ЮНИСЕФ DemirBank менен биргеликте Кыргызстандагы майыптуулугу бар балдардын укуктарына арналган социалдык өнөктүктү баштады

ATM_800x600_for FB

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Балага эшикти ачыңыз

ЮНИСЕФ DemirBank менен биргеликте Кыргызстандагы майыптуулугу бар балдардын укуктарына арналган социалдык өнөктүктү баштады

Бишкек, 2017-жылдын 18-декабры. – БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) DemirBank менен биргеликте “Балага эшикти ачыңыз” социалдык өнөктүгүн баштады. Өнөктүк майыптуулугу бар балдардын укуктарын коргоо жана аларды коомго аралаштыруу зарылчылыгы жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт. Эми банктын 60 000 кардары майыптуулугу бар балдарга мамилени өзгөртүү менен, инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө ар бир адам салым кошо аларын биле алышат. Маалымат банктын бардык бөлүмдөрүндө АТМ-терминалдар, электрондук жөнөтмөлөр, брошюралар жана видео аркылуу таратылып турат.

"Инклюзивдүү коомду түптөөгө мамлекеттик органдар жана жарандык коом катышууга тийиш, ошондой эле бизнес тармагы да майыптуулугу бар балдарга колдоо көрсөтүүгө олуттуу салым кошо алат. Мен ЮНИСЕФтин DemirBank менен өнөктөштүгү башталып жатканына кубанычтамын. Бул мисал башка компанияларды жана уюмдарды балдарга эшикти ачууга шыктандырат деп ишенем”, деп айтты БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун бала жашайт, алардын ичинен 29 миңи – майыптуулугу бар балдар. Алар – балдардын эң аярлуу категорияларынын бири. Күн сайын алар стигмага дуушар болушат, адатта үйлөрүнөн чыгышпайт жана алардын билим берүүгө, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү жок. Басмырлоодон жана обочодо калуудан кооптонгон балдарда коомдун толук кандуу мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгү да жоголот, бул болсо алардын өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат.

“Бизнес тармагынын өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын келечеги алдындагы жоопкерчилигин баамдай алганы өтө маанилүү. Көп жылдардан бери DemirBank коомдун өзгөчө аярлуу катмарларына, анын ичинде майыптуулугу бар балдарга максаттуу жардам көрсөтүп келатат. Учурда балдар дээрлик корголбой жатат. Балдар коомдун толук кандуу мүчөсү болуп калышы үчүн алардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү зарылчылыгы жөнүндө бардык үй-бүлөлөргө маалыматты жеткирүү абдан маанилүү маселе”, - деп айтты DemirBank’тын башкы менеджери Шевки Сарылар.

###

Толук маалымат алуу үчүн Тынымгуль Эшиева кайрыла аласыз, тел: 0777919143, teshieva@unicef.org

###

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.

DemirBank тууралуу

“Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАК (DemirBank бренди) Кыргыз Республикасындагы алгачкы эл аралык коммерциялык банк болуп эсептелинет. Инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу менен корпоративдик кардарларга, чакан жана орто бизнес кардарларына жана жеке жактарга банк кызмат көсөтүүлөрүнүн кеңири чөйрөсүн сунуштоо DemirBank’тын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты болуп эсептелинет. DemirBank жана анын Кыргызстандагы иши жөнүндө кенен маалыматты http://demirbank.kg/ru-ru/retail/home сайтынан таба аласыз. Ошондой эле Facebook жана Instagram соцтармактарындагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз.