Кыргызстандык аялдарга саан уйлар жана айыл чарба техникасы берилди

15 August 2012, Jalal-Abad Oblast, Kyrgyzstan - A farmer woman milking a cow.

@FAO/Sergey Kozmin

Өткөн аптада Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жашаган элеттик аялдар 54 баш саан уй алышты. Бодо мал, ошондой эле бир нече айыл чарба техникасы менен камсыздоо Шейцария өкмөтүнүн финансылык колдоосунун арты менен мүмкүн болду.

Иш-чарага Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин, өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин, аймактык жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ФАО адистери катышты. Бул иш-чара ФАОнун Шейцария өкмөтү каржылаган “Ысык-Көл облусунда айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү” деп аталган долбоорунун маанилүү этабы болуп эсептелет.

“Алатау” породасындагы бооздук уйлар элеттик өз ара жардамдашуу топторуна катышкан жана 18 жашка чейинки курактагы экиден кем эмес баласы бар, жалгыз бой аялдарга берилди.

Жакында элеттик өз ара жардамдашуу топторунун 400гө жакын мүчөсү, анын ичинде 286 аял окуудан өтүп, тоют өсүмдүктөрү өстүрүү боюча техникалык жардам алышат. Мындай иш-чаралар тоюттарга жетимдүүлүктү арттыруу жана аймакта мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатын көздөйт. Саан уйлар үчүн жогорку сиңимдүүлүктөгү тоюттар элетте жашаган үй-бүлөлөрдүн киреше деңгээлин жогорулатып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өз салымын кошуп, элет аймагын өнүктүрүүгө жана аймактарда туруктуу киреше табууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

“БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан мындай техникалык жардам биздин ишмердигибиздин үч негизги максатына жетүүгө болгон аракетибизге көмөктөшөт. Ал максаттар: ачарчылыкты болтурбоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана тоё жебегендердин санын кыскартуу”, - деп билдирди ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Дорджи Кинлай (Dorjee Kinlay). “Биз Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен кызматташып жатканыбызга сыймыктанабыз. Бул кызматташуу жалпы максатка – жакырчылыкты жок кылууга жана калктын бардык катмарлары үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоого багытталган”.

Саан уйлардан тышкары өз ара жардам көрсөтүү боюнча элеттик топторго эки трактор, такыр иштетилбеген топуракка эки эгин сепкич жана эки комбайн берилди. Бул айыл чарба техникасы көрсөтүлүп жаткан жардам туруктуу жыйынтык бериши үчүн тоют камдоого колдонулат.

Швейцария өкмөтү каржылаган ФАО долбоору Ысык-Көл облусунда айыл чарбанын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылып жатат. Болгондо да өзгөчө көңүл элеттик аялдарды колдоого багытталган. Долбоорду 2018-жылдын ичинде ишке ашыруу пландалып жатат.