Кыргыз Республикасынын мектептеринде тамактануунун жаңы моделдерине өтүү иштери ийгиликтүү жүзөгө ашууда

 WFP works with the Ministry of Education and Russian Federation to boost school meals in Kyrgyz schools

Кыргыз Республикасынын мектептери тамактануунун жаңы моделдерине ийгиликтүү өтө баштады. Бул моделдер Орусия Федерациясынын финансылык жана техникалык колдоосу алдында КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ВПП) биргелешкен долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Мектептеги тамактанууну жакшыртуу боюнча 2013-жылы ишке берилген программа баштапкы пландарынан ашып түштү. Жаңы окуу жылында өлкөдөгү 260тан ашык мектепте 62 000 бала  сапаттуу ысык тамак иче баштайт. Бул мектептеги тамактануунун дагы да майнаптуу моделдерине өтүүнүн арты менен мүмкүн болду.

“КРда мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” программасынын ушул жана башка натыйжалары тууралуу бүгүн маалымат жыйында КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Кутько жана БУУ ФАОнун КРдагы өлкөлүк директору Рам Сараванамутту айтып беришти.

Мектептерде толук кандуу түшкү тамак комплекстүү иштин арты менен мүмкүн болду. Бул иштер мектептеги тамактанууну уюштуруу механизмдеринин өзүн реформалоого багытталган. Аткарылган иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыды: азык-түлүктү сатып алуу процессин өзгөртүү, мектеп ашпозчуларын окутуу, мектептердеги түшкү тамактардын менюсуна өзгөртүүлөрдү киргизүү, тамактардын сапатын жана калориялуулугун жогорулатуу, мектептерде санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу, ашканаларды техникалык жактан жабдуу, ошондой эле туура тамактанууга үгүттөө. Өзгөчө иш-аракеттер мектептеги тамактануунун улуттук программасын өнүктүрүү үчүн тийиштүү ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгууга багытталган.

“БУУ ВПП менен биргеликте иштеп чыккан мектептеги тамактануунун моделдери эки жылдан бери сыналууда жана жыйынтыктар ал моделдер майнаптуу жана туруктуу болгонунан кабар берет. Ошондуктан биз өлкөдөгү бардык мектептердин ысык тамакка бара-бара өтүүсүн колдоону уланта беребиз”, - деп белгиледи КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.

“Биз КРда мектептеги тамактанууну өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекиттик. Алар биздин кийинки ишибизди багыттап турат. Алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн убакыт керек. Бирок балдарга инвестициялоо – бул мамлекет жасай алчу эң мыкты инвестиция десек болот”, - деп кошумчалады министр.

Мектептеги тамактануунун жаңы моделдеринин башкалардан айырмалап турган мүнөздөмөлөрүнүн бири – жергиликтүү бийлик жана жамаат тарабынан кеңири колдоонун болгону. Кадамжай, Кара-Кулжа, Ат-Башы райондорунда, Каракол, Талас жана Орловка шаарларында ысык тамактанууга өтүү кошо каржылоонун шарттарында жүзөгө ашырылмакчы. Бакай-Ата жана Кемин райондорунда болсо мектептеги тамактанууну өнүктүрүүнүн райондук программалары даярдалууда. Мындай аракеттердин баары балдарга сапаттуу жана балансталган тамактанууну сунуштаган мектептердин санын көбөйтүүдө.

“Коомдун колдоосу биздин ыкманын туура болгонун жана мектептерде сапаттуу тамактанууга муктаждык бар экенин тастыктап турат, - деп белгиледи БУУ ВППнын КРдагы өлкөлүк директору Рам Сараванамутту. – Жасалып жаткан иштердин майнаптуулугунун дагы бир далили – КРда мектептеги тамактануунун инвестициялык потенциалына жакында эле жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, мектептеги тамактануу программасына инвестицияланган ар бир доллар 2 доллар социалдык-экономикалык дивиденд алып келет!”.

Мындай жетишкендиктер Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен мүмкүн болду. Орусиянын Өкмөтү КРда мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу боюнча программага 10 миллион доллар бөлгөн.

“Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасынын мектептериндеги тамактануунун туруктуу системасын өнүктүрүүгө карата инновациялык ыкмага кошкон салымы экономикалык өсүшкө дем берет, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, өлкөнүн өсүп келаткан муунунун саламаттыгын сактоого жана бекемдөөгө көмөктөшөт, - деп белгиледи Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Андрей Крутько. – КР Өкмөтү жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташып, биз балдарга өз дараметин толук ачууга, дагы да ийгиликтүү келечекти түптөөгө жардам берип жатабыз”.

БУУ ВППнын КРдагы негизги донору болуп эсептелген Орусия Федерациясы программаны колдоого жалпы жонунан 40 миллион АКШ долларынан ашык акча жумшаган. Бул программа азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, социалдык жактан коргоого жана мектептеги тамактанууну оптималдаштырууга багытталган.