Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ДСУ эксперттерин медалдар менен сыйлады

UNCT-KG-WHO-FOMSWHO (c). Dr Marat Kaliev, Director of the Kyrgyz Mandatory Health Insurance Fund, with Melitta Jakab, Senior Health Economist, WHO/Europe

 

Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 20 жылдыгына карата бул өлкөдө саламаттык сактоону каржылоо системасын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) эксперттерине медалдар тапшырылды. Жемиштүү кызматташтык үчүн медалдар саламаттык сактоону каржылоо боюнча улук глобалдык кеңешчи Joe Kutzin мырзага (ДСУнун штаб кеңсеси), саламаттык сактоонун экономикасы боюнча улук адис Melitta Jakab айымга (ДСУнун Европалык регионалдык бюросу) жана ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Jarno Habicht мырзага тапшырылды. Бул медалдар саламаттык сактоо системасын реформалоодо ДСУнун туруктуу колдоосу үчүн кыргыз өкмөтүнүн ыраазычылыгын билдирет.

2016-жылдын сентябрь айынын соңунда ДСУ улуттук бийлик органдары жана өнүгүү тармагындагы өнөктөштөр менен кызматташтыкта саламаттык сактоону каржылоо темасы боюнча консультацияларды жана Кыргызстандын саламаттык сактоосун реформалоо боюнча “Ден соолук” Улуттук программасын ишке ашырууну колдоо саясатындагы маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги диалогду өткөрүштү. Дискуссиянын алкагында өлкөдө саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрү менен ар тараптан камтууну камсыздоо боюнча жетишилген ийгиликтер жана мындан кийинки кадамдар талкууланды. Ошондой эле эл аралык тегерек стол уюштурулуп, анда Казакстандын, Литванын, Молдова Республикасынын жана Эстониянын медициналык камсыздандыруу уюмдарынын жогорку даражалуу өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү бул багытта жасалып жаткан иштер тууралуу айтып беришти.