Кыргызстандагы тоо боюндагы айыл – балдар майыптуулугу көйгөйлөрү боюнча австралиялык адис үчүн практикалык база

UNCT-KG-UNICEF-Nick

Свен Симонсен

Кыргызстанда мээнин шал оорусу менен жабыркаган балдардын саны батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу бир нече эсе жогору. Алыскы тоолуу аймактарда жайгашкан совет доорунан калган санаторийде австралиялык педиатр бул ооруну алдын алуунун жана реабилитациялоонун жаңы ыкмаларын колдонууда.

“Биз иш жүзүндө натыйжа берген дарылоонун усулдарын жайылтуу менен туруктуу прогресске жетишип, бул усулдарды колдонбогондорду таң калтырып келатабыз”, - деп айтат доктор Ник Вулфилд (62 жашта). Ал 30 жыл бою Австралия жана Жаңы Зеландияда педиатрия менен алектенгенден кийин Илимий-техникалык тил институтунун (STLI) ыктыярчысы катары жубайы Фэй менен Кыргызстанга 2013-жылы келген.

Вулфилддин Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу санаторийинде аффилиацияланган жак болуп калганы атайын пландалган эмес. Бирок бул жерге келгенден кийин анын иши канчалык маанилүү экенин баамдаган.

Төрт жылдан кийин Вулфилд ЮНИСЕФ, Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө Ак-Суудагы кесиптештери менен Кыргызстандагы майып балдар маселесинде таасирдүү прогресске жетише алышты.

“Мүмкүнчүлүктөрдүн облусу”

Ак-Суу Ысык-Көл облустук ооруканасынын бөлүмү болуп эсептелгени менен, бул жакка өлкө боюнча бейтаптар келишет. Бул жерде 130га жакын бала дарыланат. Адатта балдар ата-энеси менен эки аптада бир жолу, же жылына эки жолу келип турушат.

Ошондой бейтаптардын бири Тахмина Асанованын жети жаштагы уулу Аршат мээнин шал оорусунан жапа чегип келет.

“Ак-Сууга келгеним мен үчүн ачылыш болду, - дейт Тахмина. – Мүмкүнчүлүктөрдүн чөйрөсүндө иштөө – баламдын көз карандысыз болушуна жардам берүү үчүн бар мүмкүнчүлүктөрдү табуу бул жерден үйрөнгөн маанилүү нерселердин бири болду”.

Кыргызстанда майыптуулукка карата жаңылыш көз караш калыптанып калган: балада майыптуулук бар, же майыптуулук жок. Вулфилд өлкөгө майыптуулукту функционалдуулуктун ар кандай түрлөрү боюнча классификациялоонун эл аралык методологиясын сунуштады.

2015-жылы Брисбендин Allied Health институтунан келген үч адис Вулфилд менен биргеликте кыргызстандык 28 адисти мээнин шал оорусунун диагностикасына жана аны дарылоого окутуп, ошону менен бирге ДЦПсы бар баланын абалын баалоонун эл аралык классификациясын үйрөтүштү. Классификациянын негизинде ар бир бала үчүн реабилитациялоонун жеке программасын иштеп чыгууга болот.

Тахмина кесиби боюнча экономист. Ал азыр экинчи жогорку билим алууда жана логопед болот; ал азыртадан эле алган билимин Бишкектеги балдарга колдонууда.

“Мен өз ишимде көп окуяларга күбө болом. Мисалы, айрым ата-энелер баласы үч жашка толуп, башка балдарга окшоп сүйлөбөгөндө гана бир мандем бар экенин баамдай башташат. Ал маалда алтынга тете убакытты өткөрүп жиберишкен болот. Сүйлөө жөндөмдүүлүгүн, мотордук жана башка көндүмдөрдү жакшыртуу үчүн программалар бала үч жашка толгонго чейин өзгөчө натыйжалуу болот. Алгачкы үч жылы баланын мээси өзгөчө тездик менен өнүгөт”.

Үйдөн карыш жылбастан...

Доктор Вулфилддин айтымында, Ак-Сууда дарылаган балдардын жарымынын майыптуулугу кадимки мектепке барууга жол берет. Бирок, тилекке каршы, мындай балдардын ичинен саналуусу гана мектепке барышат. Баланы майып катары аныктап койгон учурда мектептер аны кабыл алгысы келбейт. Ошондой эле мындай балдар чындап эле мектепте жакшы окуп, ийгиликтерге жетише аларын тааныгысы келбегендер четтен чыгат.

Көпчүлүк майып балдар үйүнөн чыкпай отурушат же атайын мекемелерге барышат. Анткени алардын үй-бүлөлөрү тартынып, өздөрүн ыңгайсыз сезишип, муну менен баланын келечегине балта чабышат. Адатта баланын оорусу үчүн энени айыптап келишет; көпчүлүгү – балким басымдуу бөлүгү соңунда ажырашып кетишет.

Турмуштук колдоо

Майыптуулугу бар балдарды реабилитациялоо Ак-Сууда доктор Вулфилддин ишинин негизги бөлүгүн түзөт. Дагы бир тапшырма – майып болуп калган балдардын санын кыскартуу боюнча башкаруунун жетектөөчү принциптерин жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жардам берүү. Бул далилдерге негизделген узакка созулчу процесс:

“2015-жылы биз жасаган алгачкы иштердин бири – бул жакка келген балдар тууралуу маалыматтарды топтоп, аларга анализ жүргүзүп чыктык. Бул материалдар өтө пайдалуу болду”, - дейт Вулфилд.

Доктор Вулфилд кесиптештери менен жүргүзгөн анализ ооруканага курч оору менен кайрылган балдардын көбүнүн баш мээси жабыркаганын көрсөткөн. Буга жооп катары Вулфилд 2015-жылы ЮНИСЕФ менен биргеликте өлкө боюнча 24 адис үчүн педиатрия жаатында окууларды баштаган (PALS – балдарга адистештирилген чукул жардам көрсөтүү боюнча медициналык тез жардам кызматынын кызматкерлери үчүн курс). Бул 24 адистин ичинен тогузу кийинчерээк тренер болуп, андан бери дагы 150 дарыгерди даярдай алышты. Мониторинг көрсөткөндөй, окуудан (PALS) өткөндөр ага катышпагандарга салыштырмалуу 30% көбүрөөк көндүмдөргө ээ болушат.

PALS окуулары Вулфилддин ЮНИСЕФ менен биргелешкен иш-аракеттеринин алгачкылары болуп калды. Ошонун алкагында ЮНИСЕФ Литвадан адистерди жалдаган эле. Вулфилд Кыргызстандагы ЮНИСЕФ анын ишинде ойногон ролун, ошону менен бирге ЮНИСЕФтин саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Чолпон Иманалиеваны баса белгилейт:

“Бул жерде жасаган иштердин көбү менин Чолпон менен баарлашууларымдан кийин жасалды. Бул абдан жемиштүү кызматташтык”, - дейт Вулфилд.

Алдын алууга азыраак чыгым кетет

Ак-Сууга келген беш баланын төртөөнө шал оорусу (ДЦП) диагнозу коюлган. Салыштыруу үчүн айта турган босок, Кыргызстанда ДЦП менен ооругандардын саны Австралияга караганда үч-төрт эсе жогору:

“Дискинетикалык мээнин шал оорусу – бул оорунун эң эле майыптуулук формасы менен бир айда кайрылгандардын саны Австралиядагы 30 жылдык практикамда болгон эмес, - дейт Вулфилд. – Бул сарык оорусу өтүшүп кеткендин натыйжасы, кээде эне менен баланын резусу дал келбей калган учурда пайда болот. Муну аз чыгым менен алдын алууга мүмкүн болчу”.

Австралиялык маалымат базаларынын модели

Вулфилддин учурдагы долбоорлорунун бири – мээнин шал оорусу менен кайрылгандар тууралуу улуттук маалымат базасын түзүү. Ал австралиялык жогорку сапаттагы маалыматтардын моделине негизделген жана ыктымал шал оорусун алдын алуу тууралуу колдонмо берип, баланын абалын эң натыйжалуу ыкмалар менен башкаруу үчүн кандай ресурстар керек болорун көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө Вулфилд 500дөн ашык бала тууралуу маалыматты чогултуп, аларга анализ жасап чыкты.

База кеңейген сайын ага баланын мектепке барганы жана үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу кошумча маалыматтар тиркелип турат: “Бизге айтып бергендерге таянсак, баласы ДЦП менен ооруган энелердин жарымы жана андан да көбү кош бойлуу маалында зордук-зомбулукка кабылган. Биз бул маселе боюнча дагы да так маалыматтарды чогултуп, зомбулук менен майыптуулук канчалык байланышта болгонун аныктап жатабыз”, - дейт Вулфилд.

Телемедицина

Ак-Суу санаторийи интернет болбогон зонада жайгашкан. Бирок бул Вулфилдге дагы бир долбоорду – телемедицинаны ишке киргизүүгө тоскоол болгон жок. Австралия өкмөтүнүн каржылоосу менен санаторийге жакын айылдан узундугу 8-10 км болгон волокондук-оптикалык кабель өткөрүлдү. Кабель толугу менен телемедицина үчүн жабдылган бөлмөгө чейин өткөрүлгөн. Вулфилд консультация жана билим алуу үчүн өлкөдөгү, ошондой эле Австралиядагы бир катар медициналык мекемелер менен байланыш түзүүгө умтулуп келатат.

“Жасагым келген дагы бир иш – апта сайын веб-тренингдерди өткөргүм келет. Ага реабилитацияга катышкан ар бир дарыгер кошула алмак. Окуу иштин бир бөлүгү катары каралууга тийиш”, - дейт Австралияда иштеп жүргөн маалда аптасына 4-5 сабак өткөн Вулфилд.

Үй менен байланыш

Ак-Суудан телефон чалуу үчүн кызматкерлер WhatsApp жана Skype өңдүү тиркемелерди колдонушу керек. Бир жагынан бул акысыз болгондуктан Вулфилд менен жубайы Фэйге Австралиядагы, Канададагы балдары жана неберелери менен байланышып турууга шарт түзөт.

“Бул чындыгында эле бизге Кыргызстанда көбүрөөк калуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө”, - деген Вулфилд смартфонун алып чыгып, ымыркай кыздын сүрөтүн көрсөттү: “Бул – өткөн ишемби күнү төрөлгөн неберем. Мен бул сүрөттү бүгүн эле Австралиядан алдым”.

Жакында эле Вулфилд жана анын жубайы кошуна айылдан үй сатып алышкан. Ал жерде тоокторду багышат жана бул чарба жүргүзүү көп күчтү талап кылат. Экөө тең алдыдагы бир нече жылды Кыргызстанда өткөргүсү келишет. Мунун себеби бар:

“Мекениме кеткенге чейин биз баштаган ишти улантып кетчү адамдар көп болушун каалайм”.