Улуу Британия Өкмөтү жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ жаштар үчүн тынчтык куруу боюнча жаңы программа менен тааныштырышат

UNCT-KG-UNICEF_CSSF©UNICEF/Kyrgyzstan/2017/Alimjan Jorobaev

БИШКЕК, 2017-жылдын 18-июлу. – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги (DFID) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) социалдык ынтымакты түзүү жана зомбулукту болтурбоо боюнча жаштар үчүн жаңы программа сунушташты.

Суммасы 1,95 млн фунт стерлингди (2,5 млн АКШ доллары) түзгөн төрт жылдык программа Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы чек аранын жанындагы райондордо, ошондой эле Ысык-Ата жана Караколдо ишке ашырылат. Программа жамааттардагы социалдык ынтымакка, балдар укуктары тууралуу маалымдоого көмөктөшөт, ошондой эле теңсиздикти, чыңалууну азайтып, болочокто жаңжалдарды алдын алат.

Жаңы программа менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан айым тааныштырышты.

«Өспүрүмдөр жана жаштар тынчтыкка жана өсүп-өнүгүүгө жетүү үчүн өтө маанилүү ролду аткарышат. Бул жаңы программа мурдагыдан да коопсуз жамааттарды түптөп, өз ара түшүнүшүүнү жакшыртып, жаштардын укуктарын коргойт, ошондой эле алардын жашоосуна таасирин тийгизген чечимдерге өз пикирлерин кошууга жардам берет”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан айым. “Бул жаштардын өздөрүнө гана эмес, ошондой эле жалпысынан коомго, мындан тышкары болочок муундарга пайда алып келет”, - деп кошумчалады ал.

Өспүрүмдөргө социалдык көйгөйлөргө реакция жасоонун аспаптарын берүү үчүн жарандык билим берүүнү стандартташтыруудан тышкары, балдарга жана жаштарга ак ниеттүү муниципалитетти түптөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз чечимдерин пландоосуна жана кабыл алуусуна катышуусуна мүмкүнчүлүк алышат.

"Балдардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, көп тилдүү билим берүүнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын көтөрүү аркылуу бул программа коомдук биримдикти бекемдөөдө жана зордук-зомбулукту алдын алууда  маанилүү ролду ойнойт. Баарыбыз биргеликте Кыргызстандын жаштарына сабырдуу жана туруктуу көз караш өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк берип, ошондой эле жашоодо ийгиликтерге жетүү үчүн колдообузду көрсөтүшүбүз керек”,  - Робин Орд-Смит мырза, Уулу Британиянын Кыргызстандагы элчиси билдирди.

Көп тилдүү билим берүү мындан ары мектепке чейинки били берүү мекемелеринде жана мектептерде жайылтылат. Ошондой эле өспүрүмдөргө жана жаштарга жардам берүү үчүн программа зомбулуктун курмандыктары менен катаал кайрылуулардын курмандыктарына психилогиялык, юридикалык жана адистештирилген жардам берет. Мындан тышкары мыйзам менен байланышта турган балдар тийиштүү коргоо жана колдоого ээ болушат.

# # #

БУУнун Балдар фонду тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эңаярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан, FacebookInstagram жанаTwitter социалдык тармактарынан таба аласыз.