ЮНИДО долбоорунун Консультативдик кеңешинин кезектеги отуруму өттү

UNCT-KG_UNIDO-consultancy

Бишкек, 2016-жылдын 10-ноябры – Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (ЮНИДО) “Жумуш орундарын түзүү жана ишкерчиликти колдоо максатында Кыргыз Республикасында экономикалык жактан эффективдүү курулуш материалдарынын өндүрүшүн өнүктүрүү” долбоорунун алкагында бүгүн Консультативдик кеңештин кезектеги отуруму өттү. Ага мамлекеттик мекемелердин, жеке сектордун жана илимий-билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Консультативдик кеңештин отурумунун жүрүшүндө долбоорду ишке ашырууда учурдагы прогресске байланышкан маселелер каралды. Анын ичинде жарым-жартылай пресстөө методу менен стабилдештирилген грунттан дубал блокторун өндүрүү, колдонулган дөңгөлөктөрдү, саман панелдерин, терможыгачты, накта койдун жүнүнөн теплоизоляцияланган материалды, накта була кошуу менен цемент черепицасын колдонуу менен кайра иштетилген тунуке материалдарын өндүрүү технологиялары боюнча долбоорду ишке ашыруунун учурдагы прогрессине байланышкан маселелер каралды. Муну менен инновациялык, экономикалык жактан эффективдүү жана экологиялык жактан таза курулуш материалдарын табуу аракети жасалууда. Бул материалдар жергиликтүү калктын, аны менен катар элет аймактарындагы жашоочулардын муктаждыктарын эсепке алуу менен аз кабаттуу жеке үйлөрдү куруу үчүн жергиликтүү чийки заттан жасалышы мүмкүн. Колдонуудагы сугат каналдарын ремонттоо жана коргоо үчүн долбоор “бетон боз кендири”, торкеттөө жана инъекциялык чайыр өңдүү технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

Долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири – Кыргыз-орус Славян университети (КОСУ). Мында долбоордун аракеттери университеттин архитектуралык-курулуш профилиндеги студенттерин – өлкөнүн болочок курулушчуларын окутууда окуу-техникалык потенциалын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Жакында эле аталган университеттин базасында үй шартында колго жасалган ылай кирпичке альтернатива катары жарым-жартылай пресстөө методу менен стабилдештирилген грунттан дубал блокторун өндүрүү үчүн жабдуу орнотулду. Бул жабдууну студенттер, курулуш материалдарын өнүктүрүү жаатында илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук жумуштар менен алектенген изилдөөчүлөр жана технологдор өз пайдасы үчүн колдоноору шексиз.

Долбоор калк, өнөр жай өкүлдөрү, жеке сектор, академиялык жана илимий чөйрө арасында жаңы курулуш материалдары жана технологиялары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга чоң маани берет. Бул максатта жакын арада КОСУнун базасында Демонстрациялык-технологиялык борбордун ачылышы пландалууда. Бул жерде борбордун коноктору курулуш материалдары жана үй куруу жаатында алдыңкы технологиялар жана практикалык бизнес чечимдер тууралуу маалыматтар менен таанышып, долбоордун жетишкендиктеринен кабар алып турушат.

Кыргыз Республикасындагы ЮНИДО Бюросунун жетекчиси Марат Усуповдун айтымында, бул долбоор 2016-жылдын 17-ноябрында өзүнүн 50 жылдыгын белгилей турган ЮНИДОнун кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждык жогору болгонун тастыктап турат.

Аталган долбоор 2014-жылдан бери Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу алдында жүзөгө ашырылып келатат. Анын максаты – жергиликтүү чийки базаны кеңири колдонуу менен инновациялык, экономикалык жактан эффективдүү жана экологиялык жактан таза курулуш материалдарын өндүрүүгө комплекстүү жардам көрсөтүү жана баары үчүн жеткиликтүү болгон турак жайларды куруу. Долбоор өлкөдөгү курулуш материалдар чөйрөсүндө алгачкылардын бири болуп эсептелет жана жакырчылыкты кыскартуу, глобализация менен экологиялык туруктуулукту илгерилетүү максатында жалпыга жана туруктуу өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ЮНИДОнун (ISID) мандатын активдештирүү, ишке ашыруу үчүн негиз түзүп берүүдө. Туруктуу курулуш материалдарын өндүрүүдө технологиялык чечимдерди киргизүүдөн тышкары долбоор пилоттук ирригациялык жана дренаж объекттерин калыбына келтирүүдө курулуш чийки затын жана технологияларды колдонуунун жергиликтүү потенциалын дагы аныктайт.