Дүйнөдө эрте курактагы балдардын жарымынан көбү аталары менен ойнобойт жана чогуу окушпайт – ЮНИСЕФ

UNCT-KG-UNICEF-SuperDad2

Кыргызстанда үчтөн төрт жашка чейинки курактагы балдардын 61% оюнда жана эрте өнүгүүдө аталарынын көңүл буруусуна муктаж.

БИШКЕК/НЬЮ-ЙОРК, 2017-жылдын 17-июну – 40 миллион киши жашаган 74 өлкөдө 3төн 4 жашка чейинки курактагы балдардын жарымынан көбүнүн, же 55% аталары эч качан алар менен ойнобойт, же эрте билим алуусуна катышпайт. Бул сандар БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы анализинде келтирилген.

«Бул сандар балдарды эрте куракта тарбиялоодо активдүү роль ойноо аталар үчүн оңой болбогонун тастыктап турат, - деп айтты Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуо. – Бала жетиштүү мээрим алып, ойноп, өзүн корголгондой сезип, өнүгүп, туура тамактанган чөйрө түзүүгө аталарга мүмкүнчүлүк бербей жаткан бардык тоскоолдуктарды жоготушубуз керек.  Биз бардык ата-энелерге балдарын эрте куракта толук колдоо үчүн зарыл болгон убакыт жана билим боло тургандай шарттарды түзүшүбүз керек».

ЮНИСЕФтин ата-энелердин жүрүм-туруму боюнча анализинде 3 жана 4 жаштагы балдар өз аталары менен оюн ойноп, билим алабы деген маселе каралат. Бул анализде Көп индикаторлуу кластердик изилдөөнүн (КИКИ) маалыматтары колдонулган. Атанын катышуусу – бул балдарына китеп окуп берүүсү, окуяларды жана жомокторду айтып берүүсү, балдары менен чогуу ырдап, сейилдегени, бирге ойноп, эсеп чыгарып, сүрөт тартуусу.

Аталарды кичинекей балдарынын өнүгүүсүндө активдүү роль ойноого чакырып, баланын мээсинин туура өнүгүүсүндө ата мээриминин, оюндун, коргоонун жана туура тамактануунун маанисин баса белгилөө үчүн 12-июндан 18-июнга чейин Кыргызстандагы ЮНИСЕФ бардык үй-бүлөлөргө #СуперАта #СуперПапа #Алгачкы күндөрдөн баштап деген хэштегдерди колдонуп, өздөрүнүн  Facebook, Instagram жана Twitter баракчаларында сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялоону сунуштайт. Бул өнөктүк аталарды балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө үндөп, аларды колдоп, шыктандыруу максатында өткөрүлүп жатат.

«ЮНИСЕФ өкмөттү жана бизнести балдардын эрте өнүгүү программаларын колдоого багытталган саясатка инвестиция салып, таасир тийгизүүгө, ошондой эле ата-энелерге балдарын талаптагыдай багуу үчүн зарыл болгон ресурстарды жана маалыматтарды берүүгө чакырат. Нейроилим жаатындагы жетишкендиктер далилдегендей, балдар төрөлгөндөн кийинки алгачкы жылдарын камкор, алардын өнүгүүсүнө дем берген чөйрөдө өткөрсө, жаңы нейрондук байланыштар секундасына 1000 жолу биригүүгө чейинки ылдамдыкта калыптанышы мүмкүн. Муну башка куракта кайталоо мүмкүн эмес. Бул байланыштар балдардын ден соолугуна, окууга болгон жөндөмдүүлүгүнө жана келечекте стресстерди көтөрүүгө таасирин тийгизет», - деп белгиледи Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин эрте өнүгүү боюнча адиси Чинара Джумагулова.

# # #

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан, Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарынан таба аласыз.