БУУ БККБ кыргыз-өзбек чек арасындагы тартип коргоо органдары ортосунда ведомстволор жана чек аралар аралык өз ара аракетин күчөтүүдө

UNCT-UNODC-KG-SimulationExercise

ОШ, 2017-жылдын 12-майы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматы БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы (БУУ БККБ) менен биргеликте «Достук» өткөрмө бекетинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунда чек ара аркылуу мыйзамсыз ташылган баңгизаттарын жана маңзат жасалчу бөлүктөрдү табуу боюнча биринчи жолу биргелешкен көрсөтмө окууларды өткөрүштү.

Чек аранын бул участогунда чек аралык өз ара аракеттенүү (ЧӨА) кеңселери иштейт. Бул кеңселер БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын (БУУ БККБ) колдоосу алдында 2015-жылдын октябрь айында ачылган. Бул иште негизги донор катары Жапония Өкмөтү чыккан.

Көрсөтмө окуулар маалында анын катышуучулары практика жүзүндө мамлекеттик чек арадагы чыныгы жагдайга мүмкүн болушунча жакындатылган эки сценарийди колдонушту. Бул окуулар «Достук» контролдук-өткөрмө бекетинин (КӨБ) жеке курамынын, чек аралык өз ара аракеттенүү офицерлеринин жана чек арада өзүнүн бөлүмдөрү бар тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

Бул өңдүү окуулар маңзатты кошкондо аткезчиликтин бардык түрлөрүнө каршы жооп чараларды иштеп чыгууда тартип коргоо органдарынын аракеттерин бириктирүү максатында өткөрүлүп келет. Көрсөтмө окууларга Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара жана Бажы кызматтарынын офицерлери катышты. Окуулардын жүрүшүнө БУУ БККБнын, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын жана Финансы министрлигинин өкүлдөрү көз салып турушту.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын Оперативдүү иш башкы башкармалыгынын жетекчиси Айбек Кутманов буларды белгиледи: «Бүгүн биз чек араны коргоого тартылган тартип коргоо органдарынын ийгиликтүү биргелешкен ишине күбө болдук. Бул болсо баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан көйгөйлөрдү чечүү чараларын координациялоого карай ташталган дагы бир оң кадам болуп калды. Ал эми баңгизаттардын чек арасы болбойт эмеспи». Кутманов БУУ БККБнын аракеттеринин натыйжасында өзгөчө биргелешкен окууларды жана ыкчам иш-чараларды өткөргөн учурда ведомстволор жана чек аралар аралык кызматташтык мындан ары да күчөй берерин кошумчалады.

БУУ БККБнын долбоорунун эл аралык координатору Юсуф Курбонов тартип коргоо органдары ортосундагы коммуникация, координация жана өз ара аракеттенүү баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен күрөшкө багытталган өзөктүк элементтер болгонун белгиледи. «Ошондуктан чек аралар аралык өз ара аракеттенүү кеңселеринин тармактары эң туруктуу механизмдердин бири болуп эсептелинет. Алар чек араны коргоо үчүн жооптуу тартип коргоо органдары ортосунда өз ара ишенимди пайда кылууга жана маалымат алмашуу системасын түзүүгө көмөктөшөт», - деп сөзүн жыйынтыктады Курбонов.

Бул иш-чара БУУ БККБнын 2015-2019-жылдарга Борбор Азия өлкөлөрү үчүн «Негизги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин (КӨБ) потенциалын күчөтүү жана чек аралык өз ара аракеттенүү кеңселерин (ЧӨА) түзүү жолу менен түндүк маршрут аркылуу Ооганстандан келген опиаттардын трафигине каршы туруу» программасынын 1-програмчасынын алкагында өткөрүлдү.

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук

координатору Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

моб. тел.: +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org