БУУ ВПП менен PepsiCo Фондунун өнөктөштүгү: мектептерде 2 миңден ашуун бала ысык тамак ичет

UNCT-KG-WFP_Pepsi

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасы (БУУ ВПП) жана PepsiCo Фонду бүгүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы беш элеттик мектепте ысык тамак бериле баштаганын билдирди. Өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттеринин арты менен күн сайын кенже класстардагы 2 миңден ашуун бала сапаттуу жана ток ысык түшкү тамак иче баштады.

Ысык-Ата, Аламүдүн жана Чүй райондорунда жайгашкан беш мектепте ысык тамактанууну уюштуруу PepsiCo Фондунун финансылык колдоосу менен мүмкүн болду.

Бул мектептерде тамактануу бериле баштаганынын символикалык белгиси болгон иш-чара маалында PepsiCo компаниясынын Кыргыз Республикасындагы бөлүмчөсү, “Бишкексүт” ААК башкы директору Маргарита Румянцева болочок муундун потенциалын өнүктүрүүгө инвестиция салуунун маанисин белгиледи.

“Өз ишинде PepsiCo компаниясы “Максатка карай жооптуу мамиле” глобалдык ыкмасын карманат. Керектөөчүлөргө, кызматкерлерге, кардарларга жана жашаган, иштеген дүйнөгө кам көрөбүз, - деп белгиледи Маргарита Румянцева. – PepsiCo Фондунун компаниянын 50 жылдыгын утурлай берилген гранты Кыргызстандагы жергиликтүү жамаатты колдоого кошкон салымыбызды көбөйтүүгө жардам берди. Социалдык долбоорду тандап алууга биз компаниянын кызматкерлерин коштук. Алар добуш берүүнүн жүрүшүндө мектептерди ысык тамак менен камсыздоону тандашты. Бул программаны биз БУУ ВПП менен биргелешип ишке ашырдык. Бул демилге дени сак жана бактылуу муундун өнүгүүсүнө көмөктөшөт”.

Гранттык каражаттар мектептердин ашканалары үчүн заманбап өнөр жай жабдууларын сатып алууга багытталган. Ысык тамак жасоо үчүн мектептер 70 даана өнөр жай жабдууларын алышты. Алардын ичинде электр мештери, көп секциялуу тамак жасоочу шкафтар, өнөр жай электр табактары, камыр жууруй турган аппараттар, муздаткыч жабдуулары, суу ысыткычтар, көп секциялуу жуугучтар, жер-жемиш тазалагычтар жана туурагычтар, стеллаждар жана атайын үстөлдөр бар.

Мындан тышкары БУУ ВПП гранттын каражаттарын ар бир мектеп үчүн жекече технологиялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана мектептеги тамактанууну уюштуруунун бүткүл механизмдерин өзгөртүү үчүн колдонгон. Бул үчүн даяр токочторду сатып алуудан баштап, тоюмдуу түшкү тамактар үчүн жаңы ингредиенттерди алууга чейин, ашпозчуларды окутуудан, түшкү тамактардын менюсун түзүүдөн тарта мектептердеги санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга чейин азык-түлүк сатып алуунун процесси да өзгөрдү. Жергиликтүү бийлик мектептердин ашканасын ремонттоого жана тийиштүү инфраструктураны оңдоого зарыл болгон каражатты бөлүп берди.

“Жеке сектордо дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө жана заманбап өнүгүүнүн маанилүү маселелерин чечүүгө таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү, билимдери жана технологиясы бар. Дал ошондуктан БУУ ВПП бизнес сектор менен өнөктөш мамилелерди өнүктүрүүнү артыкчылыктуу маселе деп эсептейт, - деп белгиледи БУУ ВППнын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Рам Сараванамутту. – Биз PepsiCo Фонду менен биргелешкен долбоорубуз Кыргыз Республикасынын болочок муунун өнүктүрүүгө багытталган майнаптуу социалдык өнөктөштүктүн үлгүсү болуп берет деген үмүттөбүз”.