Кыргызстанда БУУБКБнын колдоосу менен биргеликте баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленүүдө

UNCT-UNODC-KG-PSA

Жылына 26-июнда бүткүл дүйнө Баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгилеп келет.

1987-жылдын 7-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 42/112 резолюциясын кабыл алган. Анда ар жылы 26-июнду Баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгилөө токтом кылынган. Бул баңгиликтен эркин болгон эл аралык коомду түзүү максатына жетүү үчүн иш-аракетти жана кызматташтыкты күчөтүүгө болгон чечкиндүүлүктүн белгиси катары чыкмакчы. Резолюцияда 1987-жылдагы Баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференциянын негизинде мындан аркы көрүлө турган чаралар сунушталган.

2017-жылы БУУ БКБ «Баарыдан мурда уккула» деген ураан алдында баңгизаттарга каршы маалыматтык кампания жүргүзүүдө.

«Баарыдан мурда уккула» - бул илимий ыкмаларга негизденген жана баңгизаттарды медициналык эмес максатта колдонуунун алдын алуу үчүн колдоону күчөтүүгө багытталган демилге болуп саналат. Ошондон улам бул демилге балдар менен жаштардын, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрү менен коомдоштуктарынын бакубаттулугу үчүн жумшалып жаткан натыйжалуу инвестиция болуп саналат.

Аларды түшүнүүгө аракет кылып, сезимдерине ортоктош болуу менен уга билүү аркылуу биз жаш балдарга жана алардын тобокелдүү жүрүм-турумуна таасир эте алабыз.

 «БУУ БКБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана жарандарга баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен терроризмге байланыштуу жаралган коркунучтарды төмөндөтүүгө жардам берет. Биз өнөктөштөрүбүз менен ар кыл жааттарда, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка, адамдарды сатууга жана коррупцияга каршы күрөштө  бирге иш алпарабыз, ошондой эле кылмыш-жаза сот адилеттиги тутумун реформалоого жана баңгизаттарын медициналык эмес колдонууну болтурбоого көмөк көрсөтөбүз», - деди БУУ БКБнын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Александр Федулов.

БУУ Башкы Ассамблеясы 2016-жылдын апрелинде баңгизаттардын дүйнөлүк көйгөйлөрү боюнча Атайын сессия өткөргөн. Бул Атайын сессия «Саясий декларация жана Баңгизаттардын дүйнөлүк көйгөйү менен күрөшүүнүн комплекстүү жана тең салмакталган стратегиясын иштеп чыгуу максатында эл аралык кызматташууну жөнгө салуу боюнча Иш-аракеттер планы» деп аталган директивалык документте чагылдырылган глобалдык максатка жетүүдөгү маанилүү кадам болуп калды.  Бул документте мүчө мамлекеттердин 2019-жылга карата ишке ашыруусу үчүн сунушталган чаралар, ошондой эле дүйнөлүк коомчулуктун баңгизатка көзөмөл кылуу жаатындагы глобалдык максаттары аныкталган.  

Жыйынтыктоочу документте мыйзамсыз баңгизаттарга болгон суроо-талап менен сунуштарды азайтуу, аларды медициналык эмес максаттарга колдонууну болтурбоо үчүн көзөмөл алдындагы дары-дармектердин жеткиликтүү болушун кеңейтүү боюнча сунуштама мүнөздөгү чаралар камтылган. Сунуштамалар адам укуктары чөйрөсүн; анын ичинде балдардын, жаштардын, аялдардын жана коомдоштуктардын укуктарын; жаңы көйгөйлөрдү, анын ичинде жаңы психоактивдүү заттарды; эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана туруктуу өнүгүү маселелерин камтыйт. Документте баңгизаттарга байланышкан кылмыштарга жаза чегерүүнүн төп келген ылайыктуу улуттук саясатына жана сот адилеттиги практикасына өзгөчө көңүл бурулат, ошондой эле баңгиликтин алдын алуунун жана дарылоонун ролу өзгөчө белгиленет.

# Баарыдан мурда уга билгиле жана балдар менен жаштарга кулак салуу менен сиздер алардын дени сак болушуна жана бакубат шарттарда тарбия алышына көмөкчү болосуздар.

# WDD2017

СоцРолик: http://www.unodc.org/listenfirst/ru/index.html 

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук координатору

Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

       тел. +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org