Япония өкмөтү Кыргызстанга 21 автоунаа бөлүп берди

UNCT-KG-FAO-car (2)

20 апрель 2017 жыл, Кыргыз Республикасы - Бүгүн Сокулук районунда Япония өкмөту тартуулаган автоунааларды өткөрүп берүү салтанаты болуп өттү. Тойота хайлукс унаалары Кыргыз Республиканынын айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация Министрилигинин алдындагы химиялаштыруу жана өсүмдүтөктөрдү коргоо департаменинин Сокулуктагы бөлүмү үчүн алып келинген. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Премьер министри Сооронай Жеенбеков, Кыргыз Республикасындагы Япония элчиси Яшихиро Ямамура жана Кыргыз Республикасындагы ФАО ООНдун окулу Дорджи Кинлай ачышты. Ошондой эле, иш чарада Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек, финансы министри Адылбек Касымалиев, өкмоттун Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов жана Премьер министрдин аппаратынын агро өнөр жай жана экология бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Далбаев катышышты.

Автоунаалар «Зыяндуу чегирткелер менен күрошүү» менен жакшыртуу аттуу аймактык долбоордун алкагында сатып алынган. Долбоор жалпы бюджети 5 млн. АКШ долларын тузот. Бул каражат 3 өлкөнүн аймагында сарпталат.

Долбоордун мөөноттү 3 жыл. Долбоордун каржылыгы Япония өкмөтүнүн колдоосу, ФАО ООНдун техникалык колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрилигинин тыгыз кызматташуусу менен ишке ашырылууда.  Бул долбоор Кыргызстан, Таджикикстан жана Афганистандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоого жана жайыт жерлеринде зыяндуу чегирткелердин таралышынан багытталган. Долбоордун алкагында бир катар иш-чаралар пландаштырылууда, алардын арасында улуттук жана региондук деңгээлде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү чараларды өркүндөтүү багытталган. Ошону менен бирге өнүктүрүү жана бекемдөө аркылуу улуттук потенциалды жана региондук кызматташтуу иш-аракеттер алып барылмакчы.