Дүйнөдө экиден төрт жашка чейинки курактагы 300 миллион бала үйүндө тарбиялоонун катаал усулдарынан жапа чегип келишет – ЮНИСЕФтин жаңы отчету

Michel, [NAME CHANGED], 14, participates in a group therapy session at a shelter for children who have been abused or sexually exploited. She was twice kidnapped, drugged and raped by a family member. Despite repeated threats from him – he lives nearby with his wife – Michel and her mother reported the rape to the police where the case is progressing. But, other extended family members are not supportive. Michel’s father committed suicide in front of her when she was very young. Michel is working with social workers at the shelter and attends group therapy sessions with other adolescent girls who have survived sexual exploitation or other forms of abuse. [#8 IN SEQUENCE OF TWELVE]

In November 2012 in Guatemala, the Government and other partners are continuing to assure sustained routine immunization of children – now reaching 92 per cent of all infants – against a range of vaccine-preventable diseases. The country’s last endemic case of measles was in 1997. In the entire Americas Region (covering North, Central and South America), the last endemic measles case was in 2002 and the last endemic case of rubella was in 2009 – part of global efforts to eradicate these diseases. Worldwide, measles remains a leading cause of death among young children: In 2010, an estimated 139,300 people – mainly children under the age of 5 – died from the disease. Nevertheless, these deaths decreased by 71 per cent from 2001 to 2011, thanks in part to the Measles & Rubella Initiative, a global partnership led by the American Red Cross, the United Nations Foundation, the United States Centers for Disease Control and Prevention (CDC), WHO and UNICEF. In Guatemala, despite this success, significant other challenges for children remain, much of it related to poverty levels that affect more than half of all children and adolescents. Poverty also contributes to chronic malnutrition affecting half of all under-5 children (with higher rates among indigenous populations); an average national education level of under six years of primary school (under three years for the rural poor); and high, though decreasing, rates of violence. Guatemala is also one of the world’s most vulnerable countries to climate change, suffering a major climate-related emergency every year since 2008. On the positive side, birth registration is improving, with more than 95 per cent of newborns now being registered. UNICEF is working with the Government and other partners to sustain achievements in health, address the high levels of malnutrition, strengthen responses to crimes against children and increase protection services for children throughout public services.

Бүгүн БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук” аттуу жаңы глобалдык отчету чыкты. Ага ылайык, дүйнөдө экиден төрт жашка чейинки курактагы бардык балдардын төрттөн үчү – 300 миллионго жакын бала – үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга жана/же дене бойлук жазалоого кабылат. Дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан көз жумат.

“Дүйнө жүзүндө балдардын ден соолугуна келтирилген зыян тынчсызданууну жаратууда. Балдарды жаакка чабышат; кыздарды жана эркек балдарды сексуалдык иш-аракеттерге мажбурлашат; өспүрүмдөрдү өз жамаатында эле өлтүрүшөт – балдарга карата зомбулук эч кимди аябайт жана анын чек арасы жок”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча глобалдык программасынын башчысы Корнелиус Уильямс.

“Балдарга зомбулук ар бир коомдо чоң көйгөй болуп эсептелет жана үй-бүлөдө, мектепте, балдар мекемелеринде орун алат. Зомбулуктун түрлөрү – катаал мамиле, сабоо, балдарды сатуу, экономикалык жана сексуалдык эксплуатация, эрте нике”, - деп айтты БУУнун Балдар фондунун (ЮНЕСКО) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаде. “Аялдардын жана балдардын абалына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча, Кыргызстанда балдардын 57% үйүндө тарбиялоо максатында дене бойлук жазалоого кабылышат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктары жана балдарга ташбоор мамиленин күбөлөрү тынымсыз байланыш линиясына – 111 номуруна чалса болот. Бул номер КР Эмгек жана өнүгүү министрлигине караштуу иштейт. Андан тышкары Бишкек, Талас, Каракол шаарларында жана Түп айылдарында зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн жардам борборлор кызматтарын көрсөтөт”, - деп айтты ал.

Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук” аттуу отчетто эң соңку маалыматтар колдонулган. Бул маалыматтар балалыктын бардык этаптарында жана бардык жагдайларда балдар зомбулукка кабыларын тастыктап турат:

Кичинекей балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук:

·             Дүйнөдө экиден төрт жашка чейинки курактагы бардык балдардын төрттөн үчү – 300 миллионго жакын бала – үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга жана/же дене бойлук жазалоого кабылат.

·             Маалыматтары жеткиликтүү болгон 30 өлкөдө бир жаштагы 10 баланын ичинен алтоо тарбиялоонун ташбоор усулдарына туруктуу кабылып келет. Бир жаштагы балдардын дээрлик жарымын дене бойлук жазалоо катары силкилдетишкен, он баланын ичинен бирөөнү бетке, башына же кулак тарапка урушкан.

·             Дүйнө жүзү боюнча беш жашка чейинки курактагы төрт баланын ичинен бирөө – 177 миллиону – жакын өнөктөшү тарабынан зомбулуктун курмандыгы болгон апасы менен жашашат.

Кыздарга жана эркек балдарга карата сексуалдык зомбулук:

·             Дүйнө жүзү боюнча 15тен 19 жашка чейинки курактагы 15 миллионго жакын кыз жыныстык катнашка мажбурлоодон азап тартып келишет.

·             Жыныстык катнашка мажбурланган өспүрүм кыздардын 1% гана кесипкөй жардам сурап кайрылышкан.

·             28 өлкөдөн түшкөн маалыматтарга караганда, орточо эсеп менен жыныстык катнашка мажбурланган өспүрүм кыздардын 90% биринчи жолу зордуктаган кылмышкерди таанышарын айтышкан. Алты өлкөдөн түшкөн маалыматтарга караганда, эркек өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук жасаган кылмышкерлер адатта достору жана классташтары болот.

Өспүрүмдөр арасында зомбулук өлтүрүү:

·              Дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан көз жумат.

·              2015-жылы эле зомбулуктан дүйнөдө 82,000 өспүрүм көз жумган.

Мектептердеги зомбулук:

·       Мектеп курагындагы балдардын жарымы – 732 миллиону – мектепте кол көтөрүү толук көлөмдө тыюу салынбаган өлкөлөрдө жашашат.

ЮНИСЕФ балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу үчүн бардык жааттарда программаларды ишке ашырып келет. Алар: зомбулуктан жапа чеккен балдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда өкмөттөргө колдоо көрсөтүү, балдарды коргой турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу, балдарды тарбиялоо боюнча курстар өңдүү практикалык программалар аркылуу зомбулукту болтурбоо үчүн жамааттарга, ата-энелерге жана балдарга жардам берүү.

Зомбулуктун тамырын кесүү үчүн ЮНИСЕФ өкмөттөрдү чукул чараларды көрүүгө чакырат. Анын ичинде:

·       Балдарга зомбулуктун деңгээлин азайтуу боюнча улуттук пландарды даярдоо – бул пландар билим берүү, социалдык камсыздоо, сот адилеттиги жана саламаттык сактоо системаларын, ошондой эле жамааттарды жана балдардын өзүн бириктирет.   

·       Улуулардын жүрүм-турумун өзгөртүү жана балдарга карата зомбулукту пайда кылган факторлорду жок кылуу. Ал факторлор: экономикалык жана социалдык теңсиздик, зомбулукту актаган социалдык жана маданий нормалар, талаптарга жооп бербеген мыйзамдар, зомбулуктун курмандыктарына кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын начардыгы жана зомбулукту алдын алуу үчүн натыйжалуу системаларга инвестициялардын чектелүү болгону.

·       Зордук-зомбулукту азайтууга, теңсиздикке багытталган жана ок атуучу, башка куралга жеткиликтүүлүктү чектеген улуттук саясатты ишке ашыруу.

·       Социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын түзүү жана зомбулуктан жапа чеккен балдар үчүн консультация жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн социалдык кызматкерлерди окутуу.

·       Зомбулукту бардык формасында ажыратып билүү жана зомбулук тууралуу коопсуз билдирүү үчүн мүмкүнчүлүк берүү максатында балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди жана жамаат мүчөлөрүн окутуу.

·       Балдарга карата зордук-зомбулук боюнча дагы да так маалыматтарды топтоо.

###

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты  https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.

 

Мындан дагы толук маалыматты алуу үчүн: Нью-Йорктогу ЮНИСЕФтин кызматкери Джорджина Томпсон: тел.: +1 917 238 1559, gthompson@unicef.org; Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин кызматкери Тынымгүл Эшиева: тел.: 0777919143, teshieva@unicef.org