БУУ БКБнын аймактык конференциясында түзөтүү мекемелеринде экстремисттик идеяларды жайылтуунун алдын алуу маселеси талкууланууда

UNCT-KG-UNODC_14-15conference_1

БИШКЕК, 2017-жылдын 15-сентябры – Экстремисттик жана террористтик топтор бейпилдик менен коопсуздукка, туруктуу өнүгүүгө коркунуч туудуруп, адам укуктары менен мыйзам үстөмдүгүнө, мамлекеттердин суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө опурталдуу чакырык болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөрдүн пенитенциардык мекемелеринде радикалдуу диний агымдар уюшкан кылмыштуу топтор менен айкалышып, азгыруу иш-чаралары ишке ашырылып жатат. Борбордук Азия өлкөлөрү экстремизм жана терроризм менен күрөшүү боюнча иш-аракеттерин күчөтүп, анын ичинде түзөтүү мекемелеринде да бул иштер жолго коюлган.

Түзөтүү мекемелеринде экстремисттик идеялардын жайылышынын алдын алуу боюнча алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүү жана бул багытта аймактык кызматташууну күчөтүү максатында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен (ЖАМК) биргеликте эки күндүк Борбордук Азия конференциясын уюштурду.

«Заманбап чакырыктар өлкөлөрдү терроризм коркунучу менен экстремисттик ишмердүүлүккө каршы туруунун жаңы багыттарын, формаларын, усулдарын жана ыкмаларын жигердүү издөөгө мажбурлоодо. Экстремисттик жана террористтик  уюмдардын азгыруу дараметин чектөөгө, анын ичинде түзөтүү мекемелеринде да буга олуттуу көңүл бурууга багытталган натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу иши Кыргызстан Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», - деди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров. «ЖАМКтын жабык мекемелерине камалган жана террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн камакка алынгандардын саны 185 адамга жетип калды».

БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ашита Митталдын пикиринде, «Мамлекеттин пенитенциардык тутумду өнүктүрүү боюнча жалпы иш-аракеттери менен камактагы адамдардын радикалдашуусунун алдын алуу боюнча демилгелерди интеграциялоо зарылдыгы бар. Камактагы жашоо-шарттын начардыгы, натыйжасыз башкаруу, ошондой эле пенитенциардык тутумдагы коррупция пенитенциардык мекемелердеги экстремисттик идеяларды жайылтуунун алдын алууга жана ага каршы турууга багытталган иш-аракеттердин натыйжалуулугун төмөндөткөн факторлор болуп саналат».

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздук кызматтарынын, башкы прокуратураларынын, ички иштер министрликтеринин, жаза аткаруу кызматтарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү экстремисттик жана террористтик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор менен иш алпарууну уюштуруунун азыркы практикасын талкуулап, өлкөлөрдүн соттолгондорду классификациялоо жана тобокелдиктерди баалоонун ар кыл  тутумдарын колдонуу боюнча тажрыйбасын изилдеп, соттолгондордун кайрадан коомго кайтып келишин даярдоого көмөктөшкөн реабилитациялоо программаларын ишке ашыруу боюнча тажрыйба бөлүштү.

Өз кезегинде, иш-чарада Казакстан менен Кыргызстандагы экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн камалган адамдардын жашоо-шарттарына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ченемдик-укуктук актыларынын салыштырма-укуктук талдоосу презентацияланды.

Конференциянын жүрүшүндө БУУ БКБнын камактагы күжүрмөн экстремисттер менен иштөө жана түрмөлөрдө зомбулукка алып келген радикалдашуунун алдын алуу боюнча Сурап-билүү китепчеси да презентацияланды.

Белгилеп кое турган жагдай – Борбордук Азия өлкөлөрү менен БУУ БКБнын экстремисттик идеяларды жайылтуунун алдын алуу жаатында өз ара иштешүүсү БУУ Башкы катчысынын күжүрмөн экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашырууга багытталган.

Конференция БУУ БКБнын  2015-2019-жылдарга карата Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн программасын ишке ашыруунун алкагында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук координатору

Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

моб. тел.: +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org