Соттолгондорду коомго кайтаруу маселеси БУУ БККБ колдогон Биринчи Пенитенциардык Форумда талкууланды

UNCT-KG-UNODC_PenitenciaryForum

БИШКЕК, 2017-жылдын 29-марты – Соттолуучуларды коомго кайтаруу маселеси Биринчи Пенитенциардык Форумдагы талкуунун башкы темасы болду. Аталган форумду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Борбор Азия мамлекеттери үчүн Программасы жана Борбор Азиядагы Эл аралык абактарды реформалоо Өкүлчүлүгү (PRI) биргелешип уюштурду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун баамында, жазык-аткаруу системасын өркүндөтүү көйгөйүнө Кыргыз Республикасынын жогорку бийлик органдары тарабынан өзгөчө көңүл бурулат. “Биз соттолуучуларды медициналык тейлөө жана коштоп жүрүү, аларды кармоо шарттарын жакшыртуу, материалдык колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө бир кыйла ийгиликтерге жетиштик”.

Форум соттолуучуларды жана абактан чыккан адамдарды коомго кайтаруу жаатында эл аралык тажрыйба жана улуттук практикалар менен алмашуу максатында 15тен ашуун өлкө үчүн аянтча болуп калды. Мындан тышкары форумда пенитенциардык системада пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн оптималдуу жолдору иштелип чыкты.

“Кыргыз Республикасы соттолуучулар абакта отурган мезгилде да, эркиндикке чыккандан кийин да алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо чөйрөсүндө улуттук пенитенциардык системанын ишин эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайык келтирүүгө ишенимдүү багыт алды”, - деп айтты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров.

БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Александр Федуловдун баамында, өлкөнүн жазык-аткаруу системасындагы кайра түзүүлөрдүн алгачкы натыйжалары азыртадан оң жыйынтыктарды бере баштады. Ошол эле маалда учурда жаңы коркунучтар жана тобокелдиктер да бар. “Жазык-аткаруу системасы жогорку тобокелдиктеги соттолуучулар, анын ичинде терорристтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн эркинен ажыратылгандар менен иштешүү жаатында көп жумуштарды жасап, буга ыңгайлашуусу керек. Ошондой эле жаңы пробация кызматын түзүү зарыл”.

Британияда айрым компаниялар соттолуучуларды алар абакта отурган маалда окутуп, андан соң эркиндикке чыккандан кийин жумуш берет”, - деп айтты эл аралык PRI уюмунун башчысы Элисон Ханна. “Жумуш берүүчүлөр болуп бут кийим оңдоо боюнча устаканалар, наабайканалар бизнеси эсептелет”.

Форумдун катышуучулары Орусия Федерациясы, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Корея, Түркия өңдүү өлкөлөрдүн алдыңкы иш тажрыйбасы, ошондой эле КР жазык-аткаруу системасына бул маселеде көмөк көрсөткөн бейөкмөт уюмдардын ролу менен таанышып чыгышты.

Соттолгондорду коомго кайтаруу жана адаптациялоо процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатууну жана бул жаатта жаңы механизмдер менен усулдарды киргизүүнү караштырган программалык документтин долбоорун биргелешип талкуулоонун натыйжасында форумдун катышуучулары бир катар иш-чаралардын топтомун даярдашты. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө жардам берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун соттолуучуларга мамиле жасоого карата Минималдуу стандарттык эрежелерине ылайык (Нельсон Манделанын эрежелери), эркинен ажыратуу түрүндө жазалоонун негизги максаты болуп коомду кылмыштуулуктан коргоо жана кылмыштардын кайра кайталанышын болтурбоо эсептелет. Эгерде соттолуучу жазасын өтөп жаткан маалда ага зарыл болгон колдоо көрсөтүлсө, бул максаттар ишке ашат.

Форум БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын 2015-2019-ж.ж. Борбор Азия мамлекеттери үчүн Программасынын алкагында “Жазык юстициясы, кылмыштуулукту жана коррупцияны алдын алуу” аттуу 2-программачасы тарабынан уюштурулду.

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук координатору Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

моб. тел.: +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org