобокелдери тууралу кабардар кылууну жогорулатуу, ошондой эле, ведомстволор аралык жана эл аралык өз ара кызматташтыкты күчөтүү, адам сатуу окуяларын териштирүүнүн жана натыйжалуу соттук куугунтуктоо, жана ошондой эле, запкы көргөндөрдү колдоо», деп чет өлкөдөгү эмгек мигранттары болгон жарандар боюнча Кыргыз Мамлекеттик миграция кызматынын бөлүмүнүн Башкы адиси Айдакеева Бактыгүль Өкмөттүн Программасынын бетачарында тегерек столдун катышуучуларына айтты.

Баңги заттарды эл аралык айлантууга каршы күрөшүү жана укук коргоо иштери боюнча АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Бюросунун каржылык жардамынын аркасында (INL), Кыргызстандагы баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Программалык кеңсеси Өкмөттүн адамдарды сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн 2015-2019-жылдарда мигранттарды мыйзамсыз киргизүүгө каршы багытталган Программа боюнча аракеттерин колдойт.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн УНП БУУнун Кыргызстандагы Программалык

кеңсесинин коомчулук менен байланыш боюнча Улуттук координатору

 айым Василина Бражкого кайрылсаңыз болот

сот. +996 775 98 78 17, эл. почта: vasilina.brazhko@unodc.org