БУУ БКБ Кыргыз Республикасынын ИИМ Банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын (БМЖКК) кызматкерлери үчүн беш күндүк окутуу курсун ѳткѳрүүнү колдойт

UNCT-KG-UNODC-25-29092017

Ысык Көл, 29- Сентябрь, 2017- ж. БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Кыргыз Респуликасындагы программалык кеңсеси, АКШнын Юстиция Министрлигинин Баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын (БККБ) Бишкектеги кеңсеси менен биргеликте, 2017- жылдын 25 – 29 сентябрында Банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн беш күндүк окутуу курсун ѳткѳрүштү.

Иш чарага катышып саламдашуу сѳздѳрүн айткандар: Джеффри Эйг, АКШнын Юстиция Министрлигинин Баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын (БККБ) Бишкектеги атташеси,   Жон Брендон, атташенин орун басары,  Александр Федулов, БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Кыргыз Респуликасындагы программалык кеңсесинин башчысы.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын (БМЖКК) кызматкерлеринин билимин жана кесиптик дараметин жогорулатууга багытталган окутуу курсуна 11 кызматкер тартылып, алар менен АКШнын Юстиция Министрлигинин алдындагы БККБнын окутуу департаментинин 3 инструктору иштеди.

БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Кыргыз Респуликасындагы программалык кеңсесинин башчысы Александр Федулов мырза «Бул жылы уюштурулган окутуу курстары баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкөн кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатындагы БУУБКУ жана АКШнын БККБсы ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун мисалы. Мындай кызматташуу баңги заттарды көзөмөлдөөнүн мамлекеттеги гана эмес, бүтүндөй аймактагы абалына оң таасирин тийгизет деп үмүттөнөбүз» - деп билдирди.

Курстун жүрүшүндѳ катышуучулар ѳзгѳчѳ учурларды башкаруу, тобокелчиликтерди башкаруу, оперативдик пландоо, укук коргоо органдарында лидерлик кылуу жана кесипкѳйлүк, ошондой эле акча адалдоого каршы чара көрүү жана көзөмөл астында баңги заттарды жеткирүү операцияларын ѳткѳрүү боюнча чыныгы иштерди изилдөө усулун колдонуп билим алышат.

Иш чаранын катышуучулары баңгиликтин алдын алуунун улуттук системасындагы жакшыртууну талап кылган бир нече маселени аныкташты. Жыйынтыгында, БМЖККнын жана Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынынын 11 кызматкери сертификаттар менен сыйланышты.

Окутуу курсу Борбордук Азия ѳлкѳлѳрү үчүн 1- Аймактык программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын дараметин күчөтүү максатында АКШ Мамлекеттик департаментинин Банги заттарды эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо иштери боюнча бюросунун каржылык колдоосу менен ѳткѳрүлүүдѳ.

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен

байланыш боюнча улуттук координатору Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

моб. тел.: +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org