Абактарда экстремизм коркунучуна каршы туруу үчүн БУУ БККБ, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Жапониянын кызматташтыгы

IMG_9433

БИШКЕК, 2017-жылдын 11-апрели – Ушул тапта көптөгөн өлкөлөр экстремизм коркунучуна туш болууда; экстремисттик чабуул тууралуу жаңылык апта сайын дүйнөнүн булуң-бурчунан келүүдө. Экстремисттер жасаган чабуулдар адамдардын гана өмүрүн кыйбастан, ошону менен бирге экономикалык зыянга да учуратып жатат; алар жамааттар арасында араздашууларга себепчи болуп, радикалдык жана экстремисттик көз караштардын жайылуусуна көмөктөшүп жатышат. Кыргызстан экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондор менен иш алып барууну кошкондо, бул коркунучтар менен күрөшүү боюнча аракеттерин күчөтүүдө.

Дал ушул контексттен алганда абак мекемелеринде экстремисттик идеялардын жайылуусун болтурбоо боюнча Кыргызстандын жазык-аткаруу системасына зарыл жардам көрсөтүү максатында Жапониянын Өкмөтү БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгына (БУУ БККБ) финансылык колдоо берди.

2017-жылдын март айында Венада (Австрия) БУУ БККБ менен Жапония Өкмөтү ортосунда Макулдашууга кол коюлган. Бүгүн Бишкек шаарында тартип коргоо органдарынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү орун алып жаткан коркунучтарды талкуулап, террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорго карата натыйжалуу саясатты иштеп чыгуу жана соттолгондорду зомбулуктан баш тартуусуна багытталган зарыл аракеттерди аныктап, алардын социалдык реинтеграциясына көмөктөшүү үчүн чогулушту.

“Кыргызстан гана эмес, көптөгөн өлкөлөрдүн пенитенциардык системалары дагы абактарда диний экстремизмге каршы туруунун таасирдүү чараларын азырынча иштеп чыгыша элек. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жабык мекемелеринде террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткан адамдардын саны 180ден ашты”, - деп айтты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров.

“Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырып, Евразия континентинде жана анын ичинде Орто Азияда туруктуулукка (стабилдүүлүккө) колдоо көрсөтүү максатында жапон тарап Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын абактарда радикалдашууну жана экстремизмди болтурбоо боюнча аракеттерди колдоп жатканына кубанычта”, - деп белгиледи Жапониянын Кыргызстандагы Элчиси Ёсихиро Ямамура.

“Экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондорду башкаруунун конкреттүү маселелерине карата айта турган болсок, БУУ БККБ жаңы “Экстремисттердин катарына кирген соттолуучулар менен иш алып баруу жана абактарда зомбулукту пайда кылган радикалдашууну болтурбоо боюнча Маалымдама”” жарыялады, - деп айтты БУУ КББКнын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Александр Федулов. – Бул Маалымдама Бириккен Улуттар Уюмунун алгачкы техникалык колдонмосу болуп эсептелет”.

Иш-аракеттер планынын бет ачары маалында БУУ БККБнын эл аралык менеджери Вера Ткаченко террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор менен иш алып баруу жаза аткаруу системасын өнүктүрүү боюнча дагы да кеңири аракеттердин бир бөлүгү болуп калышы керектигин белгиледи. “Абак жайлардын толуп калышы, андагы начар шарттар, эскирген инфраструктура, каржылоонун жетишсиздиги, квалификациялуу кадрлардын таңсыктыгы, ошондой эле коррупция экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга бут тоскон факторлор болуп эсептелет”, деп кошумчалады Ткаченко.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргызстан, Жапония жана БУУ БККБ ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Жапониянын Кыргызстандагы Элчиси Ёсихиро Ямамурага терең ыраазычылыгын билдирди. ЖАМК төрагасы Иш-аракеттер планын бекитти. Бул план экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча жазык-аткаруу системасынын потенциалын күчөтүү, ведомстволор аралык жана регионалдык кызматташтыкты бекемдөө, социалдык реинтеграциялоо программаларын өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын камтыйт. Бул колдоо БУУ БККБнын 2015-2019-жылдарга Борбор Азиядагы мамлекеттер үчүн Программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.

БУУ БККБ Маалымдамаhttps://www.unodc.org/.../crimina.../Handbook-on-VEPs-RU.pdf

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук координатору Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

моб. тел.: +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org