ДСУ миссиясы Кыргызстандын вирустук гепатитке карата жооп чараларын баалады

UNCT-KG-WHO-hep1

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин чакыруусу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) эксперттер командасы 2016-жылдын 11-15-июль күндөрү гепатитке байланыштуу улуттук жооп чараларды баалап чыгышты. Анын ичинде саясий шарттарга жана стратегиялык колдонмонун мазмунуна, колдо болгон дайындарга жана маалымат системаларына, лабораториялардын потенциалына, тестирлөө жана дарылоо үчүн инфраструктураларга, кадрдык потенциалга, дары-дармектер жана диагностикалык каражаттар менен жабдууга, дары-дармектердин баасын эсептөөгө жана алардын жеткиликтүүлүгүнө баа берилди.

Кыргызстан ДСУнун Европалык регионунда вирустук гепатитке өзгөчө көңүл бурган өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Буга улуттук кызыкдар тараптардын дыкат мамилеси жана Саламаттык сактоо министрлигинин тикелей кызыкдарлыгы бирден бир себеп. ДСУнун баасына ылайык, Кыргызстанда өнөкөт В гепатити менен жарым миллионго чукул адам, өнөкөт С гепатити менен 100 000 адам ооруйт. Негизинен өнөкөт гепатит менен байланышкан боор рагы өлкөнү бир кыйла азапка салууда.

Миссиянын алкагында адистер командасы 13 медициналык мекемеде болуп, 35 дарыгер, коомдук саламаттык сактоо кызматкерлери, изилдөөчүлөр, университеттердин мугалимдери, лабораториялардын кызматкерлери, жарандык коомдун жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү менен маектешти. Мындан тышкары ДСУ адистер командасы вирустук гепатит менен күрөшүү боюнча улуттук стратегияны даярдап жаткан жумушчу топ менен жолугушту. Жумушчу топ вирустук гепатитти дарылоо жана мындай оорусу бар бейтаптарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча клиникалык жетектөөчү принциптерди баалоо менен алектенет.

Миссиянын жыйынтыктары

Миссия Кыргызстандын В гепатитке каршы күрөшүндө ийгиликтерди жогору баалады. Бул ийгиликтерге жетүүдө 2000-жылдан бери өлкөдө киргизилген жалпы иммунизация программасынын салымы өтө чоң. Программанын алкагында ымыркай жарык дүйнөгө келгенде эле эмдөөдөн өтөт. Ошондой эле ДСУ адистери Кыргызстанда кан коопсуздугу жана инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча ченемдик колдонмолорго карата жүргүзүп жаткан иштерин да жактырышты. Өз сапарынын соңку күнүндө өткөрүлгөн жыйында ДСУ миссиясы саламаттык сактоо министрине жана анын командасына улуттук пландоо жана вирустук гепатитке байланыштуу ар тараптуу жооп чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча негизги сунуштарды жана тыянактар резюмесин беришти. Министр жана анын командасы бул сунуштарды жактырды.

Глобалдык максат: 2030-жылга чейин гепатитти жоюу

Вирустук гепатит коомдук саламаттык сактоо үчүн глобалдык коркунуч жаратат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы мындай коркунучту 2016-жылдын май айында кабыл алынган саламаттык сактоо тармагындагы вирустук гепатит боюнча биринчи глобалдык стратегияда белгилеген. Бул стратегия ооруну 2030-жылга чейин коомдук саламаттык сактоо үчүн коркунуч катары жоюу концепциясы менен макулдашылган. 2016-жылдын сентябрь айында ДСУнун Европалык регионалдык комитетинин 66-сессиясында Европа региону үчүн гепатитке карата алгачкы иш-аракеттер планы каралат.

Көпчүлүк өлкөлөр барган сайын жугуштуу гепатитти алдын алуу жана дарылоо маселелерине көбүрөөк көңүл бура баштады. Алар улуттук стратегияларды жана иш-аракеттер планын иштеп чыгып, жооп чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатууга аракет жасап жатышат. ДСУ жетектөөчү принциптерди жана операциялык колдонмолорду иштеп чыгып, ошондой эле техникалык жардамдарды көрсөтүү менен өлкөлөргө колдоо көрсөтүп жатат.