Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш райондорунда жашаган балдар форум-театрларды өткөрүүдө

UNCT-KG-UNICEF-Forum theater

Чек аралаш райондордун миңден ашуун өспүрүмдөрү жана жашоочулары чек арадан өтүү эрежелери жана такталбаган чек араларда жүрүм-турум жөнүндө маалымат алышат.

2017-жылдын 27-апрели – Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы чек арага жакын жайгашкан Б.Ходжаев атындагы мектепте форум-театр өтүүдө. Ага Тажикстандын Ворух анклавындагы №62 орто мектептин окуучулары, ошондой эле Кыргызстандын чек ара кызматынын жоокерлери катышып жатышат. Форум-театрлар чек аралаш райондордо жашаган миңден ашуун өспүрүм жана жашоочулар балдар укуктары, чек арадан өтүү эрежелери жана такталбаган чек ара участокторундагы жүрүм-турум тууралуу маалымат алышы үчүн Баткен облусунун 19 мектебинде өтөт.

Кыргызстандагы БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдар менен улуу муундун өкүлдөрү ортосунда конструктивдүү баарлашуу үчүн аянтча түзүү максатында форум-театрлар методикасы боюнча чек аралаш аймактардагы 10 мектептин мугалимдери үчүн окууларды уюштурган.

Форум-театр – театрлаштырылган оюн маалында балдар күнүмдүк жашоосунда туш болгон кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүү жолдорун издешет. Оюндар өз келечегине кабатыр жаштардын маанайын чагылдырат: миграция көйгөйлөрү жана анын балдарга тийгизген таасири, мектептердеги каракчылык, балдар укугунун бузулушу, улуу адамдардын балдар көйгөйлөрүнө карата кайдыгер мамилеси, тынчтыктын чабалдыгы, бирок анын улут тагдыры үчүн мааниси жана тийгизген таасири.

“Бүгүнкү балдар – эртең эрезеге жетип, четинен чоңоюшат. Чек арада тынчтыкты сактоо үчүн улуулар “баарлашканды” билип, ачык болуп, тынчтыкты жана достукту баалай алышы керек. Ошондуктан бала чактан эле бул баалуулуктарга үйрөтүү өтө маанилүү. Театр балдардын дүйнө таанымын кеңейтип, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшү үчүн зарыл. Ал эми форум-театрлар кырдаалга сереп жасоого жана кризистик жагдайларды жөнгө салуу үчүн бардык мүмкүн болгон жолдорду издөөгө жардам берет”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо. 

Тынчтыкты орнотуу жана бакубат турмуш үчүн ЮНИСЕФ балдарды тынчтык жана кызматташтык тилине окутуп, аларга инвестиция салат. Бул максатта чек аралаш аймактарда сүрөт көргөзмөлөрү, бир мүнөттүк тасма тартуу жана жарандык журналистика боюнча семинарларды, ошондой эле кыргызстандык жана тажикстандык окуучулар менен студенттердин катышуусунда достук фестивалдар уюштурулган.

Иш-чаралар БУУнун Тынчтык орнотуу фонду жана Швейцария элчилиги каржылаган туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө жетүү үчүн чек аралар аралык кызматташтык боюнча программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.