Жапония жана Австралиядан келген ыктыярчылар кыргызстандык медицина адистерин мээнин шал оорусу менен жабыркаган балдарды реабилитациялоонун заманбап усулдарына үйрөтүштү

UNCT-KG-UNICEF-Nick Woolfield

Бишкек / Каракол, 2017-жылдын 26-майы. – Бүгүн медицина адистерин (невропатологдорду, педиатрларды, физиотерапевттерди, ЛФК инструкторлорун жана башкаларды) мээнин шал оорусу менен жабыркаган балдардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнүн жана эрте кийлигишүүнүн заманбап усулдарына үйрөтүү боюнча эки апталык окуулар жыйынтыкталды. Ысык-Көл облустук ооруканасынын Ак-Суу реабилитациялык борборунда уюштурулган окууларды Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Жапон агенттигинин (JICA) ыктыярчылары жана Австралиядан келген балдар дарыгери, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) консультанты Ник Вулфилд өткөрүштү.

“Кыргызстанда майыптуулугу бар 28 миңдин тегерегинде бала каттоодо турат. Алардын ичинен 35% майыптуулугу нерв системасынын ооруларына байланышкан. Кыргызстанда ДЦП менен 6 000ден ашык бала катталган. Бул оорунун кесепеттери өтө оор жана баланын өнүгүүсүн чектейт. Ушул тапта биздин топ “ДЦП менен ооруган балдарды кароо боюнча клиникалык протоколду” иштеп чыкты. Ал дүйнөлүк медицинанын соңку жетишкендиктерине негизделген жана ДЦП менен ооруган балдары бар үй-бүлөлөрдүн жеринде сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, медициналык кызматкерлердин потенциалын күчтөндүрүү максатын көздөйт”, - деп айтты Кыргызстандын алдыңкы балдар невропатологу Нурмухамед Бабаджанов.

Окууларда башкы тренер Австралияда жана Жаңы Зеландияда педиатрияда 30 жылдык эмгек тажрыйбасына ээ болгон балдар дарыгери Ник Вулфилд болду. Ал Кыргызстанга 2013-жылы келген жана ошондон бери далилдик усулдарга негизделүү менен балдарды реабилитациялоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө жана жайылтууга жардам берип, Ак-Суу реабилитациялык борборунда иштеп келатат. Бейтаптардын маалымат базасын иштеп чыгууга жардам берүү доктор Вулфилддин учурдагы долбоорлорунун бири болуп эсептелет. Бул маалымат базасы медициналык, билим берүү жана социалдык тармактардан күтүлгөн колдоонун көлөмүн божомолдоого жардам берет.

Доктор Ник Вулфилд функциялардын эл аралык классификациясына ылайык баланын абалын жана мүмкүнчүлүктөрүн функционалдык баалоого фокусту буруу медициналык адистерди окутуунун негизги максаты болгонун белгиледи. Мындай ыкма эксперттер командасына баланын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү даражасын жана айлана-чөйрөгө катышуусун баалоого жардам берет. Мунун натыйжасында баланы бир адистен экинчисине жибербестен, анын өзүн көңүл чордонунда кармоого шарт түзүлөт.

Кыргызстанда бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп келаткан JICA ыктыярчылары буларды айтышты: “Биз үчүн практикалык сессияларды өткөрүү өтө маанилүү. Бул сессияларда биз тренингдин катышуучулары менен биргеликте балдардын абалын гана текшербестен, ошондой эле эң негизгиси – ата-энелер менен чогуу мындан кийинки иш-аракеттердин жекече планын даярдайбыз”.

“Үй-бүлөгө жана балага секторлор аралык колдоо өтө зарыл жана ата-энелер бул процессте өнөктөш эксперттерге айланышат. Бала жарык дүйнөгө келгенден тартып аны менен алгачкы байланышты медицина кызматкерлери түзөт. Баланын өнүгүүсүндө кандайдыр бир проблемалар бар болгонун өз убагында аныктап, эрте кийлигишүү боюнча иш-чараларды баштоо өтө маанилүү. Анткени дал ушул мезгилди бир топ көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн колдонуп калуу зарыл”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуо.

Реабилитациялык борборлордун/бөлүмдөрдүн, стационарлардын медицина кызматкерлери жана ординаторлор үчүн окуулар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосу алдында JICA ыктыярчылары менен кызматташтыкта өткөрүлдү.

###

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан, Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарынан таба аласыз.