Антибиотиктерди туура колдонуунун дүйнөлүк апталыгы, 2016. Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине жана коомчулукка чакырык – “антибиотиктердин сактоочусу” болуңуз

UNCT-KG-WHO-antiobiotics

Бүгүнкү күндө антибиотиктерге туруктуулук глобалдык саламаттык сактоого жана өнүгүүгө эң чоң коркунуч жараткан көрүнүштөрдүн бири жана бул коркунуч барган сайын өсүүдө. Бул жылы бүткүл дүйнө 14-ноябрдан 20-ноябрга чейин экинчи жолу жылдык антибиотиктерди туура колдонуунун Глобалдык апталыгын белгилейт. Саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлердин ролуна өзгөчө көңүл бурулат.

Оорукана ичиндеги инфекциялар менен күрөш бактериялардын антибиотиктерге туруктуулугунан улам татаалдашууда

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун “Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө байланыштуу эндемикалык инфекциялардын глобалдык жүгү” аттуу докладында Европада саламаттык сактоо мекемелеринде жуккан инфекциялар ооруканада кошумча 16 миллион күн өткөрүүгө себепчи болгону айтылат. Мындай инфекциялардын айынан жыл сайын 37 000 киши өмүрү менен кош айтышат. Жыл сайын тикелей чыгашаларды гана камтыган финансылык жоготуулар болжол менен 7 миллиард еврого жетет.

Антибиотиктерге туруктуулуктун өнүгүүсү аларды туура эмес жана ашыкча колдонгондун айынан, ошондой эле алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча чараларды начар уюштуруу иштери үчүн тездеп жатат. Коомдун бардык деңгээлдеринде антибиотиктердин туруктуулугу менен күрөшүүгө жана мунун жайылуусун чектөөгө багытталган кадамдар жасалса болот. Бирок ошону менен бирге антибиотиктердин потенциалын сактоодо саламаттык сактоо кызматкерлери өзгөчө маанилүү ролду ойношот.

Саламаттык сактоо кызматкерлеринин беш өзөктүк иш-аракети

Европа регионундагы саламаттык сактоо кызматкерлери – дарыгерлер, медайымдар, антибиотиктерге рецепт жазып берүү укугуна ээ болгондор, стоматологдор, фармацевтика кызматкерлери жана башка адистер – антибиотиктерге туруктуулуктун жайылышын алдын алууга жана көзөмөлдөөгө жардам бере алышат. Бул үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 5 өзөктүк сунуштамасын аткарышы керек:

1.     Колдорду таза кармоо менен инфекциялардын жайылуусун алдын алып, колдоруңуз, аспаптар жана тегеректеги предметтер таза болгонун текшерип туруңуз.

2.     Эгерде сиз бейтап антибиотиктер менен дарыланууга муктаж болушу мүмкүн деп эсептесеңиз, муну тастыктоо үчүн жана кандай антибиотик берилиши керектигин аныктоо үчүн болгон изилдөөлөрдү жүргүзүңүз;

3.     Антибиотиктерди колдонуудагы сунуштамаларга ылайык жана алар чындап зарыл болгон учурда гана дайындаңыз;

4.     Дарылоону туура улантуу үчүн туура антибиотиктерди туура өлчөмдө жазып бериңиз;

5.     Сиздин бейтаптарыңыз вакцинациянын актуалдуу графигине ылайык вакцинациядан өткөнүнө көз салып туруңуз.

Мындан тышкары саламаттык сактоо кызматкерлери туруктуу микроорганизмдер чакырган инфекциялар тууралуу эпидкөзөмөл боюнча командаларга кабарлап турушу керек. Алар ошондой эле өз бейтаптарына антибиотиктерди кантип туура ичип, туура эмес пайдалануунун кесепеттери кандай болорун түшүндүрүп бериши керек. Алар инфекцияларды алдын алуу маселелери боюнча маалымат берүүгө тийиш. Мисалы, вакцинация, колдорду таза кармоо, коопсуз секс жана чүчкүргөндө оозду жабуу ж.б.

Коомдун бардык катмарлары өз ролун аткарышы керек

Саламаттык сактоо кызматкерлери гана эмес, ошондой эле саясатты иштеп чыгуучулар жана коомчулуктун өкүлдөрү да антибиотиктерге туруктуулуктун улам күчөп бараткан коркунучуна каршы турушу керек. ДСУ/Европа жана Англиянын Коомдук саламаттык сактоо уюму (РНЕ) “Антибиотиктерди сактоочулардын” кеңейтилген версиясын ишке беришти. “Антибиотиктерди сактоочулар” – РНЕ 2014-жылы демилгелеп чыккан веб-өнөктүк. Ошондон бери 34 миңден ашуун киши өз колдоосун билдирип, сөз берип, “антибиотиктердин сактоочулары” болуп калышты.

2016-жылы Антибиотиктерди туура колдонуунун дүйнөлүк апталыгында ДСУ/Европа бардык Европа регионунун жашоочуларын “Антибиотиктердин сактоочусу” (Antibiotic Guardian) веб-сайтына кирип, антибиотиктерди акылга сыярлык даражада колдонууга сөз берип, бул өмүр үчүн зарыл болгон дарылардын “колдонуудан чыгып калуусуна” жол бербей сактап калууга көмөктөшүүгө чакырат. Эми жаңы – орус тилиндеги сайты да иштей баштады. Мындан улам ДСУ/Европа орус тилдүү өлкөлөрдү да бул демилгеге кошулууга чакырат.

Антибиотиктерди туура колдонуунун дүйнөлүк апталыгы Кыргызстанда

Европа регионунда Антибиотиктерди туура колдонуунун дүйнөлүк апталыгы антибиотиктер тууралуу европалык билим күнү өткөн иш-чаралардын уландысы болуп эсептелет. Бул күн – европалык демилге жана анын координациясын Ооруларды алдын алуу жана контролдоо боюнча Европа борбору (ECDC) жүзөгө ашырат. 2012-жылдан тарта ДСУ/Европа бул демилгени Европа Биримдигине мүчө болбогон өлкөлөр арасында жайылтууда.

Кыргызстанда ДСУ өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте антибиотиктерди туура колдонуу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө. Бул иш-чаралардын алкагында постерлер жана инфографикалар басып чыгарылып, медициналык мекемелердин арасында таратылды. Ош жана Бишкек шаарларында медициналык кызматкерлер, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, фитосанитардык инспекциянын, лабораториялардын жана окуу мекемелердин кызматкерлери үчүн эки тегерек стол талкуусу өткөрүлдү. Инфекцияларга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана антибиотиктердин колдонулушун көзөмөлдөө зарыл. Бул иш-чараларга кошумча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму БУУнун сайтында маалыматтык материалдарды жайгаштырып, калктын пикирин билүү үчүн викторина уюштурду.

Туруктуулук тууралуу жаңы маалыматтар даярдалууда

Антибиотиктерге туруктуулук дүйнөнүн булуң-бурчунда, анын ичинде бүткүл Европада кооптуу деңгээлге жетти. Европа өлкөлөрүндө микробго каршы препараттарга туруктуулук тууралуу жаңы маалыматтар Борбор Азияда жана Чыгыш Европада микробго каршы дарыларга туруктуулукка эпидемиялык көзөмөл боюнча Тармактын (CAESAR) экинчи жылдык докладында камтылган. Бул маалыматтар коомчулукка 18-ноябрда жеткиликтүү болуп, антибиотиктерге туруктуулук менен күрөшкө багытталган келечектеги аракеттердин өзөктүк артыкчылыктары жана бул көйгөйдүн масштабдары тууралуу өлкөнү баалуу маалыматтар менен камсыздайт.

Толук маалымат алуу үчүн ДСУнун Кыргызстандагы Кеңсесинин кызматкери Өскөн Молдокуловго кайрылууңузду өтүнөбүз (moldokulovo@who.int).