БУУ БКБ аялдардын Кыргызстандагы зомбулуктуу экстремизмге каршы туруудагы ролун талкуулоо демилгесин көтөрүп чыкты

UNCT-KG-UNODC-women platform radicalization

БИШКЕК, 2017-жылдын 30-августу – БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы КР ИИМинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча кызматы менен биргеликте аялдардын диний уюмдарынын, бейөкмөт уюмдардын,  муфтияттын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Бишкек шаарынын ШИИБ жана Чүй облусунун ИИБ кызматкерлеринин катышуусунда “Аялдардын экстремизм менен терроризмге каршы туруудагы ролу” деген темада диалогдук жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстандагы аялдар менен кыз-келиндердин радикалдашуусунун алдын алуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле калк арасында радикалдык идеялардын жайылтылышынын алдын алуу боюнча КР ИИМинин, муфтияттын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана бейөкмөт уюмдардын биргелешкен ишин жөнгө салуу болуп саналат.

«Акыркы жылдары бир катар экстремисттик кыймылдар активдешип, алар өз ишмердүүлүгүнө аялдарды да тартып жаткандыгы байкалууда. Ошондой эле аялдардын өздөрү, анын ичинде экстремизмге айыпталып соттолгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн радикалдашып кеткен фактылары да бар», Бакиев Эрлан, КР ИИМинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча кызматынын бөлүм башчысы.  

“Мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, укук коргоо уюмдарынын жана башка түзүмдөрдүн башкы милдеттеринин бири – жарандык ынтымакты камсыздай турган конфессиялар аралык диалогду жана толеранттуулукту колдоо болуп саналат», - деди Кун Макверинг, БУУ БКБ программаларынын эл аралык координатору. «Бул милдеттерди чечүүнүн алкагында БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы кылмыш-жаза сот адилеттүүлүгү тутумунун дараметин күчөтүп, КР ички иштер органдарынын кызматкерлеринин дараметин арттырууга көмөктөшөт, бул болсо, өз кезегинде, зомбулуктуу экстремизмге каршы туруу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруунун ажырагыс шарты болуп саналат». 

Жолугушуунун катышуучулары зомбулуктуу экстремизмдин ар кандай көрүнүштөрү туурасында маалымдуулукту жакшыртуу боюнча агартуучулук иш-чараларды өткөрүү үчүн аялдардын диний уюмдарынын өкүлдөрү жана адистер менен иш алпарууну жакшыртуунун маанисин белгилеп, негизги басым өлкөнүн аймактарына жасалышы керектигин баса белгилешти.

Бул теманы талкуулоонун алкагында КР ИИМинин Коомдук Коопсуздук Кызматынын 250 кызматкери – участкалык милиционерлер жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор – жалпы Кыргызстан боюнча 27-июлдан 30-августка чейин аялдардын катышуусу менен өткөн жана экстремисттик ишмердүүлүктүн алдын алууга жана ага каршы турууга арналган окутуу программасына катышты. 

 

КР ИИМинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча кызматынын Теологиялык изилдөө жана усулдук камсыздоо бөлүмү БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте аталган иш-чараларды ички иштер органдарынын кызматкерлеринин диний-экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча кесиптик деңгээлин арттыруу максатында 2016-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы диний саясат жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык уюштуруп, өткөрүштү.

Бул окутуучу иш-чараларды өткөрүү үчүн КР ИИМинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча кызматынын теология, дин таануу, жаңжалдарды изилдөө, коопсуздук жана кибер коркунучу жаатындагы эксперттери чакырылды.

Тренингдердин катышуучулары коомдун радикалдашуусу жана экстремизмдин алдын алуу, ошондой эле укук коргоо ишмердүүлүгүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жөнүндө заманбап маалымат, Кыргызстандагы негизги диний агымдардын теологиялык мүнөздөмөлөрү, аялдар менен иштөө боюнча кызматтык ишмердүүлүк жүргүзүүдө коммуникация менен медиациянын өзгөчөлүктөрү жаатында жалпы билимге ээ болушту.

Бул демилге БУУ БКБ, ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУӨП биргелешкен долбоорунун алкагында БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Зомбулуктуу экстремизмдин алдын алууга көмөк көрсөтүү БУУ БКБнын 2015-2019-жылдарга карата Борбордук Азия мамлекеттерине багытталган программасы үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болуп саналат. 

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук координатору

Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

моб. тел.: +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org