БУУ БККБ эксперти: зомбулуктун курмандыктарына милиционер аялдар менен сүйлөшүү жеңил

UNCT-KG-UNODC_womeninpolice

Гендердик зомбулук Кыргызстанда кеңири жайылган көйгөй бойдон кала берүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылы кризистик борборлорго, социалдык жана психологиялык жардам көрсөткөн башка мекемелерге 14 467 адам кайрылган. Бул болсо 2010-жылга салыштырмалуу 26 пайызга көп.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу милицияга кайрылгандардын саны бир кыйла төмөн. 2010-жылы милиция 1800 учурду каттаса, 2015-жылы мындай 3 524 учур катталган. 2015-жылы “Реформа жана жыйынтык үчүн” Жарандык союзу жүргүзгөн Кыргыз Республикасындагы коомдук коопсуздукту изилдөө тастыктагандай, кылмыштын жана зордук-зомбулуктун көптөгөн курмандыктары милицияга кайрылбайт.

“Бул өтө татаал, көп кырдуу маселе. Бирок кайрылуулардын төмөн деңгээлде болуп жатканынын бирден бир себеби, зомбулуктун курмандыктарына милиционер аялдар менен сүйлөшүү жеңил болушу мүмкүн”, - деп айтты БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын (БУУ БККБ) эл аралык координатору Кун Маркверинг. “Тилекке каршы, өлкөдө аттестациядан өткөн, өзгөчө аймактарда иштеген милиционер аялдар өтө аз”.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2016-жылы жалпысынан өлкө боюнча аялдар аттестациядан өткөн бардык милиционерлердин 5,9 пайызын түзгөн. Аттестациядан өткөн милиция кызматкерлеринин 4,3 пайызын этникалык азчылыктар түзгөн. “Заман талабына жооп берген полиция иши – бул негизинен коомдук тартипти камсыздоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн калк менен өнөктөш мамилелерди жөнгө салуу”, - деп белгилейт Кун Маркверинг. “Аялдар адатта жаңжалга айланып кетиши ыктымал чыңалган кырдаалды жөнгө сала билген мыкты аңгемелеш болушат. Дал ошондон улам тартип коргоо органдарынын көп түрдүү гендердик жана этникалык курамы, патрулдук командалардын балансталган курамы өтө маанилүү”, - деп кошумчалады ал.

Аялдар менен жаштардын укуктарын эл аралык стандарттарга ылайык коргоо боюнча тартип коргоо органдарынын дараметин жогорулатуу максатында БУУ БККБ бир нече демилгелерди колдоп келет. Мындай демилгелер аялдардын тартип коргоо чөйрөсүндөгү кесипкөй мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, гендердик зомбулук өңдүү артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча милиция менен калк ортосундагы социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Акыркы ай ичинде Кыргызстандагы бардык облустардан 200 милиционер аял жазык мыйзамдары, кылмыштарды тергөө жана кылмыштуулукту алдын алуу, анын ичинде экстремизмди жана гендердик белгисине карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча билим алышты. Март айында Ош шаарында өткөн окуулардын биринчи айлампасынан кийин мындай окуулардын экинчи айлампасы 2017-жылдын 25-апрелинен 28-апрелге чейин Ысык-Көл облусунда өтүп жатат. Окуулар баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрөт.

 

Орто жана улук жетекчилик курамга кирген офицерлер үчүн “Тартип коргоо органдарындагы лидерлик” окуу программасын, ошондой эле жергиликтүү жамааттарда гендердик маселеге көңүл бурган кызматтарды илгерилетүү боюнча демилгелерди иштеп чыгуу пландалууда. Бул процесс өзүнө пилоттук райондордо гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча диалог аянтчаларын жана укук бузууларды алдын алуу боюнча жергиликтүү пландардын алкагында гендердик белгисине карата зордук-зомбулук менен күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүүнү камтышы мүмкүн. Бул пландар БУУ БККБ тарабынан иштелип чыгып, сыналган. Ошондой эле гендердик зомбулук тууралуу маалыматтарды жыйноону жана анализ жасоону күчтөндүрүү боюнча эксперттик кеп-кеңештер да каралды. Бул болсо туруктуу өнүгүү жаатында БУУнун максаттарына жетүүдөгү прогресске мониторинг жүргүзүү боюнча Кыргызстандын аракеттерин колдоо үчүн жасалып жатат.

Бул демилгелер БУУ БККБнын Борбор Азия өлкөлөрү үчүн “Кыргыз Республикасында аялдардын жана жаштардын укуктарын сактоо үчүн тартип коргоо органдарынын дараметин жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Аталган долбоорду АКШнын Мамлекеттик департаментинин Баңгизаттардын эл аралык жүгүртүүсү менен күрөшүү жана укук коргоо иши боюнча Бюросу (INL) каржылайт.

***

Кошумча маалымат үчүн БУУ БККБ/БАРБнын коомчулук менен байланыш боюнча улуттук координатору Василина Бражкого кайрылууңузду өтүнөбүз:

моб. тел.: +996 775 98 78 17, эл. дареги: vasilina.brazhko@unodc.org