МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН, ЖАРАНДЫК КООМДУН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН АДАМДАРДЫ САТУУГА КАРШЫ ТУРУУДАГЫ БИРГЕЛЕШКЕН ИШ-АРАКЕТТЕРИ

UNCT_UNODC_KYRG_30112017

БИШКЕК, 30-НОЯБРЬ, 2017 – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУ Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) менен өнөктөштүктө расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы №743 Токтому менен бекитилген Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы менен аны 2017-2020-жылдарга карата ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын сунуштады. Программа 2017-жылдын 17-мартындагы №55 «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта иш-чараларды ишке ашырууга жооптуу болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктады.

Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программа КР Өкмөтүнүн 2013-2016-жылдарга карата Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасынын аткарылышын жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте БУУ Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен АКШнын Кыргыз Ресупбликасындагы Элчилигинин колдоосу алдында тыкыр изилдөөнүн негизинде иштелип чыккан.

Евгения Строкова айым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин депутаты: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоонун критерийлерин иштеп чыгуу, адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды кайра багыттоо механизмин түзүү, ошондой эле адамдарды сатуунун алдын алууга жана эзүү тобокелдиктери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган ишти улантууну көздөйт”, - деп белгиледи.

Алан Мельтцер мырза, АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу иш алпаруучусунун милдетин аткаруучу: «Катчы Рекс Тиллерсон Мамлекеттик департаменттин адамдарды сатуу боюнча отчетту баштоо учурунда  2017-жылы минтип таамай айткан: «Адамдарды сатуу биздин заманыбыздагы адам укуктарын коргоо жаатындагы эң бир трагедиялуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Ал үй-бүлөлөрдү бузат, глобалдуу базарларды талкалайт, мыйзамдын үстөмдүгүнө кедергисин тийгизет, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан трансулуттук кылмыштуу ишмердүүлүктүн жаралышына алып келет. Андан да жаманы – адамдарды сатуу аларды эриндигинен жана ар-намысынан ажыратып коет. Ошон үчүн биз кылмыштын бул түрүнө чечкиндүү түрдө бөгөт коюшубуз керек. Дал ушундан улам Америка Кошмо Штаттары ЮНОДКнын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен адамдарды сатууга каршы күрөшүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында иштөө боюнча долбоорун кржылык колдоо үчүн 1 млн АКШ долларын бөлүп берди”.

Ашита Миттал, БУУ БКБнын Борбордук Азиядагы Аймактык өкүлү, «Адамдарды сатуу трансулуттук уюшкан кылмыштуулук болуп саналат, буга байланыштуу бул категориядагы иштерди натыйжалуу иликтөө үчүн ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү». Миттал айым ошондой эле Адамдарды сатууга каршы күрөшүү программасын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Өкмөттүн жарандык коом менен өз ара иштешүүсүн күчөтүү маанилүү экендигин баса белгиледи жана БУУ БКБ Кыргызстандагы адамдарды сатууга каршы туруу боюнча өз ара байланышты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.  

Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программаларды презентациялоо боюнча иш-чара АКШ Мамлекеттик департаментинин Баңгизаттардын эл аралык жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн (INL) каржылык колдоосу менен БУУ БКБнын Борбордук Азия мамлекеттери үчүн 2015-2019-жылдарга карата программасынын алкагында өткөрүлүүдө.

***

Кошумча маалымат алуу үчүн

БУУ БКБ, Коомчулук менен байланыш жана ЖМК менен иштөө боюнча адис

Василина Бражко айым менен байланышсаңыз болот.

тел. +996 312 321232/33, сот. +996 775 98 78 17, эл. почта: vasilina.brazhko@un.org